Перейти на новый сайт

Игорь Мележик: « MegaComдогу 10 жыл –  бул  баа жеткис тажрыйбага жана билимге ээ болуу»

«10 жыл бирге!» корпоративдик долбоорунун алкагында уюштурулуп келе жаткан жаткан ат жалындагы маегибиз MegaCom компаниясынын корпоративдик маалыматтарын  ишенимдүү жана көздүн карегиндей сактаган Маалыматтык жана техникалык коопсуздук бөлүмүнүн жетекчиси- Игорь Мележик  менен болмокчу.

 MegaCom компаниясындагы карьераңыз эмнеден башталды?

Менин карьерам 10 жыл мурун жумушка кирүү үчүн аңгемелешүүгө келгенден  башталат.Тандоонун бир канча этабынан өтүп, жумушка киргем. Бүгүнкү күндө деле ошол эле кызматты аркалап келе жатам.

Алгачкы иш күнүңүз эсиңиздеби?

Ооба, албетте, эсимде. Бардыгы жаңы жана бейтааныш: кеңсенин узун жана чаташкан  коридорлору, көп сандаган ар түрдүү жабдуулар, учу-кыйыры жоктой сезилген зымдар, күйүп- өчүп турган электр шамдары. Бардыгы сүрдүүдөй сезилчү эле. Ушулардын баары менен таанышып жана процесс учурунда терең талдап чыгам деп чечим чыгардым. Азыр кеңсенин коридорлору анчалык узун сезилбейт, күйүп- өчүп турган электр шамдарына да көнүп калгам.

Компанияда эмгектенген 10 жыл Сиз үчүн эмне бере алды?

Компания ушунчалык ар тараптуу.  Жаңы  технологияларыбызды, сунуштап жаткан кызматтарыбызды ишке киргизип жатып,  күн сайын жаңы нерселер менен таанышабыз, жаңы нерселерди үйрөнөбүз, кесипкөйлүгүбүз артат.   MegaComдогу 10 жыл- баа жеткис билим кенчи жана  бай кесиптик тажрыйба.

Эмне үчүн дал ушул компанияда иштөөнү жана өнүгүп-өсүүнү каалайсыз?

Азыркы заманда мобилдик телефон, планшет жана башка ушул  сыяктуу түзмөктөр ар бирибизде эле бар. Азыркы заманды аларсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Жалпысынан алганда, мобилдик байланыш чөйрөсүнүн пайда болгонуна өтө деле көп убакыт болгон жок. Бул тармак тынымсыз өнүгүп келет. Бир орунда турбастан өнүгүп келе жаткан мобилдик байланыштын келечекке ташталган кадамы арымдуу, ары да кызыктуу, демек көптөгөн жылдар бою жаңы  нерселерди үйрөнө берүүгө болот.

Иш күнүңүз эмнеден башталат жана кандайча аяктайт?

Ишкананын маалыматтык коопсуздугу – бул корпоративдик маалыматтардын корголушу,  конфиденциалдуулук, бүтүндүк жана жеткиликтүүлүк. Компаниянын маалыматтык коопсуздугун сактоодо  алардын корголушун камсыз кылган бир катар уюштуруучулук жана техникалык чаралар көрүлөт. Жумушум бир нече багытты өз ичине камтыйт. Ар бир жумуш күнүм өткөн күндөгү маалымат менен таанышуудан башталат. Биздин ишибиздин багытына тиешелүү кандайдыр бир көйгөйлөр келип чыккан жокпу, эгерде болсо аларды жоюу боюнча кандай чаралар көрүлдү, маселени чечүү боюнча ким алектенди  деген сыяктуу суроолор ар дайым көңүлүбүздүн борборунда. 

Түзүлгөн жагдайдан көзкарандысыз алдыбызга коюлган милдеттерди ишке ашыруу жана максаттарыбызга жетүү биздин жумушубуздун негизги багыты.

Эгерде Сизде компаниянын кайсы бир бөлүмүндө/департаментинде убактылуу иштеп туруу мүмкүнчүлүгү жаралса, өз күчүңүздү кайсы багытта сынап көрөт элеңиз? 

Мен өз ордумда эле калмакмын. Кызыктуу багыттар бар, бирок ачык эле айта кетейин – бардык тармактарда өз ишин мыкты билген иш билги адистер эмгектенишет.

Күн сайын жумушка келүүгө Сизди эмне шыктандырат?

Бир акылман айткан экен: «Жумуш бул сен үчүн – бул бардыгы: бул сенин тамагың, сенин келечегиң жана сенин эс алууң. Жумушуң болбосо жогоруда санап өткөндөрдүн бири да болбойт, өзгөчө пландаштырган нерселериң».  Менин жашоомдо ушул накыл кептин  өзгөчө  орду бар десем болчудай.

Сиздин оюңузча компаниянын кызматкери кандай сапаттарга ээ болуусу керек?

Менимче, ар бир кызматкер ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк, чынчылдык сыяктуу адамдык мыкты сапаттарга ээ болуусу керек. Өз ишин так билген кесипкөйлүгү да жогору бааланат.

MegaCom Сиз үчүн?

MegaCom мен үчүн биринчи кезекте – көп жаңы нерселерди үйрөнгөн жер, өз кесиптик көндүмдөрүмдү  бир кыйла жогорулата алдым, көптөгөн досторду таптым, жана да эң башкысы – үй-бүлөмдү камсыздап, айлык акы алууну шарттаган жумуш орду.

Компанияны мүнөздөгөн 3 сөздү айтсаңыз

Күчтүүлүк, тайманбастык жана ишенимдүүлүк.

10 жылдыгына карата MegaComго каалооңуз

Мен компанияга туруктуу өнүгүүнү, жаңы бийиктиктерди багынта берүүнү жана жетишкендиктерди каалайм!