Перейти на новый сайт

Белек  Жоробаев: «MegaCom – бул ири долбоорлорду ишке ашыруудан алган сөз менен жеткире алгыс ырахат»

MegaCom  «10 жыл бирге!» корпоративдик долбоорунун алкагында компания уюшулгандан тарта  эмгектенип келе жаткан, б.а. компаниянын пайдубалын түптөөгө өз салымын кошкон  кызматкерлер  менен ат жалында маек куруп келебиз. Бүгүн бизде мейманда – Белек Жоробаев, Ош шаарындагы аймактык бөлүмүбүздүн улук инженер энергетиги.

MegaCom компаниясындагы карьераңыз эмнеден башталды?  

Менин эмгек жолум келечектеги жетекчим Михаил Дрогалев менен болгон аңгемелешүүдөн башталды. Айтмакчы, экөөбүз 10 жылдан бери бир бөлүмдө эмгектенип келе жатабыз. Мен компанияга келген кезде  түштүктө алгачкы жолу байланыш жабдуулары  ишке киргизиле баштаган. Жаңы контейнерлердин боекторунун жыты азыркыга чейин сезилгенсип, маалымат жиберүүчү аппаратты (передатчик) алгачкы жолу ишке киргизүүдөгү чыкылдаганы, жакындарымдын жана тааныштарымдын жаңы уюлдук оператор тууралуу толкундана айткан пикирлери али да  эсимде.

Компаниядагы алгачкы күндөрүңүз тууралуу айта кетсеңиз. Кандай сезимдерди башыңыздан өткөргөнүңүз эсиңиздеби?  

  Албетте, компанияга жумушка орношкон алгачкы күндөрү: «Заманбап жабдууну өздөштүрө аламбы?», «Жаңы жамаатта иштеп кете аламбы?» деген ойлор менен алпурушуп толкунданып да, коркуп да жүрдүм. Бардык коркунучтар артта калды, мен ары татаал, ары жооптуу жумушту өздөштүрүп кете алдым. Кесипкөйлөрдөн куралган жамаат мени жылуу жүз менен тосуп алды. Азыр болсо  мамилебиз  катардагы кесиптештердикинен да жакын.

10 жыл компанияда эмгектенүү менен Сиз эмнеге жетиштиңиз?   

10 жылдын ичинде баалуу тажрыйба топтоп, билимимди тереңдеттим, ишенимдүү жана мыкты досторду таптым.

Эмгек өргүүсүндө жүргөндө эмнени эстейсиз? 

Бардыгы эле түшүнө бербесе керек, бирок , мен  дизелдик генераторлордун жытын жана иштеп жаткандагы үнүн сагынып калам (күлүп).

Күн сайын жумушка келүүгө Сизди эмне шыктандырат?  

Өзүңдүн маанилүү жумушта иштеп жаткандыгың, баштаган ишиңди аягына чыгаруу керектиги, эмгегиңдин үзүрүн көрүү шыктандырат. Ал эми, ири долбоорлорго катышкандыгың, аларды ишке ашырууда өзүңдүн салымың бар экендигин сезүү ырахатын сөз менен айтып жеткире албасмын.

Жашооңуздагы MegaComдун орду?  

 MegaCom мен үчүн – бул сүйүктүү жумушум, жогорку социалдык статус жана татыктуу эмгек акы.

Сиз компанияны кайсы  3 сөз менен мүнөздөп бере аласыз.  

Өнүгүү. Ийгилик. Жеңиш.

MegaComго жаңыдан жумушка кирип жаткан кесиптештериңизге кандай кеңеш бересиз?

Эң башкысы - чыдамкайлык. Жана да компьютер менен иштөөдө көзүңөрдү сактагыла демекчимин.

Сиздин оюңузча, компаниянын кызматкери кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Менимче, кызматкер келечекке ишенимдүү караган жана  жана билим алууга умтулган адам болушу керек.  

10 жылдыгына карата MegaCom компаниясына каалооңуз.  

Байланыш чөйрөсүндөгү мыкты компанияга кааларым: токтоп калбастан тынымсыз өнүгүү,  алдыга жана дагы бир жолу алдыга!