«Үн почтасы» кызматы
- Сүрөттөлүшү
- Наркы жана тарифтөөсү
- Башкаруу буйруулары
- Эрежелер жана чектөөлөр
«Үн почтасы» кызматы
Телефонуңуз өчүк, бош эмес же аймактан тышкары болсо дагы, маанилүү билдирүүлөрдү өткөрүп жибербеңиз. «Үн почтасы» кызматы абоненттерге кайсы учурда болбосун, үн билдирүүлөрүн алууга мүмкүнчүлүк берет. Түзмөгүңүз тармакта кайрадан жеткиликтүү болгондо, калтырылган билдирүүлөрдү толугу менен акысыз уга аласыз.
Артыкчылыктары:
- Акысыз угуу: Кызматты кошуп алган бардык абоненттер үн билдирүүлөрүн кошумча төлөмсүз уга алышат.
- Ийкемдүү шарттар: Маанилүү маалыматты алууга болот жана эң узак билдирүү 1 мүнөттү, эң кыска билдирүү 3 секунданы түзөт.
- Сыйымдуу үн кутучасы: Бир эле учурда 20га чейин билдирүүлөрдү сактаңыз. Эски жазуулар чекке жеткенде автоматтык түрдө өчүрүлөт.
- Узак мөөнөттүү сактоо: Үн билдирүүлөрү 7 күнгө чейин сакталып, аларды угууга убакыт жетиштүү болот.
«Үн почтасы» кызматын кошуп алыңыз жана ар дайым байланышта болуңуз!
Кошуу |
0.0
сом.
|
Абоненттик төлөм |
0.0
сом.
|
Үн почтасын угуу |
0.0
сом.
|
Өчүрүү |
0.0
сом.
|
«Үн почтасын» кошуу |
*200*2*1#
|
«Үн почтасын» өчүрүү |
*200*2*0#
|
Кызмат тууралуу кыскача маалымат/ Статус |
*200#
|
«Үн почтасын» угуу |
*200
|
• Кызмат жеке жана корпоративдик абоненттер үчүн жеткиликтүү.
• Кызмат төмөнкү тарифтерди кошуп алган абоненттер үчүн жеткиликтүү эмес: «Wi-Fi роутер», «Чектөөсүз 4G Wi-Fi», «Үй интернети», «МегаБит», «СуперЧектөөсүз 4G», «Акылдуу түзмөктөр».
• «Үн почтасы» кызматы роумингде көрсөтүлбөйт.
• «Старт» жана «Стандарт» тарифтеринде, А абоненти В абонентине үн билдирүүсүн калтырып жатканда, 4-секундадан тарта тарифтелет жана тармак ичинде чыгуучу чалуунун баасы боюнча А абонентинен алынат.
• «Үн почтасы» кызматын өчүрүүдө, үн кутусу толугу менен тазаланат жана үн файлдары сакталбайт.