«All inclusive»

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

Топтом активдүү шартында MegaCom номурларына чалуу, 10 күнгө түйүн ичиндеги алгачкы 400 мүнөткө

0.0 сом.

Эл аралык багыттар боюнча бонустук мүнөттөр 10 күнгө - Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Австрия, Бельгия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Нидерланддар, Норвегия, Португалия, Польша, Румыния, Словакия, Франция, Финляндия, Чехия, Швейцария, Швеция, Түркия, Индия, Иран, Кытай, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Филиппиндер, АКШ, Канада

40.0 мүнөт.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр
  • Жеткиликтүү опциялар жана кызматтар

Көңүл бургула, бул архивдеги тариф

 

Дүйнө жүзүнө жана өлкө ичинде нөлдүк наркта чалууну шарттаган Кыргызстанда ыңгайлуу жана үнөмдүү жүрүү мүмкүнчүлүгү

Республика ичинде баарлашууга жана тандалган эл аралык багыт боюнча чалууларга үнөмдөөнү шарттаган, өлкөбүздүн меймандары үчүн жеңилдетилген тарифтөө каралган тарифтик план. Ал эми, 1 GB жана 4 GB (2 GB күндүзгү жана 2 GB түнкү) көлөмүндөгү интернет-топтомдор «All Inclusive» тарифтик планынын жагымдуу бонусу экени шексиз.  

«All Inclusive» жеңилдетилген тарифтөөсүнөн пайдалануу үчүн Сизге төмөндөгү шарттарды аткаруу зарыл:

Кадам Аткаруу
1-КАДАМ «All Inclusive» тарифинин баштапкы топтомун сатып алып, бонустарды активдештирүү үчүн балансты 500 сомго толуктаңыз.
2-КАДАМ *Бонустарды *444#чакыруу, акысыз буйруусу аркылуу активдештирип, түйүн ичиндеги АКЫСЫЗ 400 мүнөттү, 400 SMS жана 512 MB трафикти 10 күнгө алыңыз.
3-КАДАМ

*Бир эл аралык багытты тандап, активдештириңиз жана тандалган багыт боюнча АКЫСЫЗ 40 эл аралык мүнөт 10 күнгө алыңыз.

ОРУСИЯ, КАЗАКСТАН (жана башка КМШ өлкөлөрү) - *445*1#

Европа - *445*2#

Азия - *445*3#

Түндүк Америка - *445*4#

Өлкөлөрдүн толук тизмеси төмөндөгүдө көрсөтүлгөн.

4-КАДАМ Эгерде Сизде акысыз баарлашуу көлөмү сарпталган же аракет мөөнөтү аяктаган болсо, Сиз *444# буйруусун терүү аркылуу жеңилдетилген тарифтөөнү кайрадан активдештире аласыз (500 сом). Сизге кайрадан түйүн ичиндеги АКЫСЫЗ 400 мүн./400 SMS, 512 MB, тандалган багыт боюнча эл аралык баарлашуу үчүн 40 мүнөт жеткиликтүү болот. Топтомдордун калдыгын текшерүү *445#чакыруу
5-КАДАМ Кыргызстанга кайрадан келгенге чейин SIM-картаны сактап коюңуз, себеби SIM-карта 450 күндүн ичинде активдүү болот.

 

«All Inclusive» тарифтик планында Сизге төмөндөгү эл аралык багыттар боюнча үнөмдүү баарлашуу мүмкүнчүлүгү тартууланат:

Багыт Өлкөлөр
КМШ Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан
Европа Австрия, Бельгия, Болгария, Улуу Британия, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Нидерланддар, Норвегия, Португалия, Польша, Румыния, Словакия, Франция, Финляндия, Чехия, Швейцария, Швеция, Түркия
Азия Индия, Иран, Кытай, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Филиппиндер
Түндүк Америка АКШ, Канада
  • All Inclusive топтомдору

    «1 GB» интернет-топтому

    300.0
    сом.

    «2+2 GB» интернет-топтому

    950.0
    сом.
  • Кирген чалуулар

    КР операторлорунун катталган номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    5.0
    сом.

    Аныкталбаган оператордун номурунан кирген чалуунун наркы (түз номурлар үчүн)

    3.0
    сом.

    Кирген эл аралык чалуулар жана КРдин мобилдик операторлорунун номурларынан кирген чалуулар (түз номурлар үчүн)

    0.0
    сом.

    Бардык кирген чалуулар түз эмес номурлар үчүн

    0.0
    сом.
  • Чыккан чалуулар

    Түйүн ичиндеги мүнөттөр/SMS жана MB бонустук топтомдорун кошууда MegaCom номурларына (бонусту активдештирүүдөн тарта 10 күнгө түйүн ичиндеги алгачкы 400 мүнөт)

    0.0
    .

    Бонустук топтомдун аракет мөөнөтү аяктагандан же чектен ашып кеткен учурда MegaCom номурларына 

    2.0
    сом.

    Кыргызстандын башка операторлорунун номурларына

    5.0
    сом.

    «Кыргызтелеком» ААКнын номурларына катталган номурларына 

    5.5
    сом.

    Эл аралык операторлордун номурларына (эл аралык мүнөттөр топтомунун аракет мөөнөтү аяктаган же чектен ашып кеткен учурда)

    «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланыш үчүн тарифтөөсүнө ылайык.
  • Интернет-трафик

    3G, GPRS, WAP 

    4.0
    сом.
  • SMS жана MMS

    MegaCom номурларына

    1.0
    сом.

    Кыргызстандын уюлдук номурларына

    2.0
    сом.

    MegaCom номурларына MMS жөнөтүү

    6.0
    сом.
  • Катталган төлөмдөр

    Баштапкы комплектинин баасы

    30.0
    сом.

    Кошулуу үчүн төлөм

    20.0
    сом.

    Баштапкы баланс

    10.0
    сом.

  • All Inclusive томтомдору

    «2+2 GB» интернет-топтому

    *192*2048#

    «1 GB» интернет-топтому

    *444*2#

    КМШ

    *445*1#

    Европа

    *445*2#

    Азия

    *445*3

    Түндүк Америка

    *445*4#
  • Өтүү

    «All Inclusive» тарифтик планына өтүү

    жабык

Топтомдор ортосунда кантип которулуу керек

Аталган тарифтөөнү ишке киргизүү үчүн аракеттеги интернет-сессияны токтотуп, жаңысын баштоо зарыл.

Күндүзгү топтомдон түнкү топтомго (23:59:59 - 00:00:00) же түнкүсүнөн күндүзгүгө (07:59:59 – 08:00:00) өтүү үчүн аракеттеги интернет сессияны токтотуп, жаңысын баштоо зарыл. 

Же телефондук аппаратты өчүрүп жандыруу зарыл.

Топтомдун аракет мөөнөтү 30 күн, активдештирүү күнүн кошуп эсептегенде.

Интернетке жетки ылдамдыгы чексиз. Тегеректөө кадамы 100 КВ

Кирген жана чыккан чалуулардын наркы жана тарифтөөсү 1 мүнөт үчүн, интернет-трафик 1МВ, SMS жана MMS 1 билдирүү үчүн көрсөтүлгөн.

Кыргызстан боюнча чалуулар 10 секундага чейин, эл аралык багыттар боюнча чалуулар мүнөткө чейин тегеректелет.

Түз номурлар үчүн түйүн ичиндеги чыккан жана кирген чалуулардын алгачкы 3 секундасы тарифтелбейт.

«All Inclusive» тарифинин алдын ала активдештирилген комплектисин активдештирүүдө же балансты 50 сом же андан ашык суммага толуктоодо, абонентке тарифтелбеген трафикти камтыган бонустук топтомду кошуу мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү SMS-маалымдоо келет: түйүн ичиндеги 400 мүнөт жана 400 SMS, интернет трафиктин 512 MB 10 календардык күнгө берилет. Саламдашуу SMS-билдирүүсү 444 кыска номурунан келет. «1» текстин камтыган SMS-билдирүүнү жөнөтүү менен абонент аталган топтомду активдештире алат (түйүн ичиндеги мүнөттөр жана SMS, МВ). Бонустук топтомду кошуу наркы – 500 сом.

Абонент тарабынан бонустук топтом (интернет трафиктин Мб, түйүн  ичиндеги  мүнөт  жана  SMSтер) кошулгандан тарта, 10 календардык күндүн ичинде,  абонентке  USSD/SMS-буйруусу аркылуу, тандалган багыт боюнча  мүнөтүнө тарифтөөсү 0,00 сомдон болгон  40 мүнөттүк эл аралык топтомду акысыз кошуу мүмкүнчүлүгү тартууланат, б.а. эл аралык топтомдун мүнөттөрүн  бонустук топтомдун (МВ, түйүн ичиндеги мүнөт жана  SMSтер)  аракет мөөнөтү аяктаганга чейин кошууга болот.

Абонент  өз номуруна эл аралык  багыттагы  өлкөлөрдүн тизмесинин ичинен  бир   убакытта  бир гана эл аралык багытты кошо алат. Көрсөтүлгөн  өлкөлөрдүн премиум номурларына  сурам чакырыгы эл аралык чалуулардын баа  тизмегине ылайык тарифтелет. Эл  аралык топтомдун  аракет мөөнөтү  (белгиленген багыттагы мүнөттөр) активдүү бонустук топтомдун (МВ, түйүн ичиндеги мүнөт жана SMSтер)  аракет мөөнөтүнө барабар, б.а. эгерде эл аралык топтом бонустук топтом активдештирилгенден тарта 9-күнү кошулган болсо, анда аталган эл аралык бонустук топтом  бонустук топтомдун (МВ, түйүн ичиндеги мүнөт жана  SMSтер)  аракет мөөнөтү аяктаган күнү,  башкача айтканда бир күндөн кийин өчүрүлөт.

Топтомдун аракет мөөнөтү аяктаган учурда топтом өчүрүлөт жана топтом боюнча калдык жокко чыгарылат.

Бонустук топтомдун багыттарынын бири боюнча  (МВ же түйүн ичиндеги мүнөт жана  SMS) көлөм толугу менен сарпталып же  аракет мөөнөтү аяктаганда, абонент *444#  USSD буйруусу  же 444 кыска номуруна «1» санын камтыган SMS билдирүү  жөнөтүү аркылуу кайрадан  бонустук топтомду (түйүн ичиндеги мүнөт жана  SMSтер/МВ) толугу менен жаңыртып же кошо алат.

Бонустук топтомду өчүрүү (түйүн ичиндеги мүнөттөр жана SMS, MB) жеткиликтүү эмес.

Эл аралык топтомдун  багытын кайрадан тандоо жеткиликтүү эмес. Сиз эл аралык багытты 1 жолу гана тандай аласыз.

Чалууларды дарегин алмаштырууда түйүн ичиндеги бонустук мүнөттөр жана эл аралык мүнөттөр аракетте болбойт, тарифтөө абоненттин тарифтик планына ылайык жүргүзүлөт. Бонустук топтом (МВ, түйүн ичиндеги мүнөттөр жана SMS) жана мүнөттөрдүн эл аралык топтому роумингде жеткиликтүү эмес.

Эл аралык топтомду жаңыртуу жана кошуу акысыз ишке ашырылат. Бонустук топтомдордун көлөмдөрүн жаңыртуу төмөндөгүнү билдирет:

  • Абоненттин номуруна түйүн ичиндеги 400 мүнөттөн жана 400 SMSтен, 512 MB интернет трафиктен турган жаңы көлөм 10 календардык күн аракет мөөнөтүнө кошулат;
  • Абоненттин номурунда бонустук топтомду (түйүн ичиндеги мүнөттөр жана SMS, MB) жаңыртууда, белгиленген эл аралык багыт боюнча мүнөттөр көлөмү дагы автоматтык түрдө жаңыртылат;
  • Бонустук топтомду кайрадан кошууда (түйүн ичиндеги мүнөттөр жана SMS, MB) абоненттин номурунда белгиленген эл аралык багыт автоматтык түрдө кошулат.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулар мүнөт менен тарифтелет. Тарифтик планда каралбаган эл аралык операторлордун номурларына чыккан чалуулардын наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын үн байланыш үчүн каралган шарттарына ылайык тарифтелет.

Эл аралык операторлордун номурларына чыккан SMS-билдирүүнүн наркы «Эл аралык байланыш» кызматынын SMS билдирүүлөр үчүн каралган шарттарына ылайык тарифтелет.

Чыккан жана кирген видеочалуулар MegaCom, Beeline жана О! операторлорунун абоненттеринин номурлары үчүн гана жеткиликтүү жана «Видеочалуу» кызматынын шарттарына ылайык көрсөтүлөт. MegaCom, Beeline жана O! операторлорунун номурларына чыккан видеочалуулардын наркы негизги тарифтик пландын тарифтөөсүнө ылайык  чыккан үн чалууларынын наркы менен бирдей (абонент үн чалууну же видеочалууну бирдей наркта аткара алат).

3G, GPRS жана WAP-трафиктин тарифтөө кадамы – 100 КВ, WAP-трафиктин тарифтөө кадамы – 10 КВ. Тегеректөө ар бир сессия аяктаган соң көбөйүү жагына жүргүзүлөт. 3G жана GPRS-интернеттен пайдаланып келген абоненттерге интернетке чыгуу үчүн WAP жетки чекитин кошумча тууралоо талап кылынбайт. 3G/GPRS-трафиктин тарифтөөсү үчүн каралган жеңилдиктер WAP-трафиктин тарифтөөсүнө тиешелүү эмес. Интернетке жетки ылдамдыгы чексиз.

Интернет-трафиктин 1 GB көлөмүн камтыган «1 GB» топтому «All Inclusive» тарифинин абоненттери үчүн гана жеткиликтүү. Сиз топтомду *444*2# буйруусун терүү аркылуу кайрадан кошо аласыз. Топтомдун аракет мөөнөтү 30 күн, активдештирүү күнүн кошкондо.

Мобилдик интернеттен эркин пайдалануу үчүн «Чексиз интернет», «Чексиз интернет 200», «Unlim 24», «Unlim 24+», «Чексиз түн» интернет-опцияларына кошулууңуз.

Абоненттин балансы 0,00 сомго жеткен учурда, акысыз кирген чалуулардан, SMSтен жана Компаниянын тейлөө көрсөтүүчү кызматтарына чыккан чалуулардан тышкары, бардык акы төлөнүүчү чыккан аракеттер (опциялар, топтомдор, акы төлөнүүчү үн чалуулар/SMS/Интернет-сессиялар) чектелет. Акы төлөнүүчү байланыш кызматтарынан кайрадан пайдалануу үчүн балансты оң деңгээлге чейин толуктоо зарыл.

«All Inclusive» тарифтик планындагы SIM-картанын урунуу мерчими 450 календардык күндү түзөт.

Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.


«All Inclusive» тарифтик планында жеткиликтүү жана жеткиликтүү эмес опциялар жана кошумча кызматтар каралган.

Сунушталган кызматтар

  • «SIM-картаны каттоо»

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • «+996» түркүмүндөгү топтомдор

    кызматы

  • «Толукта жана утуп ал» акциясы

    кызматы