Перейти на новый сайт


«Баарлашуу тартуулайбыз» акциясы

MegaCom жана Бета Чай соода маркаларынан «Баарлашуу тартуулайбыз» аттуу биргелешкен акция

Катышып кепилденген байгелердин ээси болуңуз!

Акция шарттары:

Катышуучу «Beta Tea», «Champion» же «Bayce» маркаларындагы 100 грамм чай кутучасын сатып алганда MegaCom түйүнүнүн ичиндеги акысыз 5 мүнөт, ал эми 250 же 500 грамм чай кутучасын алган учурда MegaCom түйүнүнүн ичиндеги акысыз 10 мүнөт бонусуна ээ болот:

  • Бонусту алуу үчүн кутучанын капкагынын астында жашырылган кодду камтыган акысыз SMS-билдирүүнү 2013 кыска номуруна жөнөтүү зарыл;
  • Кодду жөнөткөндөн кийин абонент автоматтык түрдө Beta Чай жана MegaCom утуш оюнунун баш байгесине ээ болууга ат салышкан талапкерлердин катарына киргизилет.
  • Баш байге катары авто унаа жана төрт адам үчүн Түркиянын Анталия шаарына 2 (эки) жолдомо жана төрт адам үчүн Бириккен Араб Эмираттарынын Дубай шаарына 1 (бир) жолдомо ойнотулат.

Катышуучу 250 же 500 грамм салмагындагы «Beta Tea», «Champion» же «Bayce» чай кутучасын сатып алууда, акысыз мүнөттөрдөн тышкары уюлдук оператордун каалаган Сатуу жана абоненттерди тейлөө борборлорунан MegaComдун SIM-картасын акысыз алуу кепилденген купонуна ээ болот.

Бонустук мүнөттөрдү колдонуу мөөнөтү – активдештирилгенден тарта 14 календардык күн.

Акция 1-июлдан 30-сентябрга (кошо эсептегенде) чейин өткөрүлөт.

Акцияда MegaComдун абоненттери гана катыша алат.

Коддорду активдештирүү акция өткөрүлүп жаткан мөөнөттүн ичинде гана мүмкүн – 1-июлдан баштап 30-сентябрга чейин.

Купондорду SIM-карталарга алмаштыруу 1-июлдан 31-октябрга (кошо эсептегенде) чейин мүмкүн.

Аракеттеги бонустун мөөнөтү бүткөнгө чейин кодду активдештирүүдө бонустук акысыз мүнөттөр топтолбойт (суммаланбайт). Кошулган ар бир бонус мурда активдештирилген бонустун аракетин токтотот.

Акция алкагында берилүүчү акысыз SIM-карталар, ошондой эле бонустук мүнөттөр кайтарылбайт жана бонустардын/кызматтардын башка түрүнө алмашылбайт.

Купондорду «559» тарифиндеги акысыз SIM-картага алмаштырууда жана андан баш тарткан учурда, акциянын катышуучусуна акчалай же башка компенсация берилбейт.