Перейти на новый сайт


Маалыматтарды/факстарды кабыл алуу жана жөнөтүү (CSD)

  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«CSD» кызматы - бул бири-биринен алыс жайгашкан  терминалдардын (мобилдик телефондор, телефондор жана  SIM-картаны колдогон түзмөктөр) ортосунда  түз модемдик туташтырууну орнотуу аркылуу маалыматтарды аралыктан алмашуу мүмкүнчүлүгү. (Интернет түйүнүнө чыкпастан). Кызмат маалыматтарды 9600 бит/сек. ылдамдыкта өткөрүүнү шарттайт. (9,6 кбит/сек).

 «CSD» кызматы аркылуу Сизге мобилдик аппараттын жардамы менен факсимилдик билдирүүлөрдү кабыл  алып жана жиберсеңиз болот. Маалымат жөнөтүү интернетке чыгуусуз ишке ашырылгандыктан, Сиз маалыматты конфиденциалдуу алмашуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана аласыз.  Жөнөтүлгөн маалыматтардын түпнускасы да, көчүрмөсү да жөнөтүүчү менен кабыл алуучуда гана сакталат.

«CSD» төмөнкүдөй тартипте ишке ашырылат: абонентке  система тарабынан үн жиберүү үчүн колдонулуучу өзүнчө канал бөлүнөт. Мобилдик терминалга орнотулган модем  аркылуу маалыматтар «CSD»  каналынын жардамы менен жөнөтүлөт. Бул учурда маалыматтарды жөнөтүүлөрдүн  аралыгындагы убакытта канал бош болбойт.

Кызматты кошуу наркы

0.0
сом.

Туташтыруучу каналдар боюнча маалымат өткөрүүнүн тарифтелиши, 1 мүнөт үчүн (тарифтөө мүнөтүнө)

2.0
сом.

Кызматты кошуу чеги

30.0
сом.

Кызматты өчүрүү чеги

0.0
сом.

Төмөн баланс тууралуу кабарлоо чеги

10.0
сом жана андан төмөн.

Кызматты кошуу жана өчүрүү:

- Корпоративдик абоненттер үчүн уюмдун жетекчисинин же ишенимдүү жактын колу коюлган кардардын арызы боюнча;

- Жеке абоненттерге абоненттин арызы боюнча жүргүзүлөт.

Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Үн почтасы»

    кызматы

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы