Перейти на новый сайт


Акылдуу түзмөктөр

Сигнализациянын бардык түрлөрү (анын ичинде автосигнализациялар) коопсуздук датчиктери, навигаторлор, GPS-модулдар жана башка көптөгөн акылдуу түзмөктөр үчүн оптималдуу шарттар.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

«Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планын кошуп алуу үчүн, компаниянын Кыргыз Республикасынын аймагындагы каалаган  Сатуу жана тейлөө борборуна кайрылууга болот.

Тарифтин алкагында максималдуу ылдамдыктагы кепилденген көлөмү менен интернет-трафик, андан кийин – төмөндөтүлгөн ылдамдыктагы чектөөсүз интернет жеткиликтүү.

Тарифтердин аракет мөөнөттөрү:

  • «Акылдуу түзмөктөр» тарифи 30 күнгө − 50 сом
  •  «Акылдуу түзмөктөр» тарифи 90 күнгө − 140 сом
  • «Акылдуу түзмөктөр» тарифи 360 күнгө − 490 сом

MEGA24 MEGA24 тиркемеси аркылуу «Акылдуу түзмөктөр» тарифи менен  SIM- картаңыздагы балансты, интернет-трафиктин, мүнөттөрдүн, SMSтердин калдыктарын оңой башкарыңыз.

  1. MEGA24 тиркемесине «Акылдуу түзмөктөр» ТП менен SIM-картанын кабындагы  PIN-2 кодунун  жардамы менен кириңиз;
  2. MEGA24 тиркемесинде «Акылдуу түзмөктөр» ТП менен SIM- картаңызды  PIN-2 кодунун жардамы менен Негизги номерге кошуңуз;
  3. Эгерде «Акылдуу түзмөктөр» ТП менен SIM- картаңыз жаныңызда болсо, анда Сиз SMS же *505# USSD-буйруусу аркылуу тастыктоо кодун алуу менен кире аласыз.

Абоненттин каалоосу жараша наркы 100 сом болгон атайын бышык термо-SIM-карта сунушталат. Баалар бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

  • Абоненттик төлөм

    «Акылдуу түзмөктөр» 30 суткага
    200 МБ интернет-трафик, түйүн ичинде чалуулар үчүн 10 мүнөт, түйүн ичинде 100 SMS.

    50.0
    сом.

    «Акылдуу түзмөктөр» 90 суткага
    Ар бир 30 суткага 200 МБ интернет-трафик, түйүн ичинде чалуулар үчүн 10 мүнөт, түйүн ичинде 100 SMS.

    140.0
    сом.

    «Акылдуу түзмөктөр» 360 суткага
    Ар бир 30 суткага 200 МБ интернет-трафик, түйүн ичинде чалуулар үчүн 10 мүнөт, түйүн ичинде 100 SMS.

    490.0
    сом.
  • Негизги тарифтөөсү

    «Альфа Телеком» ЖАКтын номерлерине, «Salam» брендинин номерлерине чыккан үн жана видео чалуулар, 1 мүнөтү үчүн

    1.0
    сом.

    КРдин мобилдик операторлорунун номерлерине үн жана видео чалуулар, 1 мүнөтү үчүн

    2.8
    сом.

    КРдин катталган операторлорунун номерлерине чыккан чалуулар, 1 мүнөтү үчүн

    5.95
    сом.

    Эл аралык операторлорунун номерлерине чыккан чалуулар, 1 мүнөтү үчүн

    «Эл аралык байланыш» кызматынын тарифтөөсүнө ылайык.

    КРдин мобилдик операторлорунун номерлерине чыккан SMSтер (анын ичинде MEGA түйүнүнүн ичинде), 1 SMS үчүн

    1.0
    сом.

    Түз номерлөөсү менен номерлер үчүн бардык кирген чалуулар, кирген эл аралык чалуулар жана КРдин операторлорунун мобилдик операторлорунун номерлеринен кирген чалуулар (түз номерлөөсү менен номерлер үчүн), 1 мүнөтү үчүн
    Маанилүү: Түз номерлер үчүн кирген чалуулар «Түз номерлөө» ТОсуна ылайык тарифтелет.

    0.0
    сом.

    Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

    .

Калдыктарды текшерүү

*505#

Негизги шарттары

«Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планы Кыргыз Республикасынын аймагында аракетте болот.

«Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планы жеке абоненттер үчүн жеткиликтүү.

«Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планын Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда кошуп алууга болот. "Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планына өз алдынча өтүү мүмкүн эмес.

Тарифтик пландын негизги тарифтөөсү 30, 90 же 360 суткалык топтом боюнча түйүн ичиндеги чалуулар жана SMSтер үчүн абоненттик төлөм төлөнгөн шартта аракетте болот. КР операторлорунун мобилдик жана катталган номерлерине чыккан чалуулар Негизги тарифтөөгө ылайык ишке ашырылат.

Абоненттик төлөмдү эсептен чыгаруу чеги «Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планынын 30 суткалык/90 суткалык/360 суткалык топтомдору үчүн 50,00; 140,00; 490,00 сомго барабар.

Абоненттик төлөм алынып жаткан учурда балансыңыздагы сумма 50/140/490 сомдон аз болсо, шашылыш кызматтардын номерлерине акысыз чалуулардан тышкары, чыккан мобилдик байланыш кызматтары жана интернетке жетки өчүрүлөт. Мобилдик байланыш кызматтарын жана интернетти пайдаланууну улантуу үчүн балансты "Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планы боюнча абоненттик төлөмдү төлөө үчүн жетиштүү болгон суммада толуктоо зарыл.

"Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планынын топтомдорунун алкагындагы чектөөсүз интернеттин ылдамдыгы секундасына 128 Кбит'ке барабар.

MEGA жана Salam номерлерине чалуулар түйүн ичиндеги чалууларга кирет.

Абоненттик төлөмдүн жана негизги тарифтөөнүн наркы бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

Сүйлөшүүнүн узактыгы 3 секундага чейин болгон учурда, чалуунун алгачкы 3 секундасы тарифтелбейт, узактыгы 3 секундадан ашкан чалуулар биринчи секундадан баштап толук көлөмдө тарифтелет.

Чалууну кайра даректөөдө топтом боюнча мүнөттөрдүн көлөмү аракетте болбойт, чалуулар тарифтик пландын Негизги тарифтөөсүнө ылайык тарифтелет.

Топтомдон тышкары чалуулардын жана топтом алкагындагы чалуулардын негизги тарифтөөсүнүн кадамы 1 секунданы түзөт.

Интернет-топтомдордун тарифтөө кадамы – 10 КБ.

Эгерде "Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планынын 30 күндүк топтомунун аракет мөөнөтү түйүн ичинде активдүү үн чалуу учурунда келип жетсе, жана Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планынын топтому үчүн абоненттик төлөмдү төлөө үчүн баланстын жетишсиздигинен улам жаңы көлөмдөр берилбесе, анда учурдагы үн чалуу "Акылдуу түзмөктөр" ТПнын базалык тарифтөөсүнө ылайык, активдүү чалууну үзгүлтүккө учуратпай, номердин балансында турган каражаттардын эсебинен улантылат. Ошентип, түйүндүн ичиндеги чалуунун бир бөлүгү топтом боюнча, ал эми бир бөлүгү ТП боюнча тарифтелет.

Топтомдорду жаңылоодо (ар бир 30 суткада) колдонулбай калган SMS, мүнөттөр жана интернет мегабайттары күйүп кетет.

SIM-картаны активдештирүүдө, «Кыска SMS- номерлерге тыюу салуу», «Кыска IVR номерлерге тыюу салуу», «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо» баштапкы абалында кошулат.

"Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планын ыңгайлуу башкаруу MEGA24 тиркемесинде жана төмөндөгү учурларда жеткиликтүү: 1. PIN-2 кодун пайдаланууда ("Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планынын SIM-картасынын тышкы каптамасында), 2. Негизги номерди кошууда (MEGA түйүнүнүн абоненттери), 3. SMS- кодду терүү жолу менен авторизациялоодон өткөндө.

"Акылдуу түзмөктөр" тарифтик планын кошууда экиден ашпаган Негизги номерди көрсөтүүгө болот. Негизги номерди кошуу милдеттүү түрдө эмес.

 

Урунуу циклы

«Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планы үчүн Урунуу циклынын атайын шарттары аракетте болот:

  • «Активдүү» же «Жарым активдүү» режими (абонент активдүү болбогон шартта) – 361 сутка
  • «Күтүү» режими – 20 күн.

 

Тез эскирип кетпей турган (бышык) SIM-карта эмне үчүн керек?

Туруктуу сапаттуу байланыш кызматтарын көрсөтүү максатында, «Акылдуу түзмөктөр» ТП менен түзмөктү колдонуу шарттарына жараша, биз тез эскирбей турган, түзмөктөрдү климаттык оор шарттарда колдонууга арналган, атайын термо-SIM картаны сатып алууну сунуштайбыз:

  • -50 ° Cден + 105 ° Cге чейинки температурада;
  • Жогорку нымдуулукта;
  • Чаңда же 5 Гц -тен 500 Гц-ке чейинки титирөөдө;
  • Электростатикалык разряддан коргонуусу менен;
  • Коррозияга каршы касиеттерге ээ.

Бардык салыктарды эсепке алуу менен, шаймандар үчүн SIM-картанын наркы 100 сомду түзөт

 

Топтом боюнча калдыктарды кантип текшерүүгө болот?

«Акылдуу түзмөктөр» ТП кошулган SIM-картанын тышкы каптамасындагы PIN-2 кодунун жардамы менен MEGA24 тиркемесине кириңиз

же

«Акылдуу түзмөктөр» ТП кошулган SIM-картанын тышкы каптамасындагы PIN-2 кодунун жардамы менен MEGA24 тиркемесинде «Акылдуу түзмөктөр» ТП кошулган SIM-картаны Негизги номериңизге кошуңуз (милдеттүү шарт – Негизги номер «Альфа Телеком» ЖАКтын номери болуусу керек);

же

Эгерде Сизде «Акылдуу түзмөктөр» ТП кошулган SIM-картага жетки болсо, анда *505# USSD-буйруусун териңиз.

 

Топтомдун колдонуу мөөнөтүн кантип узартууга болот?

«Акылдуу түзмөктөр» ТП кошулган SIM-картанын тышкы каптамасындагы PIN-2 кодунун жардамы менен MEGA24 тиркемесине кириңиз

же

«Акылдуу түзмөктөр» ТП кошулган SIM-картанын тышкы каптамасындагы PIN-2 кодунун жардамы менен MEGA24 тиркемесинде «Акылдуу түзмөктөр» ТП кошулган SIM-картаны Негизги номериңизге кошуңуз (милдеттүү шарт – Негизги номер «Альфа Телеком» ЖАКтын номери болуусу керек); өзүңүзгө керектүү 30 суткалык, 90 суткалык же 360 суткалык топтомду тандаңыз жана топтом боюнча абоненттик төлөмдү төлөңүз. Буга чейинки топтомдун калдыктары суммаланбайт жана которулбайт.

 

Жеткиликтүү кызматтардын тизмеси

  • «Кайра даректөө»,
  • «Досумдун эсебинен чалуу»,
  • «Тыным»
  • «Сенин номериң»,
  • «Маалыматтык SMS-жөнөтмөлөргө тыюу салуу»,
  • «Эл аралык байланыш»,
  • «Конференц-байланыш»,
  • «Мобилдик интернет» (*181*1#),
  • 4G (*460),
  • Чалууну күтүү жана кармап туруу (*43#),
  • «Номерди аныктагыч»,
  • «Чалууну кайра даректөө» (**21* телефон номери#),
  • «Роуминг»,
  • «Алдын ала төлөм картасынын балансын текшерүү» (*555#),
  • «АТКны активдештирүү (төлөм карталарын)» (*555#),
  • «Акысыз тейлөө кызмматтары», «Тилди тандоо» (*404#),
  • «Номерди жана тарифти текшерүү» (*112#),
  • «MegaUSSD» (*515#),
  • «MEGA сайтына акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү»,
  • «Учурдагы арзандатууларды текшерүү» (*505#),
  • «Балансты текшерүү» (*500#),
  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»
  • Wi-Fi таратуу,
  • MegaPay,
  • Унутулган телефон, Учурдагы арзандатууларды текшерүү (*505#),
  • Роуминг (кийин төлөнүүчү, алдын ала төлөнүүчү, GPRS),
  • Балансты текшерүү (*500#),
  • «Кыска SMS -номерлерге тыюу салуу»,
  • «Кыска IVR-номерлерге тыюу салуу»,
  • Телефон кайда?
  • MEGA24 тиркемеси
  • Деталдоону почтага жөнөтүү
  • Деталдоо
  • Ачык эсеп
  • Видеочалуулар
  • «Ата-эне көзөмөлү»
  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»
  • «Күн-Түн» топтому (белекке берүү гана).

Калган бардык кызматтар «Акылдуу түзмөктөр» ТПда жеткиликтүү болбойт.

Маанилүү: «НК «Кыргыз Темир Жолу»» мамлекеттик ишканасынын: 996312926хxx- 996312927ххх, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын: 99631289xxxx, «Сатком» ЖЧКнын: 99631296xxx - 996312964ххх, «Абател» ЖЧКнын: 99632229хxxx - 99632229xххх катталган номерлерине чыккан чалуулар, КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан, мүнөтүнө 7,99 сомдон тарифтелет.


Сунушталган кызматтар

  • Киоск

    кызматы

  • «Балдар кайда?»

    кызматы

  • «Унаа курап ал» суроо-жооп оюну

    кызматы

  • «IP Байланыш»

    кызматы