«Mega БОНУС»

Балансыңыздан сарптаган ар бир сом үчүн жагымдуу бонустарды алыңыз

Сиздин ар айлык эсептөөлөрүңүздүн негизинде акысыз MegaCom түйүн ичинде мүнөттөр жана SMS, ошондой эле акысыз мегабайттар жана эл аралык мүнөттөрдү алуу

0.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«Mega БОНУС» бонустук программасы - ай сайын акысыз мүнөт, SMS жана MB

MegaCom «Mega БОНУС» программасын кошуу менен баарлашуунун акысыз мүнөттөрүн, SMS, интернет-трафиктин мегабайттарын же эл аралык мүнөттөрдү ай сайын алыңыз! MegaCom байланыш кызматтарынан канчалык көп пайдалансаңыз, ошончолук көп баллга ээ болосуз! Программага кошулуу акысыз. Программага кошулуп жаткан жаңы катышуучунун эсебине саламдашуу бонустары автоматтык түрдө берилет!

«Mega БОНУС» программасы боюнча маалыматты Сиз *550 номуру аркылуу күнү-түнү ала аласыз. MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз. 

Бонустук программанын шарттары

«Mega БОНУС» программасына кошулуу акысыз. Программага катталууда 30 балл өлчөмүндөгү саламдашуу бонусуна ээ болосуз. Саламдашуу бонусу бонустук программага катталып жаткан Абоненттердин бардыгы үчүн бирдей жана бир гана жолу берилет.

Бонустук программага катышуудан баш тарткан учурда, Сиздин бардык баллдарыңыз жокко чыгарылат. Кайрадан катталууда саламдашуу баллдары берилбейт жана калыбына келтирилбейт.

 

Кызматты көрсөтүү наркы

0.0
сом.

  • Программаны башкаруу

    Кызмат жөнүндө маалымат

    *5555#

    Бонустук программада катталуу

    *5555*1#

    Учурдагы баллдардын саны

    *5555*2#

    Кызматтардын бонустук топтомдорунун калдыгын текшерүү

    *5555*3#

    Бонустук программа боюнча эсептин абалы жөнүндөгү жөнөтүүлөрдү токтотуу

    *5555*6#

    Бонустук программа боюнча эсептин абалы жөнүндөгү жөнөтүүлөрдү жандыруу

    *5555*7#

    Бонустук программанын статусун текшерүү

    *5555*8#

    Бонустук программага катышууну токтотуу

    *5555*0#
  • Баллдарды түйүн ичиндеги мүнөттөргө алмаштыруу *5555*4*1#

    50 баллды 20 мүнөткө алмаштыруу

    *5555*4*1*1#

    100 баллды 50 мүнөткө алмаштыруу

    *5555*4*1*2#

    200 баллды 150 мүнөткө алмаштыруу

    *5555*4*1*3#

    400 баллды 400 мүнөткө алмаштыруу

    *5555*4*1*4#
  • Баллдарды түйүн ичиндеги SMSке алмаштыруу *5555*4*2#

    50 баллды 30 SMSке алмаштыруу

    *5555*4*2*1#

    100 баллды 100 SMSке алмаштыруу

    *5555*4*2*2#

    200 баллды 250 SMSке алмаштыруу

    *5555*4*2*3#
    400 баллды 600 SMSке алмаштыруу
    *5555*4*2*4#
  • Баллдарды MB трафикке алмаштыруу *5555*4*3#

    50 баллды 20 MBга алмаштыруу

    *5555*4*3*1#

    100 баллды 50 MBга алмаштыруу

    *5555*4*3*2#

    200 баллды 150 MBга алмаштыруу

    *5555*4*3*3#

    400 баллды 400 MBга алмаштыруу

    *5555*4*3*4#
  • Баллдарды эл аралык мүнөткө алмаштыруу *5555*4*4#

    50 баллды 2 эл аралык мүнөткө алмаштыруу

    *5555*4*4*1#

    100 баллды 5 эл аралык мүнөткө алмаштыруу

    *5555*4*4*2#

    200 баллды 10 эл аралык мүнөткө алмаштыруу

    *5555*4*4*3#

    400 баллды 20 эл аралык мүнөткө алмаштыруу

    *5555*4*4*4#

Сиз өзүңүздүн бонустук баллдарыңызды :

  • Үн байланышынын акысыз мүнөттөр топтомуна (түйүн ичинде);
  • Акысыз SMSтер топтомуна (түйүн ичинде);
  • 4G, 3G жана GPRS интернет-трафиктин акысыз MB топтомдоруна;
  • «Эл аралык БОНУС 5+» акысыз мүнөттөрүнүн топтомуна алмаштырсаңыз болот.

Ар бир кызмат үчүн өз алмаштыруу курсу болот:

Баллдардын саны Түйүн ичиндеги акысыз мүнөттөр Түйүн ичиндеги акысыз SMS Акысыз Mb Акысыз эл аралык мүнөттөр
50 балл 20 мүнөт 30 SMS   20 MB 2 мүнөт
100 балл 50 мүнөт 100 SMS 50 MB 5 мүнөт
200 балл 150 мүнөт 250 SMS 150 MB 10 мүнөт
400 балл 400 мүнөт 600 SMS 400 MB 20 мүнөт

 

Баллдарды чегерүү шарттары:

Баллдардын саны, өткөн айдагы MegaCom түйүнүндөгү Сиз сарптаган каражаттардын суммасынын негизинде жаңы айдын алгачкы күнүндө аныкталат. Жаңы айдын алгачкы күнүнө чейин «Mega БОНУС» бонустук программасынан 30 күндөн ашык пайдаланган учурда өткөн календардык ай үчүн баллдарды алууга болот. Баллдарды эсептеп берүү Сиз «Mega БОНУС» бонустук программасынан дайым жана тынымсыз пайдаланган шартта, Сиздин мурдагы айдагы эсептөөлөрүңүздүн негизинде, жаңы айдын алгачкы 15 күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.

Абоненттик төлөм, кошуу үчүн төлөм жана да үн чалуулары, SMS, MMS, GPRS трафик сыяктуу кызматтар үчүн төлөнгөн каражаттар сарпталган каражаттардын катарына кирет.
Бонустук баллдар контент-провайдерлердин кызматтарынан жана MegaMusic, роуминг кызматтарынан колдонгон учурда, жана да «Мобилдик которуу» аркылуу которулган каражаттар үчүн берилбейт. Байланыш кызматтары үчүн бонустар ай сайын берилет.

Баллдардын санын аныктоо

Сиз тараптан сарпталган каражаттарды баллдарга алмаштыруу (баллдардын санын эсептөө) атайын курс аркылуу жүргүзүлөт. 

MegaCom кызматтарынан 1 жылга жетпеген убакыттын аралыгында пайдаланып келген болсоңуз сарпталган ар бир 100 сом үчүн Сизге 8 балл берилет.

MegaCom кызматтарынан 1 жылдан 2 жылга чейинки убакыттын аралыгында пайдаланып келген болсоңуз сарпталган ар бир 100 сом үчүн Сизге 9 балл берилет.

MegaCom кызматтарынан 2 жылдан 3 жылга чейинки убакыттын аралыгында пайдаланып келген болсоңуз сарпталган ар бир 100 сом үчүн Сизге 10 балл берилет.

MegaCom кызматтарынан 3 жылдан 4 жылга чейинки убакыттын аралыгында пайдаланып келген болсоңуз сарпталган ар бир 100 сом үчүн Сизге 11 балл берилет.
MegaCom кызматтарынан 4 жылдан 5 жылга чейинки убакыттын аралыгында пайдаланып келген болсоңуз сарпталган ар бир 100 сом үчүн Сизге 12 балл берилет.

MegaCom кызматтарынан 5 жылдан ашык убакыттан бери пайдаланып келген болсоңуз сарпталган ар бир 100 сом үчүн Сизге 13 балл берилет.

«Эл аралык БОНУС 5+» бонустук топтомдору

«Эл аралык БОНУС 5+» бонустук топтомдору чыккан эл аралык үн трафигинин акысыз мүнөттөрүн камтыган бонустук топтомдор.

«Эл аралык БОНУС 5+» топтомдору «Mega БОНУС» лоялдуулук программасынын катышуучулары үчүн гана жеткиликтүү жана аталган программанын ажырагыс элементи болуп эсептелет.

Топтомдорду «Mega БОНУС» лоялдуулук программасынан тышкары колдонууга жана кошууга болбойт.
«Эл аралык БОНУС 5+» топтомдорун пайдаланууга мүмкүн болгон багыттар:

Россия Федерациясы
Казакстан Республикасы
Тажикстан Республикасы
Өзбекстан Республикасы
Түркия

«Эл аралык БОНУС 5+» бонустук топтомдорун колдонуунун шарттары :

Топтомдор USSD-буйруулар аркылуу активдештирилет.

«Эл аралык БОНУС 5+» топтомдору боюнча берилүүчү акысыз мүнөттөр төмөнкүдөй тарифтелет:

  • Эгерде Абонентте Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан же Түркия багыттары боюнча эл аралык чалууларга секундалык тарифтөөсү менен тарифтик план кошулган болсо, акысыз мүнөттөрдүн тарифтөөсү секундалык болот;
  • Эгерде Абонентте Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан же Түркия багыттары боюнча эл аралык үн чалууларга мүнөттүк тарифтөөсү менен тарифтик план кошулуп жана «Сүйүктүү өлкө» тарифтик опциясы кошулган болбосо акысыз мүнөттөр мүнөтүнө тарифтелет;
  • Эгерде Абонентте Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан же Түркия багыттары боюнча эл аралык чалууларга мүнөттүк тарифтөөсү менен тарифтик план кошулуп жана «Сүйүктүү өлкө» тарифтик опциясы кошулган болсо жана да:

«Сүйүктүү өлкө» тарифтик опциясында Абонент чалуу аткарып жаткан багытка дал келген багыт кошулган болсо акысыз мүнөттөр секундасына тарифтелет

«Сүйүктүү өлкө» тарифтик опциясында Абонент чалуу аткарып жаткан багытка дал келген багыт кошулбаган болсо акысыз мүнөттөр мүнөтүнө тарифтелет

«Мегабонус 5+» лоялдуулук программасынын бонустары болгон учурда, «IP байланыш» кызматы аркылуу чалуу аткарылса тарифтөө «IP байланыш» кызматынын шарттарына ылайык жүргүзүлөт. «Мегабонус 5+» лоялдуулук программасынын бонустарына ээ болгон абонент +7 XXX YYYYYYY форматында түз чалуу аткарган учурда, аткарылган чалуу лоялдуулук программасынын мүнөттөрүнүн топтомуна ылайык акысыз болот.

Бонустук программанын эрежелери жана чектөөлөрү

Абонентте «Бактылуу номур»«Түнкү сүйлөшүүлөр+» тарифтик опциялары, «Туулган күнгө белек» лоялдуулук программасы кошулган учурлардан же абонент Сөз чебери тарифтик планынын алкагында бонустук мүнөттөрдү белекке алган учурлардан тышкары «Mega БОНУС» программасы боюнча алынган мүнөттөр биринчи кезекте сарпталат.

Бонустук баллдарды интернет-трафиктин мегабайттарына алмаштырууда буга чейин ишке киргизилген жана аракеттеги интернет-сессияларды токтотуп, бонустук топтомдун алкагындагы арзандатуусу менен жаңы интернет-сессияны ишке киргизүү үчүн телефон аппаратын өчүрүп-күйгүзүү керек.

Бонустук программага катышуудан баш тарткан учурда, программага катышуу учурунда топтолгон баллдар жокко чыгарылып жана программага кайра катталууда калыбына келтирилбейт.

Сиз бир түрдүү болбогон бир нече бонустук топтомду тандай аласыз. Б.а. эгерде Сиз мүнөттөрдүн топтомун активдештирген болсоңуз, анын пайдалануу мөөнөтү аяктаганча мүнөттөрдүн кошумча топтомун активдештирүүгө мүмкүн эмес. Бул учурда Сиз SMS же интернет-трафиктин Мегабайттарын гана кошумча активдештирүүгө мүмкүн.

MegaCom түйүнү ичиндеги мүнөттөр топтомдору жана «Эл аралык БОНУС 5+» бонустук мүнөттөр топтомдору ар кандай түрдөгү бонустар болуп эсептелет, ошол себептен бонустарды бир эле убакытта активдештирүүгө болот.
Бонустук топтомду колдонуу мөөнөтү – 30 күн.

Бонусту колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, тарифтөө кошулган тарифтик пландын жана тарифтик опциялардын шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
Бонустук программага катышуудан баш тарткан учурда, программага катышуу учурунда топтолгон баллдар жокко чыгарылып жана программага кайра катталууда калыбына келтирилбейт.

Баллдарды бонустук топтомдорго алмаштырууда, активдештирүү ошол эле замат ишке ашырылат, күтүүнүн максималдуу мүмкүн болгон убактысы 10 мүнөттү түзөт.
Баллдарды түйүн ичиндеги акысыз мүнөттөрдүн топтомдоруна, SMSтерге, интернет-трафиктин мегабайттарына же эл аралык мүнөттөргө алмаштыруулардын саны бир айдын ичинде 3төн ашпоосу керек.

Эгерде Сизде башка түйүндөрдөн кирген чалуулардын эсебинен Сизге каражаттын топтолушун шарттаган «Даңк+» тарифтик опциясы кошулган болсо, бул тарифтик опция Сиздин кошуп эсептөөлөрүңүздү азайтат.

Чегерилген баллдардан 3 айдын аралыгында пайдалансаңыз болот. 

«Альфа Телеком» ЖАК каалаган учурда «Mega БОНУС» бонустук программасын толугу менен өзгөртүп же анын шарттарына өзгөртүү киргизүүгө укуктуу. Өзгөртүү киргизүүдөн 10 күн мурда, www.megacom.kg сайты аркылуу киргизилүүчү өзгөртүүлөр тууралуу абонентке алдын-ала маалымдоосу керек. Программанын иш-аракети токтогондо катышуучулардын топтогон бардык баллдары жокко чыгарылышы мүмкүн. «Альфа Телеком» ЖАК мындай өзгөртүүлөрдүн негизинде же программанын иш-аракети аяктаган учурда келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчиликти мойнуна албайт.

Абонентте «Бактылуу номур», «Түнкү сүйлөшүүлөр+» тарифтик опциялары, «Туулган күнгө белек» лоялдуу программасы кошулган учурлардан тышкары, башка учурларда «Mega БОНУС» бонустук программасы боюнча мүнөттөр биринчиден сарпталат.


Сунушталган кызматтар

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • «SMS–кеңешчи»

    кызматы

  • «Сен кайдасың?»

    кызматы

  • «Mega БОНУС»

    кызматы