«Чектөөсүз 4G»

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

1 Mb GPRS/3G/4G интернет трафиктин наркы (тегеректөө кадамы 100 кб чейин)

0.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар

«Чектөөсүз 4G» тарифи - бул, эң жогорку ылдамдыктагы чектелбеген көлөмдөгү интернет!

Чыныгы чектөөсүз 4G Интернетти кошуңуз!

«Чектөөсүз 4G» тарифтик планын алкагында 4G түйүнүндөгү интернетке жеткинин максималдуу ылдамдыгы чектелген эмес, 2G жана 3G түйүндөрүндө чектелген (512 Кбит/с. чейин). 4G түйүнүн каптоо картасы 4g.megacom.kg баракчасында жеткиликтүү.

  • Абоненттик төлөм

    30 календарлык күн үчүн абоненттик төлөм

    1290.0
    сом.

    30 календарлык күн үчүн кызматты кошуу чеги

    1291.0
    сом.
  • Интернет-трафик

    1 Mb GPRS/3G/4G интернет трафиктин наркы (тегеректөө кадамы100 кб чейин)

    0.0
    сом.
  • Кирген чалуулар

    КР операторлорунун катталган номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    5.0
    сом.

    Аныкталбаган оператордун номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    3.0
    сом.

    Кирген эл аралык чалуулар жана КРдин мобилдик операторлорунун номурларынан кирген чалуулар (түз номурлар үчүн)

    0.0
    сом.

    Бардык кирген чалуулар түз эмес номурлар үчүн

    0.0
    сом.
  • Чыккан чалуулар

    «Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Салам» соода маркасынын номерлерине чыккан үн жана видео чалуулар,1 мүнөтү үчүн

    0.86
    сом.

    Кыргызстандын башка операторлорунун номурларына чыккан үн жана видео чалуулар

    4.5
    сом.

    Кыргызстандын катталган операторлорунун номурларына чыккан чалуулар

    5.0
    сом.

    Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуу

    «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланышына болгон тарифтөөсүнө ылайык.

    «880» кодунда  MegaCom номурларына чыккан үн жана видео чалуулар

    4.5
    Сом.
  • SMS

    Кыргызстандын байланыш операторлорунун номурларына жөнөтүлгөн SMS

    1.1
    сом.

    Эл аралык операторлордун номурларына жөнөтүлгөнг SMS

    «Эл аралык байланыш» кызматынын SMS-билдирүүлөр үчүн тарифтөөсүнө ылайык эсептелет.
  • Турбобаскыч

    4 ГБ Турбобаскычын бир жолку кошуунун наркы (4G LTE түйүнүндө гана)

    50.0
    сом.

Статусун текшерүү

*420#

Турбобаскычты кошуу

*290*1#

Турбобаскыч боюнча калдыкты текшерүү/Маалымат

*420#

Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафик MegaComдун 4G LTE түйүнүндө көрсөтүлөт. Төртүнчү муундагы түйүндүн каптоо картасы 4g.megacom.kg баракчасында жеткиликтүү. «Чектөөсүз 4G» тарифтик планын алкагында 2G жана 3G түйүндөрүндө интернеттин максималдуу ылдамдыгы чектелген (512 Кбит/с.).

Кыргыз Республикасы боюнча чалуулар 10 секундага чейин тегеректелет.

4G, 3G, GPRS-трафиктин тарифтөө кадамы – 100 КВ. Тегеректөө ар бир сессия аяктаган соң көбөйүү жагына жүргүзүлөт.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар мүнөтү менен тарифтелет. Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулардын наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланыш үчүн тарифтөөсүнө ылайык эсептелет.

Эл аралык операторлордун номурларына SMS-билдирүү жөнөтүү наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын SMS-билдирүүлөр үчүн тарифтөөсүнө ылайык эсептелет.

Чыккан жана кирген видео чалуулар, «Видеочалуу» кызматынын иштөө шарттарына ылайык чыккан жана кирген видеочалуулар MegaCom, Beeline жана О! абоненттеринин номурларына гана көрсөтүлөт. MegaCom, Beeline жана O! номурларына чыккан видеочалуунун наркы, тарифтик пландагы негизги тарифтөөдө үн чалуулар үчүн каралган наркка барабар (абонент үн чалууну же видеочалууну бирдей наркта аткара алат).

Баланста каражат жетиштүү болгон шартта, акыркы жолу эсептелген убакыттан тарта ар бир 30 календардык күн сайын абоненттик төлөм алынып турат. Эгерде абоненттик төлөмдү төлөө үчүн акча каражаты жетишсиз болсо, интернетке жетки чектелет.

Баланста жетиштүү суммага чейин толуктоодон кийин абоненттик төлөмдү эсептен алуу үчүн 10 мүнөт убакыт талап кылынат. Абоненттик төлөм ийгиликтүү алынып, топтом берилгенин текшерүү үчүн *420# буйруусун терүү зарыл.

«Чектөөсүз 4G» тарифинин шарттарына ылайык абоненттик төлөм алынаары тууралуу бир күн мурун 10:00дөн 19:00гө чейинки аралыктагы абоненттик төлөм алынаар күнү жакындаганы тууралуу SMS-эскертме жөнөтүлөт.

«Чектөөсүз 4G» тарифтик планына өтүү мүмкүн эмес.

«Чектөөсүз 4G» тарифтик планынан башка тарифке өтүүдө, интернетке чектөөсүз жетки өчүрүлөт.

USSD, SMS же операторлор аркылуу интернетке чектөөсүз жетки өчүрүлбөйт.

Түйүндүн ыңгайлуу иштөөсүн камсыздоо максатында MegaCom тармагында «трафикти адилеттүү колдонуу эрежеси» тажрыйбаланып келет. Эгерде эсептик мөөнөт аралыгында (акыркы абоненттик төлөм алынган күндөн тарта) абонент тынымсыз чоң көлөмдөгү интернет трафикти жүктөсө жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздык жаратса, тармак учурдагы сутка аяктаганга чейин Интернетке жеткинин ылдамдыгын төмөндөтөт.

30 күнгө берилүүчү «Чектөөсүз 4G тарифтик планынын алкагында, активдештиргенден же кезектеги жолу узарткандан кийин берилген алгачкы 10 гигабайт интернеттин ылдамдыгы чектелбейт. Жогоруда көрсөтүлгөн трафиктин көлөмүнөн ашып кеткен учурда – суткасына алгачкы 2 гигабайт максималдуу ылдамдыкта берилет. MegaComдун бардык кардарлары үчүн түйүндүн ыңгайлуу иштөөсүн камсыздоо максатында, жогоруда көрсөтүлгөн көлөм сарпталгандан кийин интернет-трафиктин ылдамдыгы төмөндөшү мүмкүн.

Р2Р (торенттер) файл алмашуу түйүндөрүнөн жүктөөнүн максималдуу ылдамдыгы 512 Кбит/с. чектелген, ошондой эле Компания ылдамдыкты 192 Кбит/с. чейин төмөндөтүшү мүмкүн.

«Чектөөсүз 4G» тарифтик планынын шарты боюнча акысыз интернет трафик роумингде жеткиликтүү эмес.

4 ГБ турбобаскычы 4G түйүнүндө учурда төлөнгөн мөөнөттүн аягына чейин аракетте болот.

Акы төлөнүүчү кызматтарынан 180 же андан ашык календардык күндүн аралыгында пайдаланбаган учурда, абоненттин номуру өчүрүлөт жана балансындагы акча каражаттарынын калдыгы жокко чыгарылат.

30 күнгө берилүүчү  «Чектөөсүз 4G» тарифтик планынын алкагында, активдештиргенден же кезектеги жолу узарткандан кийин берилген алгачкы  10 гигабайт интернеттин  ылдамдыгы чектелбейт.  Жогоруда көрсөтүлгөн трафиктин көлөмүнөн  ашып кеткен учурда  – суткасына алгачкы 2 гигабайт максималдуу ылдамдыкта берилет. MegaComдун бардык кардарлары  үчүн түйүндүн ыңгайлуу иштөөсүн камсыздоо максатында, жогоруда көрсөтүлгөн көлөм сарпталгандан кийин интернет-трафиктин ылдамдыгы төмөндөшү мүмкүн.

Абоненттик төлөмү КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн. Башка баалар КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.

Абоненттердин урунуу циклына ылайык абоненттик номур «активдүү режимде»  болгон учурда абонентке байланыш кызматтарына жетки берилет.


«Чектөөсүз 4G» тарифтик планында бир катар жеткиликтүү болгон жана жеткиликтүү болбогон опциялар жана кызматтар бар.

Сунушталган кызматтар

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • Ишенимдүү төлөм

    кызматы

  • Футбол порталы

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы