Перейти на новый сайт


Болгону 2 сомго ЭКИ АЙ бою чектөөсүз интернет менен колдонуңуз

Жаңы окуу жылынын башталышынын алдында MegaCom мобилдик оператору «Өз интернет-түзмөгүңдү алып кел да болгону 2 сомго 2 ай бою чектөөсүз интернетти колдон» акциясынын башталышын кубануу менен маалымдайт.

Эгер сизде интернет-түзмөк бар болсо (Wingle, роутер, модем), анда Сизге жакын жайгашкан MegaCom Сатуу жана тейлөө борборуна алып барып, «СуперЧектөөсүз 4G» ыңгайлуу тарифине кошуп, чектөөсүз интернет-трафикке ээ болуңуз.

Акция 2021-жылдын 20-августунан 25-августуна чейин «СуперЧектөөсүз 4G» тарифине алгачкы жолу кошулган учурда, MegaCom SIM-картасына байланыштырууга мүмкүн болгон жана так IMEI-кодун камтыган 4G-түзмөгү (Wingle, роутер, модем) бар болгон шартта, бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунда аракетте болот.

Кошулууну акциянын алкагында жүргүзгөндө тариф менен алгачкы 60 күн ичинде колдонуунун наркы 2 сомду түзөт, ал эми 61-күндөн тарта «СуперЧектөөсүз 4G» тарифинин стандарттык шарттары күчүнө кирет, мында абоненттик төлөм 30 күнгө 800 сомду түзөт.

MegaCom’дун ыңгайлуу сунушунан пайдаланыңыз жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен каалаган жерде, каалаган убакта ырахаттаныңыз!

Эрежелер жана чектөөлөр:

  1. Акция 2021-жылдын 20-августунан 25-августуна чейин «СуперЧектөөсүз 4G» тарифине алгачкы жолу кошулган учурда аракетте болот;
  2. Акция так IMEI-кодун камтыган жеке интернет-түзмөк (Wingle, роутер, модем) бар болгон шартта жеткиликтүү;
  3. Баалар бардык салыктарды эсепке алуу менен көрсөтүлгөн;
  4. Алгачкы 60 күн ичинде колдонуунун наркы 2 сомду түзөт, ал эми 61-күндөн тарта «СуперЧектөөсүз 4G» тарифинин стандарттык шарттары күчүнө кирет, мында абоненттик төлөм 30 күнгө 800 сомду түзөт;
  5. Акция «СуперЧектөөсүз 4G» тарифин колдонуп жаткан учурдагы MegaCom абоненттери үчүн жеткиликтүү эмес.
  6. Бир абоненттик номер акцияга бир гана жолу катыша алат;
  7. Акцияга катышуу «Бир адамга бир топтом» принцибинин негизинде жүргүзүлөт;

«СуперЧектөөсүз 4G» тарифи тууралуу толугураак маалымат төмөнкү шилтеме боюнча.