Mega iTV

Санариптик телекөрсөтүү ар дайым жаныңда
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Mega iTV сервисин кошуп алыңыз – кайсы жерде болбосун жана каалаган учурда мобилдик тиркеме аркылуу санариптик телеберүүнү онлайн көрүңүз жана радиону онлайн угуңуз!

Кызматты кошуу үчүн:

  • Телеканалдардын топтомун кошуңуз:
    • Базалык - 70 телеканалдар - *710*1# (3 күн акысыз көрүү*);
    • Light - 40 телеканалдар - *710*2#;
    • Premium - 140 телеканалдар - *710*3#
  • Mega iTV мобилдик колдонмосун App Store же Google Play мобилдик колдонмолор дүкөнүнөн жүктөп алып, орнотуңуз;
  • Мобилдик колдонмону ишке киргизип, MegaCom номуруңузду 055Ахххххх форматында териңиз жана буга чейин SMS боюнча алган паролду киргизиңиз;
  • Түзүлгөн аккаунтту ачып, телеберүүлөрдү көрүүдөн ырахат алыңыз!

 

Mega iTV колдонмосунун өзүңүзгө ылайык келген  версиясын жүктөп алыңыз:

  

*Базалык телеканалдардын топтомун алгачкы жолу кошууда 3күн акысыз көрүү бонусу берилет. 
 «Mega iTV» сервиси (телерадиоканалдарды жайылтуу) «Акнет» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. 

"Базалык" телеканалдардын топтому боюнча абоненттик төлөм

5.0
сом/күн.

"Light" телеканалдарынын топтому боюнча абоненттик төлөм

3.0
сом/күн.

"Premium" телеканалдарынын топтому боюнча абоненттик төлөм

7.0
сом/күн.

"Базалык" телеканалдардын топтомун кошуу

*710*1#

"Light" телеканалдарынын топтомун кошуу

*710*2#

"Premium" телеканалдарынын топтомун кошуу

*710*3#

Статусту текшерүү

*710#

Аракеттеги топтомду өчүрүү

*710*0#

Жашырын сөздү (паролду) алмаштыруу

*710*5#
  • Сервис «Башат» жана «Базалык» тарифтериндеги абоненттерден тышкары бардык MegaCom абоненттери үчүн жеткиликтүү.
  • Mega iTV көрүү:
    • абонент тарабынан төлөнүүчү интернет-трафик сарпталбайт;
    • Интернет түйүнүнө кошулган учурда жеткиликтүү;
    • Роумингде жеткиликтүү эмес.
  • Радио Базалык жана Premium топтомдорунда жеткиликтүү
  • Бир каттоо жазуусу аркылуу мобилдик  телекөрсөтүүнү бир эле учурда бир нече түзмөктөн көрүүгө мүмкүн эмес.
  • Аракеттеги логинди жана паролду колдонуу менен кызмат кошулбаган номурдан Mega iTV көргөн учурда  интернет-трафиктин тарифтөөсү тарифтин же кошулган опциянын шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
  • Номурду алмаштырууда логин катары абоненттин жаңы номуру колдонулат. «Чалууларды жана SMSтерди чектөө» же  «Тыным» кызматтарын кошкон учурда Mega iTV автоматтык түрдө өчүрүлөт.
  • БазалыкLight жана Premium топтомдорун бир учурда кошууга мүмкүн эмес. Жаңы топтомду кошуу буйруусун терүү аракеттеги топтомдун өчүп калуусуна алып келет. Телекөрсөтүү кызматтары «Акнет» ЖЧК менен түзүлгөн келишимдин негизинде көрсөтүлөт. Каналдардын тизмеси маалымат берүү формасында  берилген, жана да саны жана мазмуну боюнча алдын ала маалымдоосуз өзгөрүшү мүмкүн. MegaCom компаниясы телевизиондук контент жана каналдарды трансляциялоо укуктук негиздери үчүн жооптуу эмес. Телеберүү  кызматтарын укуктук жана техникалык камсыздоо суроолору боюнча укук ээлери жана башка жактар «Акнет» ЖЧКга кайрылышса болот.
  • Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

Сунушталган кызматтар

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы

  • «Даректөөгө тыюу салуу»

    кызматы

  • «MegaCom смартфондору»

    кызматы

  • Background Music

    кызматы

    icon