«Сенин ХАЙПың» конкурсунун башталгандыгы тууралуу маалымдайбыз!
«Хайп» деген сөздүн маанисин чечмелөөгө мезгил жетти. Бул сөздүн маанисин сен кандай түшүнөсүң?
Чыгармачылык дараметиңди көрсөтүп, өз күчүңдү сынап көр.
2018-жылдын 31-августуна чейин hype@megacom.kg электрондук дарегине оригиналдуу видео жөнөт. Видео бий, музыкалык композиция, флешмоб, трюк түрүндө болобу, ал гана эмес тамашалуу көрүнүш түрүндө болобу – чектөөлөр жок! Бардыгын кошуп, бир видео аркылуу чагылдырууга да болот.
Ар бир катышуучу бир гана видео жөнөтө алат.
Видеонун форматтары: MP4, AVI, MOV. Роликтин хронометражы 1 мүнөткө чейин.
МААНИЛҮҮ! Конкурска 16 жашка чыккан жарандар катыша алат. Адепсиз мазмундагы видеолор кабыл алынбайт.
Конкурс эки этап менен өткөрүлөт:
Биринчи этап ‒ компаниянын кызматкерлеринен турган жюри конкурска жөнөтүлгөн видеолордун ичинен ЭҢ МЫКТЫСЫН төмөндөгү талаптарга ылайык тандап алат:
- «хайп» сөзүнүн маанисинин кеңири чечмелениши;
- креативдүү жана таамай берүү;
- чыгармачыл мамиле.
Экинчи турга өткөн катышуучулар фирмалык белектерге, «Алтын» категориясындагы АКЫСЫЗ номурларга ээ болот, жана да «ХАЙП» тарифинин «М» топтомуна жарым жылга жазылышат (ооба- ооба, 6 ай бою абоненттик төлөмсүз баарлашуу мүмкүнчүлүгү) Мындан тышкары, биринчи этаптын жеңүүчүлөрү атактуу да боло алышат! ЭҢ МЫКТЫ деп табылган роликтердин кадрлары MegaCom жарнамалык видеолорунда колдонулушу мүмкүн.
Андан кийин, 05.09.2018-ж. тандалган жумуштар www.megacom.kg сайтына жайгаштырылат.
Экинчи этап – элдик добуш берүү. Ар бир каалоочу Facebook, Instagram, OK, VK аккаунттарынын жардамы менен компаниянын сайтында өзүнө жаккан видео үчүн добушун бере алат. 1 профилден бир гана добуш эсептелет жана добуштардын саны онлайн түрүндө чагылдырылып турат. 2018-жылдын 24-сентябрына чейин эң көп добуш алган катышуучу жеңүүчү болуп табылат жана баш байгенин – Cube Attention тоо велосипединин ээси болот!
Катышуу эрежелери http://bit.ly/megacontest-rules шилтемеси боюнча жайгаштырылган.
Келгиле чурулдайбыз! Анда эмесе, баштадык!