Перейти на новый сайт

Евгения Топольская: «MegaCom менен кошо мен да өсүп келем»

«10 жыл бирге!» корпоративдик  долбоорунун  алкагында уруксаат иш кагаздары менен камсыздоо бөлүмүнүн улук адиси - Евгения  Топольская  менен болгон маекке назарыңыздарды бурабыз.

 MegaComго  кандайча келип калдыңыз?

10 жыл мурда  болочоктогу жолдошум экөөбүз тең университетти аяктап жана  дипломдук долбоорубузга жетекчи издеп  жаткан кезибиз эле. Окуу жайдан бизди Бишкек шаардык телефон түйүнүнө жөнөттү. Ал  жерден бизге ал кезде жаңыдан уюшулуп жаткан, жаңы  компанияга барууну сунушташты. Натыйжада биздин кесиптештерибиздин -жетекчилерибиздин көмөгү менен дипломдук ишибизди жазып, ийгиликтүү жактап алдык.

Компаниядагы карьераңыз эмнеден башталды?

Мен үйрөнчүк катары такшалмадан өтө баштаган кезде, мага эмне жумуш тапшырылса ошонун бардыгын аткарып жаттым. Эстеп көрсөм, SIM-карталардын  таңгагын ачуудан  тарта  менен, өнөктөштөр менен келишим түзүүгө чейинки бардык жумуштар тапшырылчу. Андан соң бүгүнкү күндө аткарып жаткан милдетимди аткара баштадым. Азыркы учурда улук адисмин.

Алгачкы  жумуш күнүңүз  тууралуу кеп сала кетсеңиз?

Ал кезде кеңсе борбордук дүрдүйнө  дүкөнүнүн имаратында жайгашып, болгону 20-30 киши эмгектенчү. Бардыгы жаңы болгондуктан коркунуч болбой койгон жок. Боорукер жана адамкерчиликтүү кесиптештеримдин жардамы тийди десем болот.  Мен да аларга  жардам берип, алардын жумушуна көз салып, көп нерсени үйрөндүм.

Эмне үчүн MegaCom компаниясында гана иштеп, өсүп-өнүгүүнү каалайсыз?

 MegaComдо иштеген убакыттын ичинде турмушка чыктым, эки баланын энеси болдум. Компаниянын өнүгүшү менен менин үй-бүлөм, менин карьерам, менин турмушум да  өсүп келет. Мен жумушума, кесиптештериме  ушунчалык көнүп калгандыктанбы, MegaCom мен үчүн экинчи үйүм  болуп  калгандай.

Жумуш күнүңүз кандайча башталат жана аяктайт?

Адатта, жумуш күнүм кесиптештерим менен ал-жайыбызды сурашуудан башталат. Андан соң  жумуш күнүндө аткарылчу  милдеттерибизди аныктайбыз жана ар ким өз ишине киришет. Жумуш күнүнүн аягында бири-бирибизге кушубак кеч каалап, үйлөрүбүзгө шашабыз. Жумуш жумуш менен, эң башкысы үй-бүлө эмеспи.

Компанияны мүнөздөгөн 3 сөз

Туруктуулук, сүйүктүү жумуш жана келечекке болгон  ишеним.

Эмгек өргүүсүндө жүргөндө  жумушуңузду сагынасызбы, эмне көбүрөөк эсиңизге келет?

Эмгек өргүүсүндө жүргөндө бардыгы туура жасалып жатабы, катачылыктар жана урунттуу жагдайлар келип чыккан жокпу деген сыяктуу маселелерди сөзсүз ойлонбой койбойсуң, бирок ишеничтүү жана иш билги кесиптештериң бар үчүн кам санабай эс ала берсең  болот.

Компаниянын кызматкери кандай сапаттардын ээси болуш керек?

Бардык кызматкерлер үчүн  зарыл сапаттар: жоопкерчиликтүүлүк, тактык,  зарыл учурда  жардамын аябагандык. Жамаатта иштей абдан  билүү экендигин эстен чыгарбоо керек.

Жаңыдан компаниянын босогосун аттаган кесиптештериңизге кеп-кеңешиңиз?

Менин оюмча, ар бир кызматкер жумушка кирген убактысынан көзкарандысыз активдүү болуп, өз жумушун  каалоо менен аткарып, түшүнбөгөнүн суроодон коркпошу керек.

10 жылдыгына карата  MegaComго каалооңуз

Номур биринчи оператор бойдон кала берүүсүн, мыкты жана сапаттуу кызматтарды ишке киргизе берүүсүн жана өркүндөп -өсө беришин каалайм.