Перейти на новый сайт

MegaDrive

Көңүл буруңуз, акция аяктады!

MegaCom компаниясынын MegaDrive акциясына катышып, жагымдуу белектерге ээ бол!

Төмөндөгү шилтемелер боюнча Мега24 тиркемесинин Өзүңүзгө ыңгайлуу болгон версиясын жүктөп алыңыз:

 


✅ Акцияга катышуу үчүн эмне талап кылынат?

1.  Мега24 тиркемесин жүктөп алуу же жаңылоо (Google Play жана App Storeꞌдон жүктөп алууга болот);
2.  «Акциялар» бөлүмүндө MegaDrive акциясына катталуу;
3.  Акциянын шарттарында каралган тапшырмаларды аткаруу;
4.  «Изумруд уюкчаларын» топтоп, аларды гигабайттарга жана мүнөттөргө, ошондой эле MegaComꞌдун жана компаниянын өнөктөштөрүнүн башка баалуу сыйлыктарына алмаштыруу.

«Изумруд уюкчаларын» жол эрежесин бузбаган учурда күн сайын эсептелет.

Автоунаа ышкыбоздору плакаттардан, стикерлерден жана башкалардан QR-коддорду издөө жана сканерлөө боюнча көптөгөн кызыктуу тапшырмаларды аткарып, бул үчүн да бонустук уюкчаларга ээ болушат.

Акцияга катышып, «Изумруд уюкчаларын» байгелерге алмаштырыңыз. Байгелердин тизмеси менен Mega24 тиркемесинин Mega Drive акциясы бөлүмүндөгү «Байгелер дүкөнүнөн» таанышууга болот.

Мындан тышкары, MegaCom абоненттери Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларындагы иш-чараларга катышып, компаниянын өнөктөштөрүнүн байгелерин утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Дөңгөлөктөр, унаа майлары, жана да ички жасалгалоо, автохимиялык тазалоо жана унаа жуугучтар, сервистик диагностика кызматтары жана башка көптөгөн байгелер  ойнотулат.

🚙 Акциянын өнөктөштөрү:⠀

🔹 «Троян плюс» соода үйү;
🔹 «НСК» камсыздандыруу компаниясы;
🔹  «Авторадио»;
🔹  «Автогид» гезити;
🔹 «Планета шин» дүкөнү;
🔹  360details автоаксессуарлар дүкөнү;
🔹  Autoprofi техникалык тейлөө станциясы;
🔹  Mercur техникалык тейлөө станциясы;
 

Акциянын эрежелери

Акция КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын колдоосунда өткөрүлүүдө.

  • Mega Drive акциясы 2020-жылдын 16-июнунан 2020-жылдын 1-декабрьга чейин өткөрүлөт ( байгелерди берүү мөөнөтүн кошпогондо).
  • Акциянын катышуучусу болуу үчүн, Mega24 мобилдик тиркемесиндеги Mega Drive Акциясы бөлүмүндө катталуу зарыл.
  • Акциянын катышуучулары Mega24 мобилдик тиркемесиндеги Mega Drive Акциясы бөлүмүндөгү «Тапшырмалар» баракчасында жеткиликтүү болгон түрдүү тапшырмаларды аткарышат.
  • Уюштуруучу тапшырмалардын тизмегин өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Акцияга катышуу менен Катышуучу  тапшырмалардын тизмеги менен таанышкандыгын жана макул экендигин тастыктайт.
  • Аткарылган тапшырмалар үчүн «Mega Drive» Акциясынын катышуучусуна «Уюкчалар» эсептелет. Эсептелүүчү  Уюкчалардын саны ар бир тапшырма үчүн  өзүнчө аныкталат.
  • Катышуучу топтолгон Уюкчаларды Mega Drive Акциясынын байге фондусунун байгелерине алмаштырат.
    Mega Drive Акциясынын байге фонду «Байгелер дүкөнү» бөлүмчөсүндө чагылдырылат.
  • Өнөктөштөрдүн байгелери Mega Drive Акциясынын шарттарына ылайык Акциянын Өнөктөштөрү тарабынан берилет;
  • Байгелерди Акцияны өткөрүү мөөнөтүнүн ичинде жана Акция аяктагандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде алууга болот.

Толук маалымат Mega24 мобилдик тиркемесиндеги Mega Drive Акциясы бөлүмүндө жеткиликтүү.