«Ким чалды?»

Кабыл алынбаган чалуулуарыңыз боюнча ар дайым кабардар болуңуз
«Ким чалды» кызматы боюнча каалаган билдирүү режимди кийинки опциялардан таңдаңыз: жооп берилбеген чалуулар, Сизге чалган абоненттерге автоматтык түрдө маалымдоону кабыл алуу же жооп берилбей калган чалуулар тууралуу маалымдоонун персоналдаштыруу.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Сиздин телефон өчүрүлгөн же түйүн иштебеген жерде болсоңуз, сизге чалуу аткарган номурлар боюнча ар дайым кабардар болуңуз

Сизге чала албай жаткан абоненттерге Сиз кайра байланышка чыккандыгыңыз тууралуу автоматтык түрдө маалымат бере аласыз ( опция MegaCom түйүнүндө гана иштейт).

Абоненттер «Ким чалды» кызматы аркылуу SMS-билдирүүлөрдү алган учурда жөнөтүүчүнүн номуру «Kto zvonil» болуп жазылып келет.

Сизге чалган абоненттердин телефон номуру жана чалган убакыты жөнүндө маалымат Сиз мобилдик телефонуңузду күйгүзгөндө же Сиз түйүн иштеген аймакка келгенде SMS-билдирүү аркылуу маалымадалат.

Жооп берилбеген чалуулар тууралуу маалымдамада сизге Кыргыз Республикасынын каалаган номурунан чалган абоненттер тууралуу маалымат аласыз.

Персоналдаштыруу

Телефонуңуз өчүрүлгөн же сиз түйүн иштебеген аймакта жүргөн учурда сизге чалгандар болсо, ал тууралуу билдирүүнү сизге чалган абоненттин номеринен аласыз.

Эгер абоненттин номуру сиздин телефондо жазылган болсо, жиберүүчү деген жерден анын аты-жөнүн көрөсүз. Эми сизге ким чалды болду экен деп ойлонбойсуз.

Так эле ошондой, сиз мурда чалып сүйлөшө албай койгон абонент кайра байланышка чыккан учурда, сиз ал тууралуу ошол абоненттин атынан билдирүү аласыз.

 

Кызматты көрсөтүү наркы

0.0
сом.

  • USSD-буйруу

    Жооп берилбеген чалуулар жөнүндө билдирүүлөрдөн баш тартуу

    *200*1#

    Жооп берилбей калган чалуулар жөнүндө билдирүү алууга уруксат берүү 

    *200*2#

    Сизге чалган абоненттерди автоматтык түрдө маалымдоону өчүрүү 

    *200*3#

    Сизге чалган абоненттерге автоматтык түрдө маалымдоо жөнөтүүнү иштетүү 

    *200*4#

    Сизди сизге чалган абоненттер тууралуу маалымдоону өчүрүү

    *200*5#

    Сизди сизге чалган абоненттер тууралуу маалымдоону иштетүү 

    *200*6#

    Жооп берилбей калган чалуулар тууралуу маалымдоону персоналдаштыруу режимин иштетүү

    *200*7#

    Баштапкы режимге кайрылуу үчүн («Ким чалды?» келген билдирүүлөрүндө сизге чалган бир же бир нече абоненттеринин номери):

    *200*0#

    Кызматтын абалын билүү

    *200*8#

    Кызмат тууралуу кыскача маалымат алуу үчүн бош билдирүү жөнөтүш керек

    *200#
  • SMS-буйруу

    Жооп берилбеген чалуулар тууралуу билдирүү алуудан баш тартуу

    SMS «1» 200 номуруна

    Жооп берилбей калган чалуулар жөнүндө билдирүү алууга уруксат берүү

    SMS «2» 200 номуруна

    Сизге чалган абоненттерге автоматтык түрдө маалымат жөнөтүүнү өчүрүү

    SMS «3» 200 номуруна

    Сизге чалган абоненттерге автоматтык түрдө маалымдоо жөнөтүүнү иштетүү

    SMS «4» 200 номуруна

    Сизди сизге чалган абоненттер тууралуу маалымдоону өчүрүү

    SMS «5» 200 номуруна

    Сизди сизге чалган абоненттер тууралуу маалымдоону иштетүү

    SMS «6» 200 номуруна

    Жооп берилбей калган чалуулар тууралуу маалымдоону персоналдаштыруу режимин иштетүү

    SMS «7» 200 номуруна

    Кызматтын абалы

    SMS «8» 200 номуруна

    Стандарттык режимди тандоо

    SMS «0» 200 номуруна

Жооп берилбей калган чалуулар тууралуу билдирүүлөр сиз тандаган төрт тилдин биринде келет (кыргыз, орус, өзбек, англис).

Тейлөө тилин алмаштырганда «Ким чалды?» кызматтында тейлөө тили 5 мүнөтүн ичинде алмашат. 

Сиз телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда кызматтан пайдалансаңыз кее бир уюлдук телефондордун дисплейинде даректи алмаштыруу иштетилгендиги жөнүндө маалымдоочи белги пайда болушу мүмкүн:

«Ким чалды?» кызматы сөзсүз даректи алмаштыруу же болбосо жооп берилбесе даректи алмаштыруу активдештирилбеген болсо гана иштейт. Сиз кайсы бир телефондук номурга даректи алмаштырууну койсоңуз «Ким чалды?» кызматы иштебейт (дарегин өзүнүн Үн почтасына алмаштыруудан башкасы). Кызматты иштетүү үчүн Сиз мурда койгон даректи алмаштыруу кызматын өчүрүшүңүз керек.

«Ким чалды?» кызматынан баш тартуу үчүн SMS же USSD-сурам аркылуу 1, 3, 5 буйруктарынан пайдалансаңыз болот.

Стандарттык режимде:
Жооп берилбеген чалуулар тууралуу билдирүү алуу - кошулган.
Сизге чалган абоненттерден автоматтык маалымдоо - кошулган.
Сизге чалган абоненттерди автоматтык түрдө маалымдоо - өчүрүлгөн.

Кызмат абоненттерге стандарттык режимде кошулат.

A абонентинде чалып жаткан абоненттерден автоматтык маалымдоо иштетилген. 
B абонентинде сизге чалган абоненттерди автоматтык маалымдоо иштетилген.
B абонентинин уюлдук телефону өчүрүлгөн. А абоненти B абонентине телефон чалат. Вабоненти телефонун күйгүзгөндөн кийин A абонентине В абоненти байланышка чыккандыгы жөнүндө SMS-билдирүү ЖӨНӨТҮЛБӨЙТ.

Туура эмес тарифтөөнүн алдын алуу үчүн,  роумингге чыгаар алдында кайра даректөө базасында иштеген бардык кызматтарды, жана да телефон аппаратындагы  кол түрүндөгү кайра даректөөнү өчүрүү сунушталат.


Сунушталган кызматтар

  • Роумингдеги абоненттер үчүн маалымат

    кызматы

  • «Телефон чал!»

    кызматы

  • «Мегажардамчы» мобилдик колдонмосу

    кызматы

  • «SMS2Agent» жана «Agent2SMS»

    кызматы