«SMS2Agent» жана «Agent2SMS»

Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат

Сиздин номуруңуздан түздөн-түз «Mail.ru Агент» социалдык тармактын колдонуучулары менен SMS-алмашуу 

тарифтик планына ылайык, кошумча төлөмдөр каралган эмес.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат

«SMS2Agent» жана «Agent2SMS» кызматы «Mail.ru Агент» жана MegaCom түйүнүнүн операторлорунун ортосунда кыска тексттик билдирүүлөр (SMS) менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет.

        

Кызмат көрсөтүү бардык коммерциялык тарифтик пландар (жеке жана корпоративдик) үчүн жеткиликтүү.

Кызматты пайдалануунун жолу:

SMS-билдирүүнү жөнөтүү үчүн баарлашуучу менен маектешүү терезесин ачкыла жана SMS кошумча баракчасына өтүңүз:

 

Эгерде маектешүүчүнүн бир да телефон номери берилбесе, Сизге «Телефон номерди киргизиңиз» деген сунуш берилет. Байланыш үчүн телефон номерлер анкетада берилет, бул үчүн «Номерлер жок» тизмесин тандап алып, андан соң «... телефон кошумчалоону» тандаңыз. Пайда болгон анкетанын «Негизги» тилкесине сиз телефон номерди киргизе аласыз. Номерди толугу менен – өлкөнүн жана уюлдук оператордун коду менен киргизүү керектигин эстен чыгарбаңыз. Мисалы: +996XXXYYYYYY, мында «XXX» - түйүндүн коду, «YYYYYY» - абоненттин номери.

Баарлашуучунун Сиз киргизген номери, Сиздин гана компьютерде сакталат, ал башка пайдалануучуларга жеткиликсиз болот.

Номерди киргизгенден кийин, баарлашуу терезесинде, SMS кошумча баракчада билдирүү жазыңыз.

«Автотранслит» желекчесине көңүл буруңуздар. Эгерде желекче орнотулбаган болсо, билдирүү Сиз тараптан киргизилген түрдө жөнөтүлөт. Эгерде желекче орнотулган болсо, орус тамгалары автоматтык түрдө латын тамгаларына өзгөртүлөт, ал, сизге, билдирүүнү болжол менен 3,5 эсеге узартууга мүмкүндүк берет.

Кошулуу

0.0
сом.

Абоненттик төлөм

0.0
сом.

1946 жана 1947 кыска номерлерине бир SMS-билдирүүнү жөнөтүүнүн наркы

6.0
сом.

Уюлдук телефонго бир SMS-билдирүүнү алуунун наркы

0.0
сом.

Кызматты кошуу жеткиликтүү эмес.

SMS-билдирүүгө чектөөнүн болгондугуна байланыштуу, Сиз латын тамгасы менен 142 жана орус тамгасы менен 42 белгиден ашык киргизе албайсыз. «Запаста калган» белгилердин саны, киргизүү тилкесинин жогору жагында көрсөтүлгөн.

Билдирүү тексттери, кадимки тексттердей эле, архивде сакталгандыгына байланыштуу, Сиз, кандай жана канча билдирүү жөнөткөндүгүңүздү көрө аласыз.

Сиз менен маектешип жаткан адам, сизге кадимки эле SMS-билдирүүгө жооп бергендей жооп жаза алат. Жооптун тексти Сиздин Mail.Ru Агентиңиздин баарлашуу терезесинде пайда болот. Жооп катары келген SMS-билдирүүнүн наркы MegaCom түйүнүнүн абоненттери үчүн бардык кошумча нарк салыгы жана сатык салыктарын эске алуу менен 6 сомду түзөт.

Mail.Ru Агенти аркылуу жөнөтүлүүчү акысыз SMS-билдирүүнү SMS-спам жөнөтүү үчүн пайдаланбоо үчүн программага айрым чектөөлөр киргизилген:

  • Мүнөтүнө 1 билдирүүдөн ашык эмес.
  • Бир IP-даректен суткасына 250 билдирүүдөн ашык эмес.
  • Почта кутучалары боюнча чектөө (Агенттин колдонуучуларына):

Сунушталган кызматтар

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • «Сиздин мобилдик эсебиңиз»

    кызматы

  • «Номурду аныктабоо +»

    кызматы

  • «Спорт порталы» жана «Футбол порталы»

    кызматы