«Нөл 559»

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

 559 номурдук диапазонунун ичинде MegaCom номурларына 1-мүнөттөн тарта 60-мүнөткө чейин (күнүгө)

0.4 сом.

559 номурдук диапазонунун ичинде MegaCom номурларына 61-мүнөттөн тарта (күнүгө)

1.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

 

MegaCom’дон атайын сунуш: 559 кодунун ичиндеги чалуулар 0 сом жана башка уюлдук операторлордун номурларына 40 тыйындан!

«559» номурдук диапазонунун ичиндеги, б.а. номурлары 0559 сандарынан башталган MegaCom абоненттеринин арасында күнүмдүк чыккан 100 мүнөт чалууларына нөлдүк тарифтөө каралгандыгы аталган сунуштун өзгөчөлүгү. Мындан тышкары, түйүн ичиндеги жана өлкөбүздүн башка уюлдук операторлорунун номурларына чыккан чалуулар үнөмдүү, наркы мүнөтү үчүн болгону 40 тыйынды түзөт.

«Нөл 559» атайын сунушуна кошулуу эң оңой. Биринчиден «559» тарифтик планын камтыган MegaCom SIM-картасын сатып алуу зарыл. Андан соң, «Нөл» тарифтик опциясын кошуу керек. Аталган тарифтик план 559 префикси бар абоненттер үчүн гана каралган. Опция кошулгандан кийин Сиз 14 календардык күнгө жеңилдетилген тарифтөөнү активдештиресиз – 559 кодунун ичинде мүнөтү үчүн 0 сом жана түйүндүн ичинде жана башка уюлдук операторлордун номурларына мүнөтү үчүн 0,4 сом.

MegaCom компаниясынын учурдагы жана келечек абоненттеринин ыңгайлуулугу үчүн «Нөл 559» жөнүндө толук маалымат *559 кыска номуру (MegaCom абоненттери үчүн) жана 0555399039 (башка операторлордун абоненттери үчүн, чалуу акылуу) номуру боюнча жеткиликтүү.

  • Кирген чалуулар

    Бардык операторлордун номурларынан

    0.0
    сом.
  • Чыккан чалуулар

    559 номурдук диапазону ичиндеги MegaCom номурларына 1ден 60-мүнөткө чейин (күнүнө)

    0.4
    сом.

    559 номурдук диапазону ичиндеги MegaCom номурларына 61-мүнөттөн тарта (күнүнө)

    1.0
    сом.

    MegaCom номурларына

    1.0
    сом.

    Кыргызстандын башка операторлорунун номурларына 

    5.5
    сом.

    Кыргызстандын катталган байланыш операторлорунун номурларына

    5.0
    сом.

    Эл аралык операторлордун номурларына

    «Эл аралык байланышка жетки» кызматынын тарифтөөсүнө ылайык.
  • Интернет-трафик

    3G, GPRS, WAP

    2.95
    сом.
  • SMS жана MMS

    Кыргызстандын уюлдук операторлорунун номурларына SMS 

    1.0
    сом.

    MegaCom номурларына MMS жөнөтүү

    5.89
    сом.
  • Өтүү акысы

    «559» тарифтик планына өтүү

    40.0
    сом.

 «559» тарифтик планына өтүү жолу

жеткиликтүү эмес

Тарифтөө жеңилдиги суткадагы алгачкы 60 мүнөткө тиешелүү. Жеңилдетилген тарифтөөнүн бардык артыкчылыктарынан пайдалануу үчүн «Нөл» тарифтик опциясынан пайдаланыңыз.

Андан соң, тарифтөө тарифтик пландын негизги шарттарына ылайык ишке ашырылат.

Номурду жана тарифтик планды алмаштыруу шарттары:

  • 0559 кодундагы «559» ТПнын абоненти номурун 0559 кодунан башталган номурга гана алмаштыра алат;

  • 0559 кодундагы «559» ТПдан айырмаланган ТПнын абоненти номурун башка каалаган кодундагы номурга, анын ичинде 0559 кодуна да алмаштыра алат;

  • 0559 кодунан тышкары башка коддогу абонент номурун каалаган коддогу номурга анын ичинде 0559 кодуна да алмаштыра алат;

  • Тарифтик планын «559» тарифтик планына алмаштыруу, номурун коду 0559 сандарынан башталган абоненттер үчүн гана жеткиликтүү.

Кирген жана чыккан чалуулардын наркы 1 мүнөт үчүн, интернет-трафик 1 МВ үчүн, SMS жана MMS – 1 билдирүү үчүн көрсөтүлгөн.

Кыргызстан боюнча чалуулар 10 секундага чейин, эл аралык багыттар боюнча –  мүнөткө чейин тегеректелет.

3G жана GPRS-трафиктин тегеректөө кадамы – 100 КВ, WAP-трафик – 10 КВ. Тегеректөө ар бир сессия аяктаган соң көбөйүү жагына жүргүзүлөт.  

3G жана GPRS-трафиктен пайдаланган абоненттерге, интернетке чыгуу үчүн WAP жетки чекитин кошумча тууралоо талап кылынбайт.

3G жана GPRS-трафик тарифтөөсү үчүн каралган жеңилдиктер WAP-трафиктин тарифтөөсүнө тиешелүү эмес.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар мүнөтү менен тарифтелет. Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулардын наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланыш үчүн тарифтөөсүнө ылайык эсептелет.

Эл аралык операторлордун номурларына SMS-билдирүү жөнөтүү наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын SMS-билдирүүлөр үчүн тарифтөөсүнө ылайык эсептелет.

Чыккан жана кирген видео чалуулар, «Видеочалуу» кызматынын иштөө шарттарына ылайык чыккан жана кирген видеочалуулар MegaCom, Beeline жана О! абоненттеринин номурларына гана көрсөтүлөт. MegaCom, Beeline жана O! номурларына чыккан видеочалуунун наркы, тарифтик пландагы негизги тарифтөөдө үн чалуулар үчүн  каралган наркка барабар (абонент үн чалууну же видеочалууну бирдей наркта аткара алат).

Абоненттин балансы 0,00 сомго жеткен учурда, акысыз кирген чалуулардан, SMSтен жана Компаниянын тейлөө көрсөтүүчү кызматтарына чыккан чалуулардан тышкары, бардык акы төлөнүүчү чыккан аракеттер (опциялар, топтомдор, акы төлөнүүчү үн чалуулар/SMS/Интернет-сессиялар) чектелет. Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарынан кайрадан пайдалануу үчүн балансты оң деңгээлге чейин толуктоо зарыл.

Абонент акы төлөнүүчү кызматтарынан 180 же андан ашык календардык күндүн аралыгында пайдаланбаган учурда, абоненттин номуру жана балансындагы акча каражаттын калдыгы жокко чыгарылат.

Баалар КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн. 

Абоненттердин урунуу циклына ылайык абоненттик номур «активдүү режимде»  болгон учурда абонентке байланыш кызматтарына жетки берилет.


«559» тарифтик планында кошууга жеткиликтүү жана жеткиликтүү эмес опциялар жана кошумча кызматтар каралган. Бул тарифтик планга өткөндө кошууга жеткиликтүү эмес опциялар жана кызматтар өчүрүлөт жана өчүрүлгөн опциялар, кошумча кызматтар жеткиликтүү болгон тарифтик планга өтүүдө, кайрадан кошууну талап кылат.

Сунушталган кызматтар

  • «Номур алмашуу»

    кызматы

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу

    кызматы

  • «Жетишсиз баланс тууралуу маалымдоо»

    кызматы

  • «Mega USSD»

    кызматы