Перейти на новый сайт


Джамиля Момотова: «MegaCom кененирээк ой жүгүртүүгө үйрөттү»

MegaCom компаниясынын  мааракесине карата  ишке ашырылып  келе жаткан  «10 жыл бирге!»  долбоору уланууда. Биздин бүгүнкү  маегибиз  административдик складдын жетектөөчү адиси - Джамиля  Момотова менен болмокчу.

MegaComго кандайча келип калдыңыз?

10 жыл мурда жумуш издеп жүрүп кадр агенттигине кайрылып калдым. Ал жерден мага жаңыдан ачылып жаткан компанияга резюмемди тапшырып көрүүмдү сунушташты. Улан деген жигит менен байланышуум керек экендигин айтып, телефон номурун беришти. Чалып Уланды сурадым. Көрсө бул бөлүмдө бир нече Улан эмгектенет экен. Алардын бири менен издеген Улан-менин келечектеги жетекчим болуп чыкты. Жумуштун татаалдыгын, шарттын жоктугун,  аялдарга ылайыксыз экендигин айтып жатышты. Жыйынтыгында, менин резюмем менен таанышып чыккандан кийин, мени жумушка алышты. 10 жыл мурда техникалык склад  жабдуулар сакталган чоң  сарай  болчу, азыр болсо заманбап жабдылган  атайын жай.

Компаниядагы алгачкы жумуш күнүңүз  кандай  өттү?

Биринчи жумуш күнүм эртең мененки саат  9дан башталып, түнкү саат 3тө аяктады. Чет өлкөдөн техника келмек. Күндүз кечке күттүк, кечке маал гана бизге техниканын алынып келингендигин  билдиришти. Ал күнү складды түнкү саат 3тө жабууга туура келди. Андан бери 10 жыл өттү. Азыр мен административдик  складдын жетектөөчү адисимин. Мага өз ишим жагат. Ар бир буюмдун  өз ордунда тургандыгы мен үчүн маанилүү, анткени мен тыкандыкты жакшы көрөм.

Эмне үчүн дал ушул компанияда иштеп, өсүп-өнүгүүнү каалайсыз?

Биринчиден, мен эмгекчилмин жана канча көп жумуш жасасам ошончо ырахат алам. Экинчиден,  кесиптештерибиз бири-бирибиз менен тажрыйбабыз менен бөлүшүү, өз ара жардамдашуудан баш тартпайбыз. Кесиптештеримдин бардыгы көп кырдуу жана ар тараптуу инсандар. MegaCom – жаңы технологияларды ишке киргизип жаткан алдыңкы компания. Биз өлкөбүздүн уюлдук тармагын жана маалымат технологияларын өнүктүрүп келебиз.

MegaComдо эмгектенген 10жыл Сизге эмне берди?

 MegaComдо  эмгектенген убагымда ыңгайлуулук  аймагынан  чыгууну үйрөндүм, билбейм, колумдан келбейт деген түшүнүктү  өзүмдөн  алыстаттым. Билимим боюнча өндүрүшчүмүн, компанияга келген кезимде ар түрдүү жумуштар менен алектендим. Башында  кандай кылыш керектиги тууралуу түшүнүгүм да болбой калган учурлар да болду. Азыр иштин көзүн билип калдым. Бардык иш-чаралар биздин катышуубузсуз өтпөйт.

Жаңыдан жумушка кирип жаткан кесиптештериңизге кандай кеп-кеңеш бере аласыз?

“Кыбыраган кыр ашат” демекчи,  «Ой, мен муну билбейм, жасай албайм…» дей берген адам эч нерсени үйрөнбөйт. Ыңгайлуулук аймагынан чыгып жана жаңы нерселерди үйрөнүп туруу керек. Ийгиликке чыйыр сала турган  эң маанилүү сапат- ар кыл курактагы, ар түрдүү  көз караштагы адамдар менен тил табыша билүү.

Сиздин оюңузча, компаниянын кызматкери кандай сапаттарга ээ болуусу керек?

Жеке инсандык өсүү ар  бир кызматкерди шыктандырып турушу керек. Жашооңдо бир нерсеге жетишкиң келсе, өзүңдү өзүң шыктандыра билип, эч нерседен коркпошуң  керек.

 MegaCom Сиз үчүн...?

MegaComдун өнүгүүсүнө өз үлүшүмдү кошуп келем, ошондуктан   кичинесинен багып өстүргөн балам сыяктуу сезилет. Түрдүү жагдайды башыбыздан кечирдик, бирде төмөн түштүк бирде өргө чыктык. Бул ири компания үчүн кадыресе көрүнүш го деп ойлойм. Башкысы, кыйынчылыктарга карабай  алдыга умтулуу.

10 жылдыгына карата  MegaComго каалооңуз

Сүйүктүү компаниям алдыга карай кадам таштап, өнүгө берсин.Уюлдук байланыш – бул  замандаштарыбызга зарыл болгон технология. Жашообуз телефондо өтүп жаткандай, ансыз жашоону элестетүүгө мүмкүн эместей сезилет.