«Тунук»

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

MegaCom түйүнүн номурларына чалуу

0.95 сом.

Кыргызстандын уюлдук байланыш операторлорунун номурларына SMS жөнөтүү

0.95 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

 

«Тунук» тарифтик планы – түйүн ичиндеги жана башка операторлорго чалууларды үнөмдүү баада аткаруу мүмкүнчүлүгүн, жөнөкөй жана түшүнүктүү тарифтөө шарттарын сунуштайт

MegaComдун тунук тарифтик планынын артыкчылыктары менен пайдаланып, түйүн ичинде жана Кыргызстандын уюлдук операторлоруна арзандатылган баада чалыңыз. Тарифтөөсү жөнөкөй жана тунук, абоненттик жана башка төлөмдөрү каралбаган «Тунук» тарифтик планы MegaCom абоненттери үчүн пайдалуу чечим.

  • Кирген чалуулар

    КР операторлорунун катталган номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    5.0
    сом.

    Аныкталбаган оператордун номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    3.0
    сом.

    Кирген эл аралык чалуулар жана КРдин мобилдик операторлорунун номурларынан кирген чалуулар (түз номурлар үчүн)

    0.0
    сом.

    Бардык кирген чалуулар түз эмес номурлар үчүн

    0.0
    сом.
  • Чыккан чалуулар

    MegaCom түйүнүнүн номурларына

    0.95
    сом.

    Кыргызстандын башка операторлорунун номурларына 

    5.5
    сом.

    «Кыргыз Телеком» ААКнын номурларына 

    5.5
    сом.

    Эларалык операторлорунун номурларына

    «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланышына болгон тарифтөөсүнө ылайык.
  • Интернет-трафик

    3G, GPRS, WAP

    2.45
    сом.
  • SMS жана MMS

    SMS  Кыргызстандын уюлдук операторлордун номурларына

    0.95
    сом.

    MegaCom номурларына MMS жөнөтүү

    5.89
    сом.

«Тунук» тарифтик планына өтүү

жабык

Кирген жана чыккан чалуулардын наркы жана тарифтөөсү 1 мүнөт үчүн, интернет-трафик 1МВ, SMS жана MMS 1 билдирүү үчүн көрсөтүлгөн.

Кыргызстан боюнча чалуулар 10 секундага чейин, эл аралык багыттар боюнча чалуулар мүнөткө чейин тегеректелет.

3G, GPRS жана WAP-трафиктин тарифтөө кадамы – 100 КВ, WAP-трафиктин тарифтөө кадамы – 10 КВ. Тегеректөө ар бир сессия аяктаган соң көбөйүү жагына жүргүзүлөт.

Чыккан жана кирген видеочалуулар MegaCom, Beeline жана О! операторлорунун абоненттеринин номурлары үчүн гана жеткиликтүү жана «Видеочалуу» кызматынын шарттарына ылайык көрсөтүлөт. MegaCom, Beeline жана O! операторлорунун номурларына чыккан видеочалуулардын наркы негизги тарифтик пландын тарифтөөсүнө ылайык  чыккан үн чалууларынын наркы менен бирдей (абонент үн чалууну же видеочалууну бирдей наркта аткара алат).

«Лоялдуулук программасы» тарифтин негизги тарифтөөсүнө,  MegaCom түйүнүнөн пайдалануу мөөнөтүнө жараша 6, 12 жана 24 айдан кийин, MegaCom түйүнүнүн 1 номуруна (055Axxxxxx) тарифтик пландын базалык наркынан 10, 20 жана 30 пайыз өлчөмүндөгү жеңилдикти сунуштайт.

Абоненттин балансы 0,00 сомго жеткен учурда, акысыз кирген чалуулардан, SMSтен жана Компаниянын тейлөө көрсөтүүчү кызматтарына чыккан чалуулардан тышкары, бардык акы төлөнүүчү чыккан аракеттер (опциялар, топтомдор, акы төлөнүүчү үн чалуулар/SMS/Интернет-сессиялар) чектелет. Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарынан кайрадан пайдалануу үчүн балансты оң деңгээлге чейин толуктоо зарыл.

Акы төлөнүүчү кызматтарынан 180 же андан ашык календардык күндүн аралыгында пайдаланбаган учурда, абоненттин номуру өчүрүлөт жана балансындагы акча каражаттарынын калдыгы жокко чыгарылат.

Баалар КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.

Абоненттердин урунуу циклына ылайык абоненттик номур «активдүү режимде»  болгон учурда абонентке байланыш кызматтарына жетки берилет.


Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы