Перейти на новый сайт

995-Бактылуу байге ээси

995 кодундагы 5 «кооз» номерге iPhone 12 Pro белекке беребиз

2020-жылдын 15-декабрынан тартып MegaCom мобилдик оператору түйүндүн артыкчылыктарын мындан да көп абоненттер колдонуусу үчүн жаңы 995 номер кодун ачып жатат.

Жаңы коддун киргизилишинин урматына MegaCom өзүнүн учурдагы жана жаңы абоненттеринин арасында «995-бактылуу» акциясын жарыялайт. Акцияга катышып, iPhone 12 мобилдик телефондорун же Xiaomi үй аба тазалагычын утуп ал.

Акция беш этаптан турат. Жалпы байге фондунда 5 Xiaomi үй аба тазалагычы жана 5 iPhone 12 бар. Ар бир этаптын 555-катышуучусу Xiaomi үй аба тазалагычына, ал эми этаптын 995-катышуучусу iPhone 12ге ээ болот.

Акцияга кантип катышса болот?

«Күмүш», «Алтын» же «Платина» категориясынан 995 коддуу номерди алган абонент автоматтык түрдө акциянын катышуучусу болот. 

Жеке абоненттер 995 кодундагы номерлерди компаниянын бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан сатып алып же учурдагы номерин «Сенин номуруң» кызматынын жардамы менен алмаштырып алса болот. Ошондой эле абоненттер MEGA24 тиркемесинде жана компаниянын расмий сайтында жайгашкан «Номер тандоо» жаңы тейлөөсү аркылуу да жаңы коддуу номерди тандап, алмаштырып же ээлеп коё алат.

Ал эми корпоративдик абоненттер 995 кодундагы жаңы номерлерге корпоративдик иштер жана VIP-кардарлар боюнча бөлүмү аркылуу ээ боло алышат.

Маанилүү: сатып алынган номердин статусу канчалык жогору болсо, байге утуу мүмкүнчүлүгү да ошончолук жогору болот!

“995-бактылуу” акциясы 2021-жылдын 31-январына чейин уланат.

Катышуунун шарттары тууралуу толугураак - MEGA24 тиркемесинде.

 

«995-Бактылуу байге ээси» жаңы жылдык акциясына катышуу эрежелери

Акцияга катышуу үчүн, MEGA24 тиркемесинде ушул  Эрежелер менен таанышып чыгып, өз макулдугун тастыктоо керек. 

  1. «995-Бактылуу байге ээси» акциясына «Күмүш», «Алтын», «Платина 7500», «Платина 15000», «Платина 30000», «Платина 45000», «Платина 70000» акы төлөнүүчү категориясынын 995 коду менен жеке жана корпоративдик номерлери катыша алат.
  2.  Кезектердин (кадамдардын) саны номердин категориясына жараша болот: «Күмүш» категориясынын  номерлери үчүн  − 1 кадам, «Алтын» категориясынын  номерлери үчүн  − 5 кадам,  «Платина» категориясынын  номерлери үчүн  − 10 кадам, «Аукцион» категориясынын номерлери үчүн  − 10 кадам.
  3. Акция беш циклден турат. Xiaomi Mi Air Purifier Filter 2C EU аба тазалагычы жана бир  iPhone12 ойнотулат. Аба тазалагычка циклге катышкан жана кадамдардын санынан көз карандысыз көрсөтүлгөн кезекке жеткен ар бир 555- абонент, iPhone 12 телефонуна циклге катышкан жана кадамдардын санынан көз карандысыз көрсөтүлгөн кезекке жеткен ар бир 995-абонент ээ болот.
  4. «995-Бактылуу байге ээси» акциясынын байге фондун беш  iPhone12 жана  беш  Xiaomi Mi Air Purifier Filter 2C EU үй аба тазалагычы түзөт.
  5.  «995-Бактылуу байге ээси» акциясына катышуучу номерлердин ырааттуулугу «Сенин номериң» кызматынын алкагында  жаңы номер кошулган же номер алмаштырылган  күн же убакыт (сааттар, мүнөттөр, секунддар) боюнча Абоненттин маалымат жазуусун көрсөтүү жана ар бир түзүлгөн жазуунун катар номерин (кадам же кадамдардын диапазонун) текшерүү менен Оператордун маалымат базалары тарабынан автоматтык түрдө аныкталат. Андан кийин эсептөө системасы циклдагы 555 (байге − Xiaomi Mi Air Purifier Filter 2C EU аба тазалагычы) жана 995 (байге − iPhone 12) катар номери боюнча ар биз жазууну талдайт жана акция боюнча  SMS- билдирүү жөнөтөт.
  6. «Алтын номер акысыз» акциясынын алкагында сатылып алынган номерлер «995-Бактылуу байге ээси» акциясына катышпайт.
  7. Акы төлөнүүчү категориянын 995 кодундагы номерине ээ болуу жолдору:
  • Сатуу жана тейлөө борборлоруна кайрылбастан, код ичинде номерди  өз алдынча тандап алууга жана алмаштырууга мүмкүнчүлүк берген “Сенин номериң” кызматы аркылуу (USSD-буйруу) акы төлөнүүчү категориянын 995 кодундагы номерге өзгөртүү менен;
    Кызмат жеке алдын ала төлөнүүчү тарифтик пландардын абоненттери үчүн жеткиликтүү.
    Номерди өзгөртүү наркы −25 сом + номердин категориясынын наркы. Жаңы абоненттер үчүн биринчи жолу алмаштыруу номердин категориясын милдеттүү түрдө төлөп берүү менен SIM-картаны активдештиргенден кийинки 10 күн ичинде акысыз жүргүзүлөт.
  • Кыргыз Республикасы боюнча MegaCom Сатуу жана тейлөө борблорунда жана Фирмалык салондорунда;
  • Эгерде Сиз корпоративдик кардар болсоңуз, корпоративдик топтун кураторуна же төмөнкү даректер боюнча кайрылсаңыз болот:
  • Нарын ш. – С. Орозбак көч.38
  • Талас ш.  – Сарыгулов көч., “Көктөм”соода үйү ( номери жок)
  • Каракол ш. – Токтогул көч. 118
  • Баткен ш. – Сайдиман ажы көч. 7
  • Жалал- Абад ш. – Ленин көч  54
  • Ош ш. – Масалиев көч. 2
  • Бишкек ш. – Токтогул көч. 102/104
  • Сатуу түйүнүндө  каалаган коду менен  номер сатып алуу,  “Сенин номериң” кызматынын жардамы менен 995 кодундагы акы төлөнүүчү категориянын  номерине алмаштыруу.

8. Абонент 995 кодундагы акы төлөнүүчү категориянын   номеринин ээси болоор замат, ага «995-Бактылуу байге ээси» акциясынын жыйынтыктары  жөнүндө SMS-билдирүү келет.
9. Акциянын алкагында 995 коду менен номер бир эле жолу катталат. Номерди кайтарып берүүдө жана кайрадан кошууда бул номер акцияга кайрадан катыша албайт.
10. Жеңишке ээ болгон учурда, Абонентке  байгени кантип алуу жөнүндө SMS-билдирүү жөнөтүлөт же  менеджерлерибиздин жеңүүчү  менен байланышуусун (байге берүү жолдорун тактап алуу үчүн) күтүүгө болот.
11. Бир номерге “995-Бактылуу байге ээси” акциясынын жыйынтыктары менен  1 гана SMS-билдирүү келет.
12. “995-Бактылуу байге ээси”  акциясында каалаган байгени утуп алган абонент кайрадан акцияга катыша албайт, бирок “Сенин номериң” кызматынын алкагында  номерди алмаштырууга чектөөсүз мүмкүнчүлүк берилет.
13. Абонент байге утуп алганга чейин  “995-Бактылуу байге ээси” акциясына  каалашынча катыша алат, анын ичинде 995 кодундагы акы төлөнүүчү категориянын номерлерин чектөөсүз сатып алып же  аларды “Сенин номериң” кызматы боюнча  алмаштыра алат, ар бир жолу  жаңы кезек берилет.
14. “995-Бактылуу байге ээси”  акциясын өткөрүү мезгилинде  995 кодундагы акы төлөнүүчү категориянын номерлери үчүн «Номерди алмаштыруу» кызматы көрсөтүлбөйт.
15. “995-Бактылуу байге ээси”  акциясын өткөрүү мезгилинде  995 кодундагы акы төлөнүүчү категориянын номерлерине арзандатуулар берилбейт.
16. «995-Бактылуу байге ээси» акциясына төмөнкү сериялардагы тарифтик пландардын абоненттери катыша албайт:

  • Z: «Z», «IZI»;
  • Start: «Start» жеке жана  корпоративдик абоненттер үчүн;
  • •   Чектөөсүз 4G: жеке жана корпоративдик абоненттер үчүн  «Чектөөсүз 4G Wi-Fi Wingle», «Чектөөсүз 4G Modem», «Чектөөсүз 4G Wi-Fi Router».
  • Жеке жана корпоративдик абоненттер үчүн ылдам интернет;
  • SIP;
  • М2М: («Акылдуу түзмөк» кызматы, «Акылдуу эсептегич2» топтому,  CSD, CSD Күзөт кызматы, ККМ кызматы)
  • Санарип каналдарды ижаралоо кызматы
  • МегаБит;
  • MegaHome
  • Жеке жана корпоративдик абоненттер үчүн Суперчектөөсүз 4G;
  • Үй интернети;
  • «Өз кишилер+» ТП
  • Кызматтык.

    17. Акция 2020-жылдын 15-декабрынан 2021-жылдын 31-январына чейин же беш iPhone 12 түзмөгүнүн жана беш Xiaomi Mi Air Purifier Filter 2C EU аба тазалагычынын жеңүүчүлөрү аныкталганга чейин уланат (кайсынысы биринчи ишке ашкандыгына жараша).
    18. «Альфа Телеком» ЖАК менен абоненттик номерге байланыш кызматын көрсөтүү жөнүндө келишим түзгөн 16 жашка толгон адам акциянын катышуучусу боло алат.
    19. «995-Бактылуу байге ээси»  акциясынын катышуучусу өзүнүн кезеги жөнүндө Mega24 тиркемесинде iPhone 12 байгесинин кезектеги циклдеги жеңүүчүсү аныкталгандан кийин биле алат.
    20. Эгерде акциянын катышуучусу Mega 24 тиркемесинде эски номери менен авторизациялоодон өткөн болсо жана  номерин өзгөрткөн учурда, ал тиркемедеги каттоо жазуусунан чыгып (Кабинет -> Тескөөлөр -> Каттоо эсебинен чыгуу), жаңы номер менен кайрадан авторизациялоодон өтүүсү зарыл.
    21. Жеңүүчү-жеке абонент байгени алуу үчүн акцияга катышкан номери менен SIM-картаны көрсөтүшү керек, Оператор менен түзүлгөн келишиминин жана өздүгүн тастыктаган документинин болушу шарт. Жеңүүчү-корпоративдик абонент байгени алуу үчүн акцияга катышкан номери менен сим-картасын көрсөтүүдөн тышкары, номердин иш жүзүндө колдонулгандыгын ырастоо үчүн толтурулган Арыздын негизинде номердин чындыгында колдонулгандыгын тастыктоосу керек.

22. Акциянын Жеңүүчүсү болуп табылган жеке абоненттин  “Альфа Телеком” ЖАКтын алдында карызы, төлөнбөгөн эсеп-фактурасы же терс балансы болбошу керек, насыялык формада тейленген корпоративдик кардарлар үчүн терс баланстын болуусуна жана келишим боюнча  берилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде төлөнбөгөн эсеп-фактурага жол берилет.

     23. Жеңүүчү Операторго байге алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон  байге алуу мөөнөтү, утуш  жөнүндө SMS -билдирүү алган күндөн тартып 3 айды түзөт.

     24. Эгерде Жеңүүчү болуп табылган абонент көрсөтүлгөн мөөнөттө Оператор менен байланышпаса жана / же керектүү документтерди бербесе, анда ал байге алуу укугунан ажырайт. Бул учурда байге Оператор тарабынан өзүнүн каалоосу боюнча колдонулат.