«Элдик»

Өзүңүздүн «Элдигиңизди» тандап алып, SMS жөнөтүү жана Интернет менен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар

Акысыз мобилдик Интернет, SMS жана түйүндөн тышкары чалуулар

«Элдик» - ар бир абонент үчүн ыңгайлуу тарифтик план жана топтомдор. Түйүн ичиндеги чалуулар жана SMS үчүн Нөл. Түйүндөн тышкары чалууларга Нөл. Чексиз ылдамдыктагы Интернет үчүн Нөл.

MegaCom  түйүнү ичиндеги жана түйүндөн тышкары акысыз чалуулар, түйүн ичиндеги SMS, 4G жана 3G мобилдик Интернетинен пайдалануу мүмкүнчүлүгү «Элдик» сунушунун өзгөчөлүгү.

Өзүңүзгө ыңгайлуу топтомду тандап алыңыз.

Жумалык топтом Элдик 50 Элдик 80 Элдик 120 Элдик 160 Элдик 210
Интернет, MB 1050 2100 3500 5250 7350
Түйүн ичиндеги мүнөттөр 300 500 950 1300 1500
Түйүндөн тышкары мүнөттөр - - 30* 30* 50*
Түйүн ичиндеги SMS 500 1000 1500 2000 2500

Интернет-трафиктин көлөмү күн сайын бирдей бөлүктө 7 календардык күнгө берилет.

*Жума сайын алынуучу абоненттик төлөм алынгандан тарта, Элдик 210 тарифинин алгачкы 50 мүнөтү  жана  Элдик 120/160 тарифтеринин алгачкы 30 мүнөтү үчүн 7 календардык күндүн ичинде аракетте болот.  31/51-мүнөттөн  тарта КРдин башка мобилдик байланыш операторлорунун номурларына чалууда баарлашуунун 1 мүнөтү  3,95 сомду түзөт. КРдин мобилдик байланыш операторлорунун номурларына  «НУР Телеком» ЖЧКнын( «O!» бренди), «Скай Мобайл» ЖЧКнын ( «Beeline» бренди) номурлары кирет. Бул нарк чыккан эл аралык чалуулар үчүн каралган эмес.

  • Топтомдун наркы (жумасына)

    Элдик 50

    50.0
    сом.

    Элдик 80 

    80.0
    сом.

    Элдик 120

    120.0
    сом.

    Элдик 160

    160.0
    сом.

    Элдик 210

    210.0
    сом.
  • Чыккан чалуулар

    Түйүн ичиндеги чыккан чалуулар

    0.95
    сом.

    Кыргызстандын башка мобилдик операторлорунун номурларына чыккан чалуулар

    3.95
    сом.

    Кыргызстандын катталган операторлорунун номурларына чыккан чалуулар

    5.5
    сом.

    Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар

    «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланышына болгон тарифтөөсүнө ылайык.
  • Интернет-трафик

    4G, 3G, GPRS, WAP

    0.95
    сом.
  • SMS жана MMS

    Кыргызстандын байланыш операторлорунун номурларына жана лимит сарпталган соң түйүн ичинде

    0.95
    сом.

    Кыргызстандын операторлорунун номурларына MMS жөнөтүү (анын ичинде эл аралык)

    6.0
    сом.
  • Өтүү акысы

     «Элдик» тарифтик планына өтүү 

    95.0
    сом.
  • Кирген чалуулар

    КР операторлорунун катталган номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    5.0
    сом.

    Аныкталбаган оператордун номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    3.0
    сом.

    Кирген эл аралык чалуулар жана КРдин мобилдик операторлорунун номурларынан кирген чалуулар (түз номурлар үчүн)

    0.0
    сом.

    Бардык кирген чалуулар түз эмес номурлар үчүн

    0.0
    сом.

  • Топтомду кошуу

    Элдик 50

    *678*50#

    Элдик 80

    *678*80#

    Элдик 120

    *678*120#

    Элдик 160

    *678*160#

    Элдик 210

    *678*210#
  • Тарифтик планына өтүү

    Элдик 50

    *303*50*1#

    Элдик 80

    *303*80*1#

    Элдик 120

    *303*120*1#

    Элдик 160

    *303*160*1#

    Элдик 210

    *303*210*1#
  • Башка буйруулар

    Тарифтик план тууралуу маалымат

    *678*1#

    Кошулган топтом боюнча көлөмдүн калдыгы

    *678*2#

Чыккан жана кирген чалуулар үчүн нарк жана тарифтөө - 1 мүнөт, интернет-трафик - 1 МВ, SMS жана MMS – 1 билдирүү эсебинен алынган.

Кыргызстан боюнча чалуулар 10 секундага чейин, эл аралык багыттар боюнча мүнөткө чейин тегеректелет.

4G, 3G, GPRS, WAP-трафиктин тегеректөө кадамы – 100 KB. Тегеректөө ар бир сессиянын аягында көбөйүү жагына жүргүзүлөт.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар мүнөт менен тарифтелет. Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулардын наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланыш үчүн каралган шарттарына ылайык тарифтелет.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан SMS-билдирүүнүн наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын SMS билдирүүлөр үчүн каралган шарттарына ылайык тарифтелет.

«Видеочалуу» кызматынын иштөө шарттарына ылайык чыккан жана кирген видеочалуулар MegaCom, Beeline жана О! абоненттеринин номурларына гана көрсөтүлөт. MegaCom, Beeline жана O! номурларына чыккан видеочалуунун наркы, тарифтик пландагы негизги тарифтөөдө үн чалуулар үчүн  каралган наркка барабар (абонент үн чалууну же видеочалууну бирдей наркта аткара алат).

Топтомдун наркы, бардык салыктарды эсепке алуу менен 7 күн алдын ала алынат. Бардык топтомдордун аракети мобилдик эсепте жетиштүү каражат болгон шартында автоматтык түрдө узартылат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алууда берилген лимит түгөнгөн же баланста каражат жетишсиз болсо, тарифтөө «Элдик» тарифтик планына ылайык жүргүзүлөт.

Тарифтөөнүн аталган шарттарын ишке киргизүүдө, интернет-топтомдорун кошкондон кийин, аракеттеги интернет-сессияны токтотуп жаңысын баштоо үчүн телефон аппаратыңызды өчүрүп-жандырууңуз зарыл. Болбосо, аракеттеги интернет сессия үчүн мурдагы тарифтөө сакталып калат. Тиешелүү тарифтөөнү камсыздоо үчүн топтом кошулгандан кийин 60 секунда (1 мүн.) өткөндөн соң интернет-топтомдон пайдалана баштоону суранабыз».

«Элдик» тарифи боюнча мегабайттар калдыгын текшерүүдө активдүү интернет сессияны аяктоо керек, анткени мегабайттар калдыгы интернет байлыныш аяктаганда гана такталат.

Эгерде сиз учурдагы «Элдик» топтомун башка көлөмдөгү топтомго алмаштырууну кааласаңыз, абоненттик төлөм эки жолу алынбашы үчүн топтомдун аракет мөөнөтүнүн 7чи күнүнө чейин алмаштыруу керек.

«Элдик» тарифтик планына кошулуу аталган тарифтик план үчүн каралган топтомдордун «Элдик 50», «Элдик 80», «Элдик 120», «Элдик 160», «Элдик 210») бирин милдеттүү түрдө кошуу менен ишке ашырылат.

Жеңилдетилген тарифтөөдөн пайдалануу үчүн 00:00дөн кийин интернет-сессияны жаңыртуу сунушталат, антпесе 00:00дөн кийин интернет-сессия «Элдик» тарифтик планынын базалык тарифтөөсүнө ылайык жүргүзүлүп, 1 мегабайттын наркы 0,95 сомду түзөт.

Балансты жетиштүү суммага чейин толуктоодон кийин абоненттик төлөмдү эсептен алуу үчүн 20 мүнөт убакыт талап кылынат. Абоненттик төлөм ийгиликтүү алынып, топтом берилгенин текшерүү үчүн *678*2# буйруусун терүү зарыл.

Негизги топтом сарпталбаган учурда «Элдик» тарифтик планынан башка тарифтик планга өтүүдө топтомдогу көлөм жокко чыгарылат.

Эгерде кезектеги абоненттик төлөмдү алууда негизги топтом алкагында берилген мүнөттөр, SMS же интернет-трафиктин мегабайттары сарпталбаган болсо, сарпталбаган мүнөттөр, SMS же интернет-трафиктин мегабайттары жокко чыгарылат.

«Элдик» тарифтик планына өтүүдө абоненттин балансында акча каражат топтомду кошуу үчүн жетиштүү эмес болсо, өтүү аткарылбайт.

Эгерде абоненттин балансы топтомду соңку мезгилге узартуу үчүн жетиштүү эмес болсо, абонент жумалык наркты төлөө зарыл экендиги тууралуу 7-күнү атайын SMS аркылуу маалымдалат. SMSти жөнөтүү 10:00-18:00 убакыт ичинде аткарылат.

Негизги топтомду USSD, SMS же операторлор аркылуу өчүрүү аткарылбайт.

Эгерде абоненттен кошулган топтомдун кезектеги абоненттик төлөмүн алууда баланста каражат жетиштүү эмес болсо, абоненттик төлөм алынбайт жана тарифтөө тарифтик пландын негизги шарттарына ылайык жүргүзүлөт. Абоненттин балансында зарыл болгон каражат пайда болгон учурда абоненттик төлөм алынып, негизги топтом автоматтык түрдө кошулат.  

Бир убакытта негизги топтомдун бир түрүн эки жолу кошуу мүмкүн эмес. Бирок башка көлөмдөгү негизги топтомду кошуу жеткиликтүү. Бул учурда буга чейин кошулган негизги топтомдогу сарпталбаган көлөм жокко чыгарылат.  

«Элдик» топтомдору «Элдик» тарифтик планында гана кошууга жеткиликтүү.

Негизги топтомдор роумингде жеткиликтүү эмес.

Абоненттин балансы 0,00 сомго жеткен учурда, акысыз кирген чалуулардан, SMSтен жана Компаниянын тейлөө көрсөтүүчү кызматтарына чыккан чалуулардан тышкары, бардык акы төлөнүүчү чыккан аракеттер (опциялар, топтомдор, акы төлөнүүчү үн чалуулар/SMS/Интернет-сессиялар) чектелет. Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарынан кайрадан пайдалануу үчүн балансты оң деңгээлге чейин толуктоо зарыл.

Абонент 180 календардык күндөн ашуун убакыт ичинде акы төлөнүүчү кызматтардан пайдаланбаган учурда, абоненттин номуру жана балансындагы акча каражаттын калдыгы жокко чыгарылат.  

Баалар КНСти эсепке алуу менен, ССти эсепке албастан көрсөтүлгөн.


«Элдик» тарифтик планында кошууга жеткиликтүү жана жеткиликтүү эмес опциялар жана кошумча кызматтар каралган. Бул тарифтик планга өткөндө кошууга жеткиликтүү эмес опциялар жана кызматтар өчүрүлөт жана өчүрүлгөн опциялар, кошумча кызматтар жеткиликтүү болгон тарифтик планга өтүүдө, кайрадан кошууну талап кылат.

Сунушталган кызматтар

  • «SMS2Google+ жана Google+2SMS»

    кызматы

  • «Мага кайра чал»

    кызматы

  • «Лоялдуу номур»

    кызматы

  • «Чалуулардын деталдоосу»

    кызматы