«Элдик Интернет»

Чектөөсүз интернет!
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар

Чектөөсүз интернет + акысыз мүнөттөр жана SMS

Жумалык топтом Элдик интернет 90 Элдик интернет 130 Элдик интернет 170

Интернет, ГБ

6 ГБ

8 ГБ

12 ГБ

Көлөмдөрдү сарптагандан кийинки Интернет

Чектөөсүз

Чектөөсүз

Чектөөсүз

Түйүн ичиндеги мүнөттөр

100

200

300

Түйүн ичиндеги SMS

100

200

300

Түйүндөн тышкары мүнөттөр*

-

30

30

Интернет трафиктин көлөмү бирдей бөлүктөн - 2G/3G/4G түйүнүндөгү максималдуу ылдамдыктагы негизги көлөмдөн жана 4G түйүнүндөгү бонустук көлөмдөн турат.

 

Көбүрөөк интернет керекпи? Турбобаскычты кош!

  • Турбобаскыч 2 GB *290*2*1# - 50 сом
  • Турбобаскыч 5 GB *290*5*1# 100 сом
  • Турбобаскыч 10 GB *290*10*1# 150 сом

 

*Жума сайын алынуучу абоненттик төлөм алынгандан тарта Элдик 130/170 тарифтеринин алгачкы 30 мүнөтү үчүн 7 календардык күндүн ичинде аракетте болот.  31-мүнөттөн тарта КРдин башка мобилдик байланыш операторлорунун номурларына чалууда баарлашуунун 1 мүнөтү 3,95 сомду түзөт. КРдин мобилдик байланыш операторлорунун номурларына  «НУР Телеком» ЖЧКнын ( «O!» бренди), «Скай Мобайл» ЖЧКнын («Beeline» бренди) номурлары кирет. Бул нарк чыккан эл аралык чалуулар үчүн каралган эмес.

  • Топтомдун наркы (жумасына)

    Элдик Интернет 90

    90.0
    сом.

    Элдик Интернет 130

    130.0
    сом.

    Элдик Интернет 170

    170.0
    сом.
  • Кирген чалуулар

    КР операторлорунун катталган номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    5.0
    сом.

    Аныкталбаган оператордун номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    3.0
    сом.

    Кирген эл аралык чалуулар жана КРдин мобилдик операторлорунун номурларынан кирген чалуулар (түз номурлар үчүн)

    0.0
    сом.

    Бардык кирген чалуулар түз эмес номурлар үчүн

    0.0
    сом.
  • Интернет-трафик

    4G, 3G, GPRS, WAP

    0.95
    сом.
  • Чыккан чалуулар

    Түйүн ичиндеги чыккан чалуулар

    0.95
    сом.

    Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун номурларына чыккан чалуулар

    3.95
    сом.

    Кыргызстандын катталган операторлорунун номурларына чыккан чалуулар

    5.5
    сом.

    Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар

    «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланышына болгон тарифтөөсүнө ылайык.
  • Өтүү акысы

    «Элдик Интернет»  тарифтик планына өтүү 

    60.0
    сом жана топтомду кошуу көлөмүнө жараша.
  • SMS жана MMS

    Кыргызстандын байланыш операторлорунун номурларына жана лимит сарпталган соң түйүн ичинде

    0.95
    сом.

    MegaCom номурларына MMS жөнөтүү

    6.0
    сом.

  • Топтомду кошуу

    Элдик Интернет 90

    *678*90#

    Элдик Интернет 130

    *678*130#

    Элдик Интернет 170

    *678*170#
  • Тарифтик планына өтүү

    Элдик Интернет 90

    *303*90*1#

    Элдик Интернет 130

    *303*130*1#

    Элдик Интернет 170

    *303*170*1#
  • Башка буйруулар

    Тарифтик план тууралуу маалымат

    *678*1#

    Кошулган топтом боюнча көлөмдүн калдыгы

    *678*2#

    Алдын-ала тапшырык кылынган топтомдон баш тартуу

    *678*0#

Чыккан жана кирген чалуулар үчүн нарк жана тарифтөө - 1 мүнөт, интернет-трафик - 1 МВ, SMS жана MMS – 1 билдирүү эсебинен алынган.

Кыргызстан боюнча чалуулар 10 секундага чейин, эл аралык багыттар боюнча мүнөткө чейин тегеректелет.

4G, 3G, GPRS, WAP-трафиктин тегеректөө кадамы – 100 KB. Тегеректөө ар бир сессиянын аягында көбөйүү жагына жүргүзүлөт.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар мүнөт менен тарифтелет. Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулардын наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланыш үчүн каралган шарттарына ылайык тарифтелет.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан SMS-билдирүүнүн наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын SMS билдирүүлөр үчүн каралган шарттарына ылайык тарифтелет.

«Видеочалуу» кызматынын иштөө шарттарына ылайык чыккан жана кирген видеочалуулар MegaCom, Beeline жана О! абоненттеринин номурларына гана көрсөтүлөт. MegaCom, Beeline жана O! номурларына чыккан видеочалуунун наркы, тарифтик пландагы негизги тарифтөөдө үн чалуулар үчүн  каралган наркка барабар (абонент үн чалууну же видеочалууну бирдей наркта аткара алат).

Топтомдун наркы, бардык салыктарды эсепке алуу менен 7 күн алдын ала алынат. Бардык топтомдордун аракети мобилдик эсепте жетиштүү каражат болгон шартында автоматтык түрдө узартылат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алууда берилген лимит түгөнгөн же баланста каражат жетишсиз болсо, тарифтөө «Элдик» тарифтик планына ылайык жүргүзүлөт.

Тарифтөөнүн аталган шарттарын ишке киргизүүдө, интернет-топтомдорун кошкондон кийин, аракеттеги интернет-сессияны токтотуп жаңысын баштоо үчүн телефон аппаратыңызды өчүрүп-жандырууңуз зарыл. Болбосо, аракеттеги интернет сессия үчүн мурдагы тарифтөө сакталып калат. Тиешелүү тарифтөөнү камсыздоо үчүн топтом кошулгандан кийин 60 секунда (1 мүн.) өткөндөн соң интернет-топтомдон пайдалана баштоону суранабыз».

Элдик тарифиндеги топтомду эки ыкма менен алмаштыруу мүмкүн: учурдагы күн менен (буга чейинки топтом боюнча көлөмдөр жокко чыгарылат) жана келээрки күн менен алмаштырууга буйрутма берүү (учурдагы топтом күч аракетин жоготкондон кийин жаңы топтом кошулат).

«Элдик интернет» тарифтик планына кошулуу аталган тарифтик план үчүн каралган топтомдордун «Элдик интернет 90», «Элдик интернет 130», «Элдик интернет 170» бирин милдеттүү түрдө кошуу менен ишке ашырылат.

00:00дөн кийин топтом жаңыртылганда жеңилдетилген тарифтөөдөн пайдалануу үчүн интернет-сессияны жаңыртуу сунушталат.

Чектөөсүз Интернет – бул абоненттик төлөм алынгандан кийин 7 күнг түйүндөгү максималдуу ылдамдыктагы «Элдик интернет» тарифинин топтомдорундагы интернет көлөмү. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы төмөндөшү мүмкүн.

Бонустук 4G трафиги жогорку артыкчылыкка ээ жана 4G түйүнүндө гана сарпталат.

Турбобаскычтар активдүү Элдик интернет топтому бар учурда гана кошууга жеткиликтүү жана эң жогорку артыкчылыкка ээ. Турбобаскыч активдүү «Элдик интернет» топтомунун аракет мөөнөтү аяктаганга чейин аракетте болот.

Балансты жетиштүү суммага чейин толуктоодон кийин абоненттик төлөмдү эсептен алуу үчүн 20 мүнөт убакыт талап кылынат. Абоненттик төлөм ийгиликтүү алынып, топтом берилгенин текшерүү үчүн *678*2# буйруусун терүү зарыл.

Интернеттин негизги жана бонустук 4G көлөмү максималдуу ылдамдыкта берилет. Көлөмдөр сарпталгандан кийин чектөөсүз интернет аракетте болот, бул учурда интернеттин ылдамдыгы төмөндөшү мүмкүн.

Негизги топтом сарпталбаган учурда «Элдик» тарифтик планынан башка тарифтик планга өтүүдө топтомдогу көлөм жокко чыгарылат.

Эгерде кезектеги абоненттик төлөмдү алууда негизги топтом алкагында берилген мүнөттөр, SMS же интернет-трафиктин мегабайттары сарпталбаган болсо, сарпталбаган мүнөттөр, SMS же интернет-трафиктин мегабайттары жокко чыгарылат

«Элдик» тарифтик планына өтүүдө абоненттин балансында акча каражат топтомду кошуу үчүн жетиштүү эмес болсо, өтүү аткарылбайт.

7- күнү абонентке АТ план боюнча алынаары тууралуу маалыматты камтыган SMS эскертме жөнөтүлөт. SMS жөнөтүү 10:00дөн 18:00гө чейинки убакыт аралыгында ишке ашырылат.

Негизги топтомду USSD, SMS же операторлор аркылуу өчүрүү аткарылбайт.

Эгерде абоненттен кошулган топтомдун кезектеги абоненттик төлөмүн алууда баланста каражат жетиштүү эмес болсо, абоненттик төлөм алынбайт жана тарифтөө тарифтик пландын негизги шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Абоненттин балансында зарыл болгон каражат пайда болгон учурда абоненттик төлөм алынып, негизги топтом автоматтык түрдө кошулат.

Бир убакытта негизги топтомдун бир түрүн эки жолу кошуу мүмкүн эмес. Бирок башка көлөмдөгү негизги топтомду кошуу жеткиликтүү. Бул учурда буга чейин кошулган негизги топтомдогу сарпталбаган көлөм жокко чыгарылат.

«Элдик интернет» топтомдору «Элдик» тарифтик планында гана кошууга жеткиликтүү.

Негизги топтомдор роумингде жеткиликтүү эмес.

Абоненттин балансы 0,00 сомго жеткен учурда, акысыз кирген чалуулардан, SMSтен жана Компаниянын тейлөө көрсөтүүчү кызматтарына чыккан чалуулардан тышкары, бардык акы төлөнүүчү чыккан аракеттер (опциялар, топтомдор, акы төлөнүүчү үн чалуулар/SMS/Интернет-сессиялар) чектелет. Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарынан кайрадан пайдалануу үчүн балансты оң деңгээлге чейин толуктоо зарыл.

Абонент 180 календардык күндөн ашуун убакыт ичинде акы төлөнүүчү кызматтардан пайдаланбаган учурда, абоненттин номуру жана балансындагы акча каражаттын калдыгы жокко чыгарылат.

Катталган төлөмдөр үчүн нарктар бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлгөн, тарифтөөнүн нарктары КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.

«Абоненттердин урунуу циклына ылайык абоненттик номур «активдүү режимде»  болгон учурда абонентке байланыш кызматтарына жетки берилет.


«Элдик Интернет» тарифтик планында кошууга жеткиликтүү жана жеткиликтүү эмес опциялар жана кошумча кызматтар каралган. Бул тарифтик планга өткөндө кошууга жеткиликтүү эмес опциялар жана кызматтар өчүрүлөт жана өчүрүлгөн опциялар, кошумча кызматтар жеткиликтүү болгон тарифтик планга өтүүдө, кайрадан кошууну талап кылат.

Сунушталган кызматтар

  • «Экинчи дем»

    кызматы

  • «SMS 25» топтому роумингде

    кызматы

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «SMS2Google+ жана Google+2SMS»

    кызматы