Чектөөсүз
онлайн-сервистер

Трафик сарптабайт

Уникалдуу
байланыш
кызматтары

Сарпталган каражаттарды жана
түйүндөн тышкары мүнөттөрдү
эсептебей эле койсоңуз болот!
Түйүн ичинде
акысыз
чалуулар
жана SMS
О! жана Beeline
түйүндөрүнө
60 мүн.
Турбобаскыч
жарым баасында
*505
Справочная Акысыз
100 ГБ трафик
ылдамдыгы
чектөөсүз
999*V*0ҮҮҮХХХХХХ# чалуу буйруусунун жардамы менен 90 Гигабайтка чейин MegaCom компаниясынын каалаган жеке абонентине белекке берүү мүмкүнчүлүгү, бул жерде V – белекке берилүүчү трафиктин көлөмү, 0YYYxxxxxx – трафикти алуучу-абоненттин номуру
Бардыгы тарифке
кошулган
Баарлаш
Ук
Көр
Сүйүктүү тиркемең
трафикти үнөмдөй
алат
Трафиги чектелбеген тиркемелердин тизмесин
сенин тиркемең да толукташы мүмкүн
Суроолор жана жооптор
Bravo тарифине кайсы тиркемени кошууну каалайт элеңиз?
Тиркеменин аталышын көрсөтүү жетиштүү жана биз аны тарифке кошуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөбүз.
Суроолор жана жооптор
  • BRAVO тарифтик планына кантип кошулууга болот?

    Аталган тарифке Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда кошулууга болот. Тарифке *303*58*1#чалуу (акысыз) буйруусунун жардамы менен абоненттик төлөмдү (календардык ай үчүн 990 сомго барабар) милдеттүү түрдө төлөө менен өтүүгө болот.

    Абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу чеги 991 сомго барабар.

    «BRAVO» тарифтик планына «ХАЙП» тарифтик планынан башка бардык алдын ала төлөнүүчү жеке тарифтик пландарынан өтүүгө болот.

  • Тарифтик пландын негизги шарттары?

    990 сомго барабар болгон айлык абоненттик төлөм үчүн, абонентке бир календардык айдын ичинде төмөндөгүлөр берилет:

    • Сутка сайын түйүн ичинде берилүүчү чектөөсүз чалуулар (1440 мүнөт) жана SMSтер
    • Түйүндөн тышкары 60 мүнөт (О! жана Билайн мобилдик операторлорунун номурларына)
    • YouTube үчүн чектөөсүз интернет
    • Социалдык тармактардын тобуна чектөөсүз интернет:
      • Instagram + IG TV
      • Facebook + FacebookMessenger
      • Вконтакте + BOOM
      • Одноклассники
    • Мессенджерлер тобуна чектөөсүз интернет:
      • WhatsApp
      • Telegram
    • Фильм сайттарына чектөөсүз интернет:
      • www.ts.kg
      • www.oc.kg
    • Музыкалык сервистер тобуна чектөөсүз интернет:
      • YandexMusic
      • Ла-ла Music + ушул сервиске жазылуу
    • 100ГБ жана башкалар үчүн (ылдамдыкты чектөөсүз) – MegaCom компаниясынын алдын ала төлөө формасында тейленген жеке абоненттерине белекке берүү мүмкүнчүлүгү менен негизги топтом( 90 гигабайтка чейин).
    Тарифтик пландын негизги шарттары:
    Абоненттик төлөм төлөнгөн шартта түйүн ичиндеги чалуулар жана SMSтер (сутка сайын 1440 мүнөт жана чектелбеген сандагы SMS) Акысыз
    Абоненттик төлөм төлөнгөн шартта КРдин мобилдик номурларына чалуулардын бир айдагы алгачкы 60 мүнөтү Акысыз
    Абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда MegaCom номурларына чыккан чалуулар, сом. 1,00
    Абоненттик төлөм төлөнбөгөн/көлөмдөр сарпталган учурда КР боюнча мобилдик номурларга чыккан чалуулар, сом. 3,80
    КРдин катталган номурларына чыккан чалуулар, сом. 5,80
    КРдин мобилдик номурларына чыккан SMS, сом. 1,00

    Чалуулардын тарифтөөсүнө баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн. КР боюнча чалуулардын тарифтөө кадамы – 10 секунда.

    Топтомдордон тышкары интернет берилбейт. Абоненттик төлөм төлөнбөгөн учурда тарифтик пландын үн жана SMS кызматтары үчүн негизги шарттары күчүнө кирет, интернет үчүн бөгөт коюлат. Календардык айдын ичинде интернеттин негизги көлөмү сарпталган учурда интернеттин ылдамдыгы чектелиши мүмкүн. Бул учурда он-лайн сервистер үчүн чектөөсүз топтомдор толук кандуу аракетте болот.

    BRAVO тарифтик планынын кошумча мүмкүнчүлүктөрү: негизги интернет-трафиктин бөлүгүн жакындарга белекке берүү ( USSD аркылуу), тарифтик планга акысыз өтүү, негизги интернет-топтомду 500 сомго сатып алуу, номерди биринчи жолу акысыз алмаштыруу жана *505 номерине акысыз чалуулар.

    * Ушул тарифтик план менен SIM-картаны активдештирүүдө 14 күн акысыз көрсөтүлүүчү «Мобилдик айлык акы» кызматы автоматтык түрдө кошулат. SIM-картаны активдештирүү учурунда кошулган кызмат тууралуу SMS- билдирүү келет. 15-күндөн тарта «Мобилдик айлык акы» кызматы стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.

  • BRAVO ТП боюнча USSD буйруулар
    Шарты USSD буйруу
    Турбобаскыч 100 ГБ кошуу (белекке берүү үчүн жеткиликтүү эмес).
    Турбобаскычтын аракет мөөнөтү абоненттик төлөм төлөнгөн учурда алынган негизги топтомдун аракет мөөнөтүнө барабар.
    *999*2#
    Интернетти белекке берүү *999*V*0XXXyyyyyy#, Бул жерде: V – белекке берилүүчү ГБ көлөмү ( 5ке бөлүнө турган санда) ;
    0XXXyyyyyy – интернетти белекке алуучу абоненттин номуру.
    Белек топтомдорунун көлөмдөрун текшерүү *999*1#
    Негизги топтомдун калдыктарын текшерүү *505#
  • Досума гигабайттарды кантип белекке бере алам?

    Сиз интернет-трафикти MegaCom компаниясынын алдын ала тейлөө формасында тейленген жеке абоненттерине акысыз белекке берсеңиз болот. Сизге *999*V*0YYYxxxxxx#чалуу буйруусу жардамга келет, бул жерде V – белекке берилүүчү ГБ көлөмү ( 5ке бөлүнө турган санда). Белекке берилүүчү минималдуу көлөм = 5 ГБ, максималдуу = 90 ГБ. Интернет-трафикти белекке берүү үчүн абоненттердин саны шарттуу түрдө чектелбейт (жеткиликтүү болгон көлөмдөр боюнча гана чектелиши мүмкүн).

    Белекке берүүнүн эрежелери:

    • Тартууланган белекти кайтарууга мүмкүн эмес.
    • Сиз белек тартуулаган абонентке демилгечи жана белек тууралуу SMS-билдирүү аркылуу маалымдалат. Белек топтомунун калдыгын *999*1#чалуу буйруусу аркылуу текшерүүгө болот
    • Белектин аракет мөөнөтү белектин демилгечиси тарабынан абоненттик төлөм төлөнгөндө кошулган негизги топтомдун аракет мөөнөтүнө барабар.
    • Абонент бир же бир нече абоненттен белек алса болот. Белек алуу анын активдүү белегинин бар экендигинен жана колдонулган көлөмдөн көзкаранды эмес. Б абонентине бир нече белек берилиши мүмкүн, бул учурда белек топтомдору белек берилген убакытка/датага жараша кезекке коюлат. Абоненттин эки белеги бар болуп, анын бири колдонууда, экинчиси кезекте болсо, экинчи белектин урунуу мөөнөтү ал колдонулганга чейин өтүп кеткен учур кездешүүсү мүмкүн.
    • Белектин демилгечиси тарифин алмаштырган учурда, белекке берилген гигабайттар жарактуу болуп эсептелет.
    • Турбобаскыч боюнча ГБ көлөмдөрү белекке берүү үчүн жеткиликтүү болбойт.
  • Топтомдун алкагында интернеттин көлөмү аяктады!

    Эмне кылуу керек? *999*2#буйруусун терип, 500 сомго 100 ГБ көлөмдөгү Турбобаскыч сатып алууга болот.
    Маанилүү: Турбобаскыч боюнча алынган ГБ көлөмдөрүн белекке берүүгө мүмкүн эмес.

  • Тарифтик пландын урунуу циклы кандай?

    Стандарттуу, аны менен шилтемеси аркылуу толук таанышыңыз.

  • BRAVO тарифтик планында ылдамдыкка кандай чектөөлөр бар?

    Бардык чектөөсүз он-лайн сервистер FUP саясатына ылайык абоненттер үчүн максималдуу ыңгайлуу ылдамдыкта көрсөтүлөт. Аталган тарифтик пландын алкагында 100 ГБ мүмкүн болушунча жогорку ылдамдыкта берилет.

  • Мен АТ төлөп, өз топтомумду алдын ала кайрадан кошуп алсам болобу?

    Топтомду алдын ала кайрадан кошуу каралган эмес, бирок Сиз тарифтик планыңызды тарифке өтүү учурунда жеткиликтүү болгон башка тарифтик планга которуп, абоненттик төлөмдү төлөө менен кайрадан BRAVO тарифине акысыз өтө аласыз же *999*2# буйруусун терип (500 сом), 100 ГБ Турбобаскычты кошуп алсаңыз болот.

  • Мен досторума Wi-Fi тарата аламбы?

    Жок, Wi-Fi таратуу аталган тарифтик пландын алкагында каралган эмес. Сиз өз интернет-трафигиңиздин кайсы бир бөлүгүн жакын адамыңызга белекке бере аласыз.