Перейти на новый сайт


«Wi-Fi Роутер» − интернет-түзмөктөр үчүн

  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыктагы чектелбеген көлөмдөгү интернет-трафикти өз ичине камтыган тариф!

 «Wi-Fi -Роутер» тарифинин алкагында  интернет-трафиктин көлөмү абонент 4G LTE/3G/2G түйүнүндө болгондугунан  көзкарандысыз  жана ЧЕКТӨӨСҮЗ берилет.

4G-түйүнүнүн камтуу картасы 4G.megacom.kg баракчасында жеткиликтүү.

Тарифке кошулуу наркы − 0 сом. Болгону  абоненттик төлөм  − 30 календардык күнгө 950 сом алынат. Аракет мөөнөтү (30 күн) аяктагандан кийин, баланста каражат жетишсиз болсо. интернетке жетки чектелет.

Тарифке кошулуу жеке  түзмөк болгон учурда  же MEGA Сатуу жана тейлөө борборлорунан жаңы түзмөк (Wingle, роутер, модем) сатып алган шартта  гана мүмкүн болот.

Абоненттик төлөм 30 календардык күнгө

950.0
сом.

Абоненттик төлөм кошумча нарк салыгын жана сатуу салыгын эсепке алуу менен көрсөтүлдү. Башка баалар кошумча нарк салыгын эсепке алуу менен, сатуу салыгын эсепке албастан көрсөтүлгөн.

Маанилүү:  «Кыргыз Темир Жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын

996312926хxx -996312927ххх , «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын 99631289xxxx, «Сатком» ЖЧКнын 99631296xxx - 996312964ххх,  «Абател» ЖЧКнын 99632229хxxx - 99632229xххх катталган номерлерине чыккан чалуулар КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан, сүйлөшүүнүн 1 мүнөтү үчүн 7,99 сомдон тарифтелет. 

.

Абоненттик төлөм баланста каражат жетиштүү болгон шартта  жана абоненттик төлөм акыркы жолу алынган убакыттан 30 календардык күн  өткөндөн кийин алынат. Эгерде абоненттик төлөмдү алууга каражат жетишсиз болсо, анда интернетке жетки чектелет.

«Wi-Fi Роутер» тарифтик планына кошулуу абонентте 4G (Wingle, роутер, модем) түзмөгү бар болгондо жана аны абоненттин SIM-картасына ( туура IMEI бар болсо, IMEI based charging шартында) кошуу (байланыштыруу) мүмкүнчүлүгү болгондо, же MEGA'дaн Сатуу кеңселеринен жаңы түзмөктү сатып алган учурда мүмкүн болот жана компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда ишке ашырылат.

4G түзмөгүнүн туура иштеши кошулган (байланыштырылган) SIM - карта (же аны менен бир комплектиде болгон) менен гана мүмкүн болот. Өз кезегинде, SIM-карта дагы кошулган (байланыштырылган)  түзмөк менен гана туура иштейт (же бир комплектиде болгон).

«Wi-Fi роутер» тарифтик планынан каалаган башка тарифке өткөндө абоненттин SIM- картасынын жана 4G түзмөгүнүн учурдагы (байланыштырылган) шарттары автоматтык түрдө жокко чыгарылат.

Интернетке чектөөсүз жеткини өчүрүү USSD, SMS боюнча же операторлор аркылуу жүргүзүлбөйт.

Ар бир кардардын  интернетти ыңгайлуу колдонуусун камсыздоо − MEGA үчүн маанилүү. Ошондуктан  компанияда «трафикти адилеттүү колдонуу саясаты» аракетте болот. Эгерде эсептешүү мезгилинин  аралыгында (абоненттик төлөм акыркы жолу алынган күндөн тартып) абонент  интернет трафиктин  абдан  чоң көлөмүн тынымсыз жүктөп алып, муну менен башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, система Интернетке жеткинин ылдамдыгын төмөндөтөт.

Трафикти адилеттүү колдонуу саясаты – Fair Usage Policy (FUP) чектөөсүз тарифтерде  компаниянын бардык абоненттерин интернетти ыңгайлуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыздоо максатында колдонулат, бул өзгөчө жүктөм маалында түйүн ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүүнү шарттайт. Эгерде эсептешүү мезгилинин ичинде (абоненттик төлөм акыркы жолу алынган күндөн тарта) абонент интернеттин өзгөчө чоң көлөмүн (түйүндүн жүктөмүнөн көз каранды болгон, туруксуз көрсөткүч) колдонуп жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, система абоненттик төлөм кийинки жолу алынганга  чейин (эсептешүү мезгилинин аягына чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат          (абонентке интернет-трафиктин көлөмү чектөөсүз берилет).  Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тарта интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай ыкма түйүндүн ресурстарын абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүүнү шарттайт жана мүмкүн болгон жогорку ылдамдык камсыздалат.

Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тарта интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай ыкма түйүндүн ресурстарын абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүүнү шарттайт жана мүмкүн болгон жогорку ылдамдык камсыздалат.

«Wi-Fi Роутер» тарифтик планынын шарттары боюнча каралган акысыз интернет трафик роумингде жеткиликтүү болбойт.

Баланс 0,00гө жеткен учурда акысыз кирген чалуулар жана SMSтерден, ошондой эле Компаниянын тейлөө кызматтарына чыккан чалуулардан тышкары,  чыккан акы төлөнүүчү бардык иш-аракеттер (опцияларды, топтомдорду колдонуу, акы төлөнүүчү үн билдирүүлөр/SMS/Интернет-сессиялар) чектелет.

Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарын пайдалануу үчүн, балансты жетиштүү суммага толуктоо зарыл.

Абоненттин номери жана анын балансындагы акча каражаттарынын калдыгы  акы төлөнүүчү байланыш кызматтарын 90 календардык күндөн ашык убакыт бою колдонбогон учурда жокко чыгарылат.

Абоненттин Урунуу циклине ылайык абоненттик номер «активдүү режимде»  болгон учурда абоненттин байланыш кызматтарын колдонуусуна жетки берилет.

КРдин операторлорунун катталган номеринен (түз номерлөөсү менен номерлер үчүн) кирген чалуунун наркы мүнөтүнө 5.0 сомду түзөт. Аныкталбаган оператордун номерлеринен  (түз номерлөөсү менен номерлер үчүн) кирген чалуунун наркы  мүнөтүнө 3 сомду түзөт.

 Эл аралык жана КРдин  операторлорунун мобилдик номерлеринен  (түз номерлөөсү менен номерлер үчүн) кирген чалуулар мүнөтүнө 0.0 сом. Түз эмес номерлөөсү менен номерлер үчүн бардык кирген чалуулар мүнөтүнө 0.0 сомдон тарифтелет.

«Альфа Телеком» ЖАКтын жана «Салам» соода маркасынын номерлерине чыккан үн жана видео чалуулар мүнөтүнө 0,95 сомду түзөт.

Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун номерлерине чыккан үн жана видео чалуулар мүнөтүнө  2,95 сомдон тарифтелет. КРдин  операторлорунун катталган номерлерине чыккан чалуулардын наркы  мүнөтүнө 5,95 сомду түзөт. Эл аралык операторлордун номерлерине чыккан чалуулар «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланыштарын тарифтөөсүнө ылайык тарифтелет.

«Альфа Телеком» ЖАКтын  жана  Кыргызстандын байланыш операторлорунун  номерлерине чыккан  SMS-билдирүүнүн наркы  0,95 сом.

Маанилүү: «Кыргыз Темир Жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын

996312926хxx -996312927ххх, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын 99631289xxxx, «Сатком» ЖЧКнын 99631296xxx - 996312964ххх, «Абател» ЖЧКнын 99632229хxxx - 99632229xххх катталган номерлерине чыккан чалуулар КНСти эсепке алып, ССти эсепке албастан, сүйлөшүүнүн 1 мүнөтү үчүн 7,99 сомдон тарифтелет. 

MEGA′дaн Сатуу жана тейлөө кеңселеринде бир жолку абоненттик төлөмдү 3, 6 же 12 айга алдын ала төлөө мүмкүнчүлүгү берилет.

Абоненттик төлөм кошумча нарк салыгын жана сатуу салыгын эсепке алуу менен көрсөтүлдү. Башка баалар КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • Конференц-байланыш

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы