Перейти на новый сайт

«Бактылуу ачкыч» акциясы

Акция аяктады. Ачкычтар саналып жатат.

Акцияны өткөрүү мөөнөтү: 2020-жылдын 1-ноябрынан 2021-жылдын 31-июлуна чейин.

Mega24 мобилдик тиркемесин жүктөп алыңыз да, MegaCom менен CAPSTROY KG курулуш компаниясы биргеликте өткөрүп жаткан акцияга катышыңыз!

Акцияга катышыңыз жана CAPSTROY KG курулуш компаниясынын Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан «Ак-Марал 2» турак жай комплексинен жаңы 2 бөлмөлүү батир утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз! Баш байгеден тышкары, сизди күн сайын жана жума сайын 4000 сомдон 30000 сомго чейинки акчалай байгелер күтөт. Мындан тышкары, үйүңүздү, батириңизди же кеңсеңизди оңдоп-түзөө жана жасалгалоо үчүн сонун белектер бар.

Катышуучу болуу үчүн, өз жеке MegaCom номериниңиздин балансын 50 сомго же андан ашык суммага толуктоо жана / же "Суперыңгайлуу" түркүмүнүн айрым тарифтик пландары боюнча абоненттик төлөмдү төлөө жетиштүү. Шарттарды аткарган учурда сиз автоматтык түрдө Акциянын катышуучусу болуп, кийинки толуктоолор жана төлөө үчүн “Ачкычтарды“ топтой баштайсыз.

Күндүн байгеси бир күн ичинде эң көп “Ачкыч” чогулткан катышуучуга берилет.

Жума байгесинин жеңүүчүсү ошол жуманын эң көп “ачкыч” топтолгон 3 күнүнүн суммасына ылайык аныкталат. Ал эми башкы байгенин жеңүүчүсү Акциянын жалпы мезгилинде жыйынтыгы эң жогору болгон 20 күндүн суммасы боюнча аныкталат.

"Бактылуу ачкыч" акциясына катышып, "Ачкычтарды" чогултуңуз жана байгелерди утуп алыңыз!

 

Mega24 мобилдик тиркемесиндеги акциянын Викторинасына катышып, андан да көп "Ачкычтарды" топтоого болот. Акциянын Викторинасын кошууда, “Ачкычтардан” тышкары “Уюкчаларды” аласыз. “Уюкчаларды” Mega24 тиркемесиндеги «Бактылуу ачкыч» акциясынын “Сыйлыктар дүкөнүндө” жеткиликтүү болгон белектерге алмаштырууга мүмкүн. VIP-жазылуу боюнча Викторинага катышуунун наркы күнүнө 10 сом же жумасына 60 сом.

Ошондой эле сиз оюн билеттерин өзүнчө сатып алсаңыз болот. Бир билеттин наркы 10 сомго барабар. Ар бир билет ар кандай багыттар боюнча Mega24 тиркемесиндеги 5 суроого жооп берүүгө жана туура жоопторду берүү үчүн кошумча "Ачкычтарды" алууга мүмкүнчүлүк берет. Mega24 тиркемесин жүктөп, Викторинага үч жазылуунун бирин тандаңыз, же болбосо жумалык VIP- жазылууну кошуу үчүн 2050 кыска номерине каалаган SMS-билдирүү жөнөтүңүз же *2050# буйруусун териңиз.

 

VIP- жазылуунун артыкчылыктары:

викторинага катышуу үчүн күнүнө 2 билет,

бир оюн күнүндө алынган "Ачкычтардын" максималдуу саны 200 "Ачкыч" (абоненттик төлөмсүз жазылганга караганда эки эсе көп "Ачкычтар"),

"Байгелер дүкөнүндө" арзандатуулар.

 

Бардык катышуучулар үчүн жагымдуу бонус, акциянын Викторинасына алгачкы жолу кошулганда, сиз Викторинага 1 акысыз билет, 100 "Ачкыч" жана 100 "Уюкча" белекке аласыз.

Күндүн жыйынтыгын чыгаргандан кийин сиздин "Ачкычтарыңыз" кийинки күнгө которулбайт, бирок Жумалык жана Башкы байгелерди ойнотууда эске алынат. Акциянын бардык мезгилинде бир Катышуучу күндүн бир гана байгесинин жана жуманын бир гана байгесинин ээси боло алат. Акчалай сыйлык сиздин эсеп-кысап эсебиңизге которулат. Күндүн байгеси Жуманын байгеси же Башкы байге ойнотулган күнү ойнотулбайт. Жуманын байгеси Башкы байге ойнотулган күнү ойнотулбайт. Акцияга катышкан тарифтик пландардын толук шарттарын жана тизмесин win.megacom.kg сайтынан таба аласыз.