«Толкун»

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

MegaCom номурларына чалуу

0.95 сом.

Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунун номурларына чалуу

0.95 сом.

Кыргызстандын операторлорунун номурларына SMS жөнөтүү

0.95 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

 

«Толкун» тарифтик планы менен мүнөттөр жөнүндө ойлонбостон, ырахаттануу менен баарлашыңыз

Эркин жана пайдалуу баарлашуунун күйөрмандары үчүн MegaCom «Толкун» тарифтик планынын бардык артыкчылыктары менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Аталган тарифтик планда Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунун номурларына чалуу мүнөтүнүн жана SMS жөнөтүү наркы болгону 0,95 сомду түзөт. Пайдалуу тарифтөө боюнча баарлашуу үчүн баланска 100 сомдон жогору болгон каалаган суммага бир жолку төлөм аткаруу жетиштүү. Бул учурда жеңилдетилген тарифтөө 10 күн ичиндеги күнүмдүк баарлашуунун алгачкы 30 мүнөтүнө тиешелүү болот.  

  • Кирген чалуулар

    КР операторлорунун катталган номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    5.0
    сом.

    Аныкталбаган оператордун номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    3.0
    сом.

    Кирген эл аралык чалуулар жана КРдин мобилдик операторлорунун номурларынан кирген чалуулар (түз номурлар үчүн)

    0.0
    сом.

    Бардык кирген чалуулар түз эмес номурлар үчүн

    0.0
    сом.
  • Чыккан чалуулар

    MegaCom номурларына чыгыш чалуулар

    0.95
    сом.

    Кыргызсатндын  баардык мобилдик операторлоруна 

    5.5
    сом.

    «Кыргызтелеком» ААКнын номурларына 

    4.95
    сом.

    Эл аралык багыттар боюнча жүргүзүлгөн чалуулардын наркы

    « Эл аралык чалуулар» кызматтары боюнча компаниянын негизги прейскурантына ылайык тарифтелет.
  • Интернет-трафик

    3G, GPRS

    2.95
    сом.

    WAP

    2.95
    сом.
  • SMS жана MMS

    Кыргызстандын мобилдик номурларына SMS

    0.95
    сом.

    MegaCom номурларына MMS жөнөтүү

    5.89
    сом.

«Толкун» тарифтик планына өтүү

жабык

Белгиленген нарк, «Кыргызтелеком» жана О! операторлорунун катталган номурларынан тышкары, Кыргызстандын бардык операторлорунун номурларына чалуунун суткадагы алгачкы 30 мүнөтү үчүн балансты 100 сом же андан көп суммадагы бир жолку төлөмдү аткаруу шартында 10 күн ичинде аракетте болот. Башка учурларда Кыргызстандын башка уюлдук операторлорунун номурларына чалуулардын наркы мүнөтүнө 2,95 сомду түзөт. Балансты 100 сом же андан жогору болгон суммага кайрадан толуктоодо жеңилдетилген тарифтөө мөөнөтү топтолбостон, балансты толуктоо күнүнөн тарта 10 күнгө узартылат. Жеңилдетилген тарифтөөнүн 10 күнүнүн алгачкысы балансты толуктоо күнү болуп эсептелет. Кызмат акыркы 30 күндүн ичинде балансты толуктоо төлөмдөрүңүз боюнча маалымат алууну шарттайт. 

Сиз «Толкун» тарифтик планындагы күнүмдүк 30 мүнөттүн калдыгын *505# чалуу буйруусун терүү аркылуу текшере аласыз. Түйүндөн тышкары чалууларды аткарууга 10 күнгө берилген жеңилдикти алуу үчүн төлөмдү аткаруу күнүн билүү үчүн  Сиз «Сиздин төлөм» кызматынан пайдалана аласыз. Кызматтын жардамы менен Сиз төлөмдү аткаруу күнүн, убактысын, төлөмдүн суммасын жана төлөмдөрдү кабыл алуу түйүндөрү жана алдын ала төлөө карталары (АТК) аркылуу аткарылган төлөмдөр жөнүндө маалымат ала аласыз.

Түйүндөн тышкары чалууларга 10 күнгө жеңилдик алуу үчүн зарыл болгон төлөм 15 мүнөттүн ичинде иштелип чыгат.

«Экинчи дем» кызматы боюнча насыя алуу менен балансты толуктоо Кыргызстандын уюлдук операторлорунун номурларына чалуулардын наркына болгон жеңилдикти активдештирбейт.

Кирген жана чыккан чалуулардын наркы жана тарифтөөсү 1 мүнөт үчүн, интернет-трафик 1 МВ, SMS жана MMS 1 билдирүү үчүн көрсөтүлгөн.

Кыргызстан боюнча чалуулар 10 секундага чейин, эл аралык багыттар боюнча чалуулар мүнөткө чейин тегеректелет.

3G, GPRS жана WAP-трафиктин тарифтөө кадамы – 100 КВ, WAP-трафиктин тарифтөө кадамы – 10 КВ. Тегеректөө ар бир сессия аяктаган соң көбөйүү жагына жүргүзүлөт. WAP кызматы чыныгы убакыт режиминде көзөмөлдөнбөйт, ошол себептен абонентте карыз пайда болушу ыктымал. Техникалык жактан кызматты ишке ашыруу менен байланыштуу.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар мүнөт менен тарифтелет. Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулардын наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланыш үчүн каралган шарттарына ылайык тарифтелет.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан SMS-билдирүүнүн наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын SMS-билдирүүлөр үчүн каралган шарттарына ылайык тарифтелет.

Чыккан жана кирген видеочалуулар MegaCom, Beeline жана О! операторлорунун абоненттеринин номурлары үчүн гана жеткиликтүү жана «Видеочалуу» кызматынын шарттарына ылайык көрсөтүлөт. MegaCom, Beeline жана O! операторлорунун номурларына чыккан видеочалуулардын наркы негизги тарифтик пландын тарифтөөсүнө ылайык  чыккан үн чалууларынын наркы менен бирдей (абонент үн чалууну же видеочалууну бирдей наркта аткара алат).

Абоненттерге тарифтелбеген 3 секунда убакыт аралыгы үчүн акча каражатын кайтаруу Компания тарабынан бекитилген тартипке ылайык ишке ашырылат.

Катталган төлөмдөр үчүн көрсөтүлгөн баалар (баштапкы комплект, кошулуу төлөмү, баштапкы баланс, тарифтик планды алмаштыруу) салыктардын бардыгын камтыйт.

Абоненттин балансы 0,00 сомго жеткен учурда, акысыз кирген чалуулардан, SMSтен жана Компаниянын тейлөө көрсөтүүчү кызматтарына чыккан чалуулардан тышкары, бардык акы төлөнүүчү чыккан аракеттер (опциялар, топтомдор, акы төлөнүүчү үн чалуулар/SMS/Интернет-сессиялар) чектелет. Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарынан кайрадан пайдалануу үчүн балансты оң деңгээлге чейин толуктоо зарыл.

Акы төлөнүүчү кызматтарынан 180 же андан ашык календардык күндүн аралыгында пайдаланбаган учурда, абоненттин номуру өчүрүлөт жана балансындагы акча каражаттарынын калдыгы жокко чыгарылат.

Баалар КНСти эсепке алуу менен,ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.

Абоненттердин урунуу циклына ылайык абоненттик номур «активдүү режимде»  болгон учурда абонентке байланыш кызматтарына жетки берилет.


«Толкун» тарифтик планында жеткиликтүү жана жеткиликтүү эмес опциялар жана кошумча кызматтар каралган.

Сунушталган кызматтар

  • «USSD-меню: Мобилдик портал»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» акциясы

    кызматы