«Киоск»

  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

"Киоск" (http://kiosk.megacom.kg/) − бул алдыңкы басмаканалардын популярдуу журналдарын окуунун заманбап ыкмасы, гаджетиңиздеги журналдар китепканасы. Каалаган убакта жеткиликтүү жана жаныңызга алып жүрүүгө ыңгайлуу. Сүйүктүү журналдарыңыздын салмагы телефондон ашпайт.

Бул кантип иштейт?
Бир эле журнал менен чектелбестен, сизге эмне жакса, баарын окуй аласыз. Жаңы басылмалар жана буга чейин басылып чыккан журналдар – бардыгы Сиз үчүн. Ар түрдүү мазмундагы журналдар топтомун барактап, саясат, мода, искусство, билим, илим жана спорт дүйнөсүнө саякаттаңыз. Мындан тышкары, айымдардын жана мырзалардын, автоунаа сүйүүчүлөрдүн, илимдин кенин издеген илимпоздордун, көркөм өнөр, кол өнөрчүлүк жана башкалар менен алектенгендердин көңүлүнө төп келе турган кызыктуу журналдарды, илимий-популярдуу басылмаларды табууга болот.

Кошуу

0.0
сом.

Абоненттик төлөм

3.5
сом.

Кошуу чеги

3.6
сом.

Жазылуу

*4021*1#

Өчүрүү

*4021*0#

Статусту текшерүү

*4021#

1. Кызматты кошуу
1.1. Кызматты кошуу үчүн Абонент Оператор тарабынан белгиленген Интерфейстер аркылуу Кызматка Тапшырык берет. Кызматты кошуу үчүн  Интерфейстер тууралуу   маалыматты Оператордун  www.megacom.kg сайтынын «Кызматтар» бөлүмүнөн, Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан  же  Оператордун маалымат кызматынын *500 номери аркылуу алууга болот.
1.2. Абонентке байланыш кызматтарын көрсөтүү Байланыш кызматтарын көрсөтүү келишиминде жана/же аракеттеги мыйзамда каралган тартипте токтотулган болсо, Абонент кызматты кошо албайт.
2. Кызмат көрсөтүү тартиби.
2.1. Кызмат Абонент кызматты кошкон учурдан баштап,  ушул шарттардын 3-бөлүмүндө  каралган ыкмалар менен кызмат көрсөтүүдөн Абонент баш тартканга чейин көрсөтүлөт.

2.2. Кызмат Абонент кызмат үчүн акы төлөп жаткан мезгилдин ичинде, Абонент кызматтан баш тарткан учурга чейин көрсөтүлөт.

3. Кантип өчүрүүгө болот?
*4021*0# USSD-буйруусун териңиз.
 4021 номерине “СТОП”/”STOP” тексти менен SMS жөнөтүңүз (регистр маанилүү эмес, буйрууну кабыл алууда бирдей түргө келтирилет).
4. Сервистин алкагында сервисти колдонуу үчүн берилүүчү интернет-трафиктин көлөмү жазылып катталган  абоненттер үчүн чектелбейт жана тарифтелбейт.
5. Абонент-жазылуучу роумингде болгон учурда интернет-трафик роуминг-өнөктөштүн шарттарына ылайык тарифтелет.
6. Бир телефон номерине бир гана сессияга уруксат берилет.


Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «Чоң Ага»

    кызматы

  • «Сени издейм»

    кызматы

  • «La-La Music»

    кызматы