MegaCom'дон «Роумингдеги кайтарым чалуу»

Роумингде болсоңуз да, Кыргыстанга ыңгайлуу баа менен чалуу аткарыңыз

Кыргызстанга чыккан роуминг чалуулары кирген чалуулардын наркы боюнча

роуминг тарифтөөсүнүн шартына ылайык.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Кыргызстанга чыккан чалуулардан 90%га чейин үнөмдөө

Кызмат роумингдеги абонентке Кыргызстан багытына чыккан роуминг чалууларды кирген чалуулардын наркы боюнча аткарууга шарт түзөт. Кызматтан MegaCom компаниясынын бардык абоненттери акысыз пайдалана алышат.

Чалуунун алгоритми:

Жеңилдетилген тарифтөө менен Кыргызстанга чалуу үчүн номурду *113*996 абоненттин номуру# форматында терүү зарыл. Номурду жогоруда көрсөтүлгөн форматта терүүдө Кыргызстанга чалуу тууралуу табыштама түзүлүп, абонентке төмөндөгүдөй мазмундагы билдирме келет: «Сиздин табыштамаңыз кабыл алынды. Чалууну күтүңүз». Андан соң абонент Кыргызстандын абоненти менен байланыштыра турган кирген чалууга жооп бериши керек.

Роуминг кызматтарынын тарифтерине ылайык чыккан чалууну кирген чалуунун наркы боюнча аткаруу

.

Номурду терүү эрежеси

*113*996 [оператордун коду, телефондун номуру]#

Мисалы

*113*996555500000#

Кызмат абонентте кошулган Кийин төлөнүүчү же Алдын ала төлөнүүчү роуминг кызматтарынын алкагында роуминг каптаган бардык өлкөлөрдө жеткиликтүү. Үй тармагында кызматтан колдонууга мүмкүн эмес.

Демилгечи-абонентте Кыргызстанга чыккан чалуу роумингдеги кирген чалуу катары тарифтелет.

Кызмат боюнча кирген чалууну кабыл алган абонентте тарифтик планынын шартына ылайык кирген чалуу катары тарифтелет.

Кызмат кыска номурлардан тышкары, Кыргызстандын бардык катталган жана уюлдук байланыш операторлорунун номурлары үчүн күчүндө болот.

Кызмат MegaComдун бардык тарифтик пландарында жеткиликтүү.

«Роумингдеги кайтарым чалуу» кызматын жана «Үнөмдүү роуминг» тарифтик опциясын бир учурда колдонуу мүмкүн эмес.

Туура эмес тарифтөөнүн алдын алуу үчүн,  роумингге чыгаар алдында кайра даректөө базасында иштеген бардык кызматтарды, жана да телефон аппаратындагы  кол түрүндөгү кайра даректөөнү өчүрүү сунушталат.


Сунушталган кызматтар

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Интернет роуминг»

    кызматы

  • «SMS 25» топтому роумингде

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы