«Баланс+»

Эгерде сиздин эсебиңиздеги каражаттарыңыз сарпталган болсо жана балансыңызды толуктоого мүмкүнчүлүгүңүз болбосо, «Баланс+» кызматын пайдаланыңыз
Каалаган колдонууңузду таңдаңыз
  • Сүрөттөлүшү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Аталган кызматтын жардамы менен балансыңызды белгиленген 10 сом өлчөмүндөгү каражат менен толуктап, зарыл чалууларды аткарып жана башка байланыш кызматтарынан пайдалана аласыз

Ишенимдүү төлөмдү эки жол менен алууга болот:

  1. Чалуу аткаруу учурунда баланста каражат жетишсиз болсо, сиз автомаалымдагычтын «Баланс +» кызматынан пайдалануу тууралуу сунушун угасыз. Ишенимдүү төлөм алууну тастыктоо үчүн «1» санын териңиз
  2. Сиздин балансыңыз 5 сомдон кем жана -9 сомдон жогору болгон учурда кызматтан USSD-буйруу аркылуу пайдалансаңыз болот

Ишенимдүү төлөмдү кайтаруу шарттары

Берилген төлөм ишенимдүү төлөм алынган убакыттан кийинки 2 сутканын ичинде балансты толуктаган учурда автоматтык түрдө алынат.

Эгерде Сиз балансты бөлүп толуктасаңыз (б.а. 12 сомдон кем суммага) ишенимдүү төлөм да бөлүгү менен кайтарылат.

Ишенимдүү төлөм 2 суткага берилет. Берилген топтомдун аракет мөөнөтү аяктаган соң баланстан 12 сом өлчөмүндөгү сумма алынат (анын ичинде 10 сом мурда берилген төлөм жана 2 сом – кызмат көрсөтүү үчүн комиссия).

Ишенимдүү төлөмдү кайтаруу баланстан көз карандысыз автоматтык түрдө ишке ашырылат.

«Баланс+» кызматын башкаруу

Абоненттин профили Шарттары
Жеке Келишимдик -
Жашырын Тейленүү мөөнөтү 30 күндөн ашуун.
Байланыш кызматтарынан 30 күндүн ичинде 100 сомдон ашык суммага пайдалануу.
 Корпоративдик  Алдын ала төлөөчү Бир жеке эсепте бир абонент.

 

  • USSD-буйруу

    10 сом өлчөмүндөгү ишенимдүү төлөмдү алуу

    *222*1#

    Кошуу

    *222*2#

    Өчүрүү

    *222*0#

    Абалын текшерүү

    *222#
  • SMS-буйруу

    10 сом өлчөмүндөгү ишенимдүү төлөмдү алуу

    SMS «01» номуруна 222

    Кошуу

    SMS «02» номуруна 222

    Өчүрүү

    SMS «00» номуруна 222

«Экинчи дем» кызматы боюнча карызынын болбогондугу.

«Баланс+» кызматы боюнча карызынын болбогондугу.

«Экинчи дем» кызматы боюнча автотолуктоого жазылбагандыгы.

«Даңк+» кызматы өчүрүлгөн.

Бир убакытта «Баланс+» кызматы боюнча 1 гана ишенимдүү төлөм алууга болот.

«Баланс+» кызматы боюнча карызы болгон учурда «Мобилдик которуу» кызматынан пайдаланууга мүмкүн эмес.

Кызмат роумингде жеткиликтүү эмес.


Сунушталган кызматтар

  • «Маанай»

    кызматы

    icon
  • FlirtBox

    кызматы

    icon
  • «I’m OK»

    кызматы

    im OK 1
  • «MegaComдон SMS-жөнөтмө»

    кызматы