Перейти на новый сайт


Абонент менен Оператордун байланышуу жолдору

Voice +

«Voice+» – абонент жок номерди (жаңылыш үн трафиги) терген учурда, Компаниянын кызматтарын жана өнүмдөрүн жайылтууга багытталган Оператор менен Абоненттердин ортосунда өз ара аракеттенүүнүн кошумча каналы.

«Voice+» сервиси аркылуу өнүмдөрдү жайылтуу төмөндөгүдөй жолдор менен ишке ашырылат:

  • А абоненти (MEGA түйүнүнүн абоненти) Б абонентине (жок номерге) чалат.
  • Мындай номер жок болгондуктан, чалуу токтотулат жана автожоопбергичтин стандарттуу жообу ойнотулат.
  • Андан кийин чалуу «Voice+» IVR-менюсуна даректелет, бул жерде орнотулган тескөөлөргө ылайык, Абонентке аудиотрек ойнотулат.
  • Ишке киргизилген кампанияга жараша А абоненти IVR жаздырууну  уккандан кийин чалууну токтото алат же IVR - жаздырууда уктурулган баскычты басуу менен (мисалы, кошуу  үчүн “1 ” саны) сунушка (кызматты, тарифтик опцияны, топтомду кошуу/ тарифтик планды өзгөртүү ж.б.) макулдугун билдире алат.

 

«MEGAдaн SMS/PUSH-жөнөтмө»

«MEGAдaн  SMS/PUSH-жөнөтмө» жардамы аркылуу  MEGA компаниянын акыркы актуалдуу  жанылыктары, опцияларын жана кызматтарын кошуу, акциялары боюнча маалымат ала аласыз.

«Мегакомдон PUSH-жөнөтмө» кызматы "Дата Технолоджи" ЖЧК контент-провайдери менен биргеликте көрсөтүлөт. 

 

WAP Click

WAP Click аркылуу Абонент USSD/SMS тербестен, WEB интерфейстер аркылуу Оператордун кызматтары, сервистери менен байланышты ишке ашыра алат.

 

USSD-кошумча тексттери – бул Абоненттин USSD-сурамына  жөнөтүлгөн жооп менен бирге келген Оператордун ар кандай кызматтары жана сервистери тууралуу маалыматтарды же башка маалыматтарды камтыган  билдирүүлөр, мисалга алсак, балансты текшерүү (*500#) жөнүндө USSD-сурамы. Билдирүү жөнөкөй текст түрүндө же интерактивдүү болушу мүмкүн (диалогдук менюдан кызматты кошуп мүмкүнчүлүгү менен). Кызматты кошуу же ал тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн, болгону  "Жооп берүүнү" тандаңыз, андан кийин "1" санын (кошуу үчүн) же "2" санын (кошумча маалымат суроо үчүн), андан соң  "Жооп берүү" баскычын басыңыз. Кызматты кошууда,  USSD-меню  кошумча тастыктоону талап кылышы мүмкүн («Тастыктоо» же «Жабуу»).

 

SMS-кошумча тексттери – Бул Абоненттин балансын толуктагандыгы  жөнүндө SMS-жооп менен бирге келген Оператордун ар кандай кызматтары жана сунуштары жөнүндөгү, жана башка маалыматтарды камтыган тексттик билдирүүлөр.