«Сүйүнчү 3.0.1»

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

Кыргызстандын бардык операторлорунун номурларына айлык бонустук топтом

30.0 мүнөт.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

 

«Сүйүнчү 3.0.1» тарифтик планы – Кыргызстандын бардык операторлоруна чалуу үчүн мыкты чечим, өлкө ичинде пайдалуу баарлашуу

«Сүйүнчү 3.0.2» тарифи Сизге республикалык чексиз түз номур жана Кыргызстандын бардык операторлоруна чалууга акысыз мүнөттөр топтомун алууга шарт түзөт. Тарифтик планда, өлкөнүн бардык операторлоруна чалууга акысыз мүнөттөр топтому жана республикалык катталган акысыз түз номур каралган.

  • Айлык топтом

    Кыргызстандын бардык операторлоруна чыккан мүнөттөр, айына

    30.0
    мүнөт.
  • Кирген чалуулар

    Каалаган операторлордун номурларынан

    0.0
    сом.
  • Кирген чалуулар

    3 «Сүйүктүү номурга» (50% арзандатуу)

    3.04
    сом.

    Кыргызстандын бардык түйүндөрүнө

    6.08
    сом.

    Эл аралык операторлорунун номурларына чыккан чалуулар

    «Эл аралык байланышка жетки» кызматынын тарифтөөсүнө ылайык.
  • SMS жана MMS

    MegaCom номурларына MMS жөнөтүү

    2.95
    сом.

    SMS Кыргызстандын уюлдук байланыш операторлорунун номурларына

    1.52
    сом.
  • Интернет-трафик

    3G, GPRS, WAP

    2.95
    сом.
  • Катталган төлөмдөр

    Айлык абоненттик төлөм

    152.0
    сом.

    Түз номур үчүн айлык төлөм

    380.0
    сом.

«Сүйүнчү 3.0.1» тарифтик планына өтүү

жабык

Абоненттик төлөм,  айдагы күндөрдүн санына бөлүнгөн күнүмдүк абоненттик төлөмдүн суммасынан кем эмес өлчөмдө, 30 мүнөт топтомунан сүйлөшүлгөн мүнөттөргө барабар чегерилет. Номурда карыздын пайда болушун алдын алуу максатында, айлык абоненттик төлөмдөн жана республикалык түз номур үчүн төлөмүнөн көбүрөөк болгон суммага ар айдын башында балансты толуктоо сунушталат. Республикалык түз номур катары 05555ххххх форматындагы номур эсептелет. Бардык катталган түйүндөрдүн абоненттери үчүн республикалык түз номурларга чалуу акысыз. Чалууну 0го чыгуу жабык болгон шартта да аткарууга болот.

Кирген жана чыккан чалуулардын наркы жана тарифтөөсү 1 мүнөт үчүн, интернет-трафик 1МВ, SMS жана MMS 1 билдирүү үчүн көрсөтүлгөн.

Кыргызстан боюнча чалуулар 10 секундага чейин, эл аралык багыттар боюнча чалуулар мүнөткө чейин тегеректелет.

3G, GPRS жана WAP-трафиктин тарифтөө кадамы – 100 КВ, WAP-трафиктин тарифтөө кадамы – 10 КВ. Тегеректөө ар бир сессия аяктаган соң көбөйүү жагына жүргүзүлөт.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан SMS-билдирүүнүн наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын SMS билдирүүлөр үчүн каралган шарттарына ылайык тарифтелет.

Чыккан жана кирген видеочалуулар MegaCom, Beeline жана О! операторлорунун абоненттеринин номурлары үчүн гана жеткиликтүү жана «Видеочалуу» кызматынын шарттарына ылайык көрсөтүлөт. MegaCom, Beeline жана O! операторлорунун номурларына чыккан видеочалуулардын наркы негизги тарифтик пландын тарифтөөсүнө ылайык  чыккан үн чалууларынын наркы менен бирдей (абонент үн чалууну же видеочалууну бирдей наркта аткара алат).

Абоненттин балансы 0,00 сомго жеткен учурда, акысыз кирген чалуулардан, SMSтен жана Компаниянын тейлөө көрсөтүүчү кызматтарына чыккан чалуулардан тышкары, бардык акы төлөнүүчү чыккан аракеттер (опциялар, топтомдор, акы төлөнүүчү үн чалуулар/SMS/Интернет-сессиялар) чектелет. Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарынан кайрадан пайдалануу үчүн балансты оң деңгээлге чейин толуктоо зарыл.

Акы төлөнүүчү кызматтарынан 180 же андан ашык календардык күндүн аралыгында пайдаланбаган учурда, абоненттин номуру өчүрүлөт жана балансындагы акча каражаттарынын калдыгы жокко чыгарылат.

Баалар салыктардын бардыгын эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.

Абоненттердин урунуу циклына ылайык абоненттик номур «активдүү режимде»  болгон учурда абонентке байланыш кызматтарына жетки берилет.


Сунушталган кызматтар

  • «Туулган күнгө белек»

    кызматы

  • «4 тил»

    кызматы

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • «SIM-меню»

    кызматы