Перейти на новый сайт

Артур Гончаренко: «MegaCom мен үчүн – бул  эртеңки күнгө болгон ишеним»

MegaCom  компаниясынын пайдубалы түптөлгөндөн тарта үзүрлүү эмгектенип, анын  өнүгүшүнө баалуу салымын кошуп келе жаткан кызматкерлер тууралуу маалымат бере кетүү максатында,  «10 жыл бирге!» корпоративдик  долбоору ишке ашырылып келүүдө. Бүгүнкү маектешибиз-компаниянын  BSS инженери Артур Гончаренко.

Компаниядагы карьераңыз эмнеден башталды?

10жылга барабар болгон менин карьерам компаниянын түштүк аймактагы түйүнүн эксплуатациялоо боюнча улук инженер болуп иштөөдөн башталды. Базалык станцияларды кабыл алып, ишке киргизүү менен алектене баштадым. Айтмакчы, бул аймактагы эң алгачкы базалык станциялар да ошол кезде ишке киргизилген.

MegaComдо эмгектенген убакыттын ичинде эмнеге жетиштиңиз?

Биринчи кезекте, билимге жана баалуу тажрыйбага ээ болдум. Башкысы – бул жерден жумушумда  да, жеке жашоомдо да  көмөкчү болгон досторду таптым.

Эмне үчүн дал ушул компанияда иштеп жана өсүп-өнүгүүнү каалайсыз?

Күн сайын аткарган жумушум, компания мага жагат, телекоммуникация тармагында алдыңкы сапта кала берүүсүн каалар элем.

Күн сайын жумушка келүүгө Сизди эмне шыктандырат?

Ар бир жаңы жумуш күнү – билимиңди жогорулатуу мүмкүнчүлүгү. Кесиптештериң менен жолугууну чыдамсыздык менен күтөсүң.

Жумуш күнүңуз эмнеден башталат жана кандайча аяктайт?

Өзүм жооптуу болгон жабдууларды текшерүүдөн башталат. Кесиптештерим менен жумушубузга байланыштуу маселелерди талкуулайбыз. Иш күнүбүз  жасалган иштерибизди жыйынтыктоо жана эртеңки күнү аткарылуучу жумуштарыбызды пландаштыруу менен аяктайт.

Эмгек өргүүсүндө жүргөн кезде жумушуңуз эсиңизге тушөбү?

Сөзсүз. Техникалык дирекциянын адистери менен ар дайым байланышта болуп турам. Байланыш  сапатына байланыштуу маселелер ар дайым көңүлүбүздүн борборунда, ошондуктан зериккенге убакыт деле болбойт.

MegaCom Сиз үчүн?

MegaCom мен үчүн – эртеңки күнгө болгон ишеним, жашоомдогу пландарымды ишке ашыруу жана кесиптик көндүмдөрүмдү жогорулатып туруу.

Сиздин оюңузча, Компанияны мүнөздөгөн 3 сөз

3 гана эмес 4 сөздү айта алам: кесипкөйлүк, лидерлик, команда жана сапат.

MegaComго жаңыдан жумушка кирип жаткан кесиптештериңизге эмне айтмакчысыз?

Өзүнө ишене билүү, жаңы нерселерди үйрөнүү жана ийгиликтерге жетишүү.

10 жылдыгына карата  MegaComго каалооңуз

Телекоммуникацилар тармагында дайыма алдыда болуусун жана ушуну  менен эле токтоп калбастан, бийиктиктерди багындыра берүүсүн каалайм.