«Балдар үчүн Интернет»
Өз балдарыңыздын Интернет түйүнүндөгү аракеттерин көзөмөлдөө жана шектүү мазмундагы Интернет булактарына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө |
10.0 сом Абонент-Ата же Эненин балансынан. |
- Сүрөттөлүшү
- Наркы жана тарифтөөсү
- Башкаруу буйруулары
- Эрежелер жана чектөөлөр
Көңүл бургула, бул архивдеги кызмат
«Балдар үчүн Интернет» кызматын кошуп, Сиз коопсуз Интернет жана корголгон булактары менен камсыз колдонууга шарт түзөсүз
«Балдар үчүн Интернет» кызматы ата-энелерге өз балдарынын дүйнөлүк Интернет түйүнүндөгү аракеттерин көзөмөлдөөгө жана шектүү мазмундагы интернет булактарына кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеп, алардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууга шарт түзөт.
Кызмат балдардын колдонуусу үчүн коопсуз болгон төмөндөгү категориялардагы сайттарды өз ичине камтыган «ак тизме» принциби боюнча иштейт:
- Маданият
- Оюндар
- Балдар үчүн сайттар
- Видеолорду жүктөө жана көрүү
- Компьютерлер жана технологиялар
- Жеке сайттар
- Билим берүү
- Спорт
- Көңүл ачуу
- Жалпы
- Эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо
Биз сунуштаган балдар үчүн сайттардын тизмеси: www.kostyor.ru, www.winxland.ru, www.solnet.ee, www.ladushki.ru,
www.teremoc.ru, www.nachalka.com, www.igrushka.kz, www.gamesforboy.ru,
www.chudesenka.ru, www.datagames.ru, www.datagames.ru, www.ru-kids.ru, www.pochemu-chka.ru,
www.marabaka.ru, www.karusel-tv.ru, www.rebzi.ru, www.razvivashki.ru, www.babylessons.ru, www.zaykinsait.ru.
Кызматты башкаруу:
Кызматты башкаруу процессинде эки тарап катышат:
- Абонент-Ата же Эне – өз баласы үчүн кызматты кошуу демилгечиси,
- Абонент-Бала – Атанын же Эненин каалоосу боюнча «Балдар үчүн Интернет» кызматына кошула турган абонент.
Кызматты кошуу үчүн минималдуу баланс |
11.0
сом.
|
Атасынын же Энесинин балансынан алынуучу кошуу наркы |
10.0
сом.
|
Күнүмдүк абоненттик төлөм |
0.0
сом.
|
Баланын номурундагы интернет-трафиктин ылдамдыгы жана тарифтөөсү |
кошулган кызматтардын шарттарына ылайык.
|
-
USSD-буйруу
Кызмат тууралуу маалымат
*345#Балага кызматты кошуу
жеткиликтүү эмесБаладан кызматты өчүрүү.
055Xxxxxxx – баланын номуру*345*2*055Xxxxxxx#Бала тараптан кызматты кошууну ырастоо 055Xxxxxxx – Ата же Эненин номуру
жеткиликтүү эмесКызматты өчүрүү
Бул буйрууну терүүдө профилдеги көзөмөлгө алынган балдардын бардык номурлары Атанын же Эненин профилинен өчүрүлөт*345*0#Ата же Эне үчүн көзөмөлгө алынган балдардын номурларынын тизмесин текшерүү
*345*1#Баланын көзөмөлгө алынган номуру кошулган Атанын же Эненин номурунун профилин текшерүү
*345*3#Номурду кызматка кошууга тыюу салуу
*345*11#Номурду кызматка кошууга тыюуну алып салуу
*345*22# -
SMS-буйруу
Кызмат тууралуу маалымат
SMS «INFO» 345 номурунаБалага кызматты кошуу
жеткиликтүү эмесБаладан кызматты өчүрүү
055Xxxxxxx – баланын номуруSMS «2 055Xxxxxxx» 345 номурунаБала тараптан кызматты кошууну ырастоо 055Xxxxxxx – Ата же Эненин номуру
жеткиликтүү эмесКызматты өчүрүү
Бул буйрууну терүүдө профилдеги көзөмөлгө алынган балдардын бардык номурлары Атанын же Эненин профилинен өчүрүлөтSMS «0» номуруна 345Ата же Эне үчүн көзөмөлгө алынган балдардын номурларынын тизмесин текшерүү
SMS «1» 345 номурунаБаланын көзөмөлгө алынган номуру кошулган Атанын же Эненин номурунун профилин текшерүү
SMS «3» 345 номурунаНомурду кызматка кошууга тыюу салуу
SMS «11» 345 номурунаНомурду кызматка кошууга тыюуну алып салуу
SMS «22» 345 номуруна
Кызматты кошуу үчүн акча каражат бала тараптан макулдук берилген учурда ата же эненин балансынан алынат.
«Балдар үчүн Интернет» кызматынын өзгөчөлүктөрү:
Кызмат алдын ала төлөө формасында тейленүүчү бардык жеке абоненттер үчүн жеткиликтүү.
Атасы же энеси көзөмөлдөнүүчү номурлардын тизмесине 10дон ашпаган номурду гана киргизе алат.
Атасы же энеси роумингде болгон учурда кызмат аракетте болуп баланын трафиги фильтрленет. Бала роумингде жүргөн учурда кызмат иштебейт.
«Балдар үчүн Интернет» кызматын «OperaMini менен Чексиз Интернет» тарифтик опциясы менен бирге кошууга мүмкүн эмес.
Атасынын же энесинин балансында каражат жетишсиз болгон (телефония, SMS, жана башка акы төлөнүүчү кызматтар өчүрүлгөн) учурда, «Балдар үчүн Интернет» кызматы өчүрүлөт. Бул учурда атасына же энесине өз балансын толуктоо зарыл, андан соң кызмат кайрадан аракетте болот.
Абонент бир эле убакытта Ата-Эне жана Бала боло албайт.
Бала Атасынын же Энесинин биринин гана тизмесинде боло алат.
«Балдар үчүн Интернет» кызматы кошулган баланын номурундагы интернет-трафиктин ылдамдыгы жана тарифтөөсү номурда кошулган кызматтарга/опцияларга/топтомдорго ылайык жүргүзүлөт.
«Кызматтын аракетин ишке киргизүү үчүн кызматты кошуудан кийин аракеттеги интернет сессияны токтотуп, жаңысын баштоо (б.а. топтомдук берилиштерди же баланын телефонун өчүрүп-жандыруу) зарыл. Башка учурда трафикти фильтрлөө иштебейт.
Кызмат соц.тармактарга (браузер жана колдонмолор аркылуу) жана айрым мессенжерлерге (WhatsApp жана Viber сыяктуу) болгон жеткиге бөгөт коёт. Ошол себептен, «Like» тарифтик планы 20 MBдан турган акысыз топтому социалдык тармактар үчүн иштебейт жана кызмат аталган тарифтин абоненттерине кошуу үчүн сунушталган эмес»
Эгерде Сизде аталган кызматтын иштөө сапатын мыктылоо же уруксат берилген балдар үчүн сайттардын тизмесине кошуу/алып салуу тууралуу сунушуңуз болсо, сураныч, detskiyinternet@megacom.kg дареги боюнча табыштамаңызды жөнөтүңүз.
Тарифтөөнүн аталган шарттарын ишке киргизүүдө, тарифтик опцияны кошкондон кийин, аракеттеги интернет-сессияны токтотуп жаңысын баштоо үчүн телефон аппаратыңызды өчүрүп-жандырууңуз зарыл. Болбосо, аракеттеги сессия үчүн мурдагы тарифтөө сакталып калат. Тиешелүү тарифтөөнү камсыздоо үчүн 60 секунда (1 мүн.) өткөндөн соң тарифтик опциядан пайдалана баштоону суранабыз».
-
Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү эмес опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү эмес опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү болбогон опциялар
-
Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү эмес опциялар жана кызматтар
-
Недоступные опции и услуги
-
Жеткиликтүү эмес кызматтар
-
Жеткиликтүү эмес опциялар жана кызматтар
-
Жеткиликтүү болбогон опциялар