Перейти на новый сайт


Алтын номер акысыз

Акция жаңы кошулуулар үчүн каралган. «Алтын номер акысыз» акциясына катышуу үчүн аталган акциянын (мындан ары – Акциялык номер) алкагында алынган алтын номерде «Суперыңгайлуу 595» же «Суперыңгайлуу 795» топтомдорунун бирин кошуп алуу жана шарттарды сактоо зарыл.  

Маанилүү! USSD-буйрууну колдонуу менен, же болбосо СТБ/ФС аркылуу  «Суперыңгайлуу 595» же «Суперыңгайлуу 795» топтомдоруна өтүүдө, абонент автоматтык түрдө акциянын катышуучусу боло албайт жана «Алтын» классындагы номерге ээ болбойт. Акцияга катышуу үчүн каттоодон өтүп, келишим түзүп,  жана да «Алтын» категориясынын номери менен жаңы sim-карта алуусу керек.

Акциянын шарттары

1. Кошулган топтом үчүн 6 ай  (180 күндүн) ичинде абоненттик төлөмдү өз убагында төлөө.

Акциялык номерди алган учурдан тарта 180 күндүн ичинде, абонент төлөнгөн негизги топтомдун аракет мөөнөтү аяктаган күндөн баштап 10 күндөн кечиктирбестен, негизги топтом үчүн акы төлөөгө милдеттүү.

Акциялык номер боюнча төлөнгөн топтом жок болсо, төлөнгөн топтомдун аракет мөөнөтү аяктагандан кийинки күнү Акциялык номер бөгөттөлөт. Абонентке топтом үчүн төлөмдү өз убагында төлөө тууралуу эскерткен билдирүү келет. Номерди бөгөттөн чыгаруу үчүн, абонент Сатуу жана тейлөө борборуна/Фирмалык салонго кайрылуусу керек.

Маанилүү! Суткалык топтом үчүн төлөм жүргүзүү Акциянын шарттарын аткарууга кирбейт.
Абонент “бөгөттөлгөн” абалындагы Акциялык номерди ал бөгөттөлгөн учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде бөгөттөн чыгарышы керек. “Номер бөгөттөлгөн” абалында абонент шашылыш номерлерге жана *500 Байланыш борборуна чала алат.

Номерди бөгөттөн чыгаруу абоненттин СТБга/ФСке кайрылуусунда ишке ашырылат.  

2. Акциялык номердин тандалган негизги топтомуүчүнАТ алгачкы жолу эсептен чыгарылган күндөн тартып 180 күндүн ичинде Тарифтик планды жана топтомду алмаштырбоо керек. Топтомду абоненттик төлөмү жогору болгон топтомго гана гана алмаштырууга уруксат берилет, бул учурда “Суперыңгайлуу 795” топтомуна алмаштырууга болот.

3. АТ  алгачкы жолу  эсептен чыгарылган күндөн тартып, 6 айдын ичинде абонент «Тыным» кызматына кошула албайт.

4. Негизги топтом үчүн абоненттик төлөм алынган күн акциянын  шарттарын аткаруунун башталган күнү болуп эсептелет.

Акциялык номерди акциянын шарттарын бузуу менен колдонгон учурда, бул номер Абонентке 10 календардык күндөнкем эмес убакыттын ичинде жаңы номер көрсөтүлгөн SMS- билдирүү жөнөтүү менен, Оператор тарабынан бир тараптуу тартипте башка номерге алмаштырылат.

 

Наркы жана тарифтөөсү

Акциянын алкагында “Алтын” классынын номерлери акысыз таратылат, бирок Акцияга катышкан тарифтик сунуштардын наркы Кардар менен келишим түзгөн учурда кабыл алынган бааларга ылайык стандарттуу бойдон калат.