Перейти на новый сайт

Елена Коржова: «MegaCom – турмушумдун маанилүү  бөлүгү»

MegaCom  компаниясынын пайдубалы түптөлгөндөн тарта үзүрлүү эмгектенип, анын  өнүгүшүнө баалуу салымын кошуп келе жаткан кызматкерлер тууралуу маалымат бере кетүү максатында,  «10 жыл бирге!» корпоративдик  долбоорунун алкагында, алар менен болгон  маектерибизди   байма-бай жарыялап  келүүдөбүз.  Сөзүбүзгө  аралжы,   2016-жылдын 28-апрелинде  уюлдук оператордун уюшулгандыгына 10 жыл толгондугун  белгилей  кетели.      

 “MegaComдогу эмгек жолум  2006-жылы катчы –референт  болуп иштөөдөн башталган”-деп маегин  баштаган Елена Коржова, бүгүнкү күндө  Маалымат технологияларынын операциялык ишмердигин колдоо бөлүмүнүн жетекчиси  кызматын аркалап келет. “Дал ушул багытта мен өзүмдү таба алдым,”- дейт Елена.

Сиз компанияда 10 жылдан бери иштеп келе жатасыз. Эмне үчүн дал ушул компанияда иштөөнү чечтиңиз?  

MegaCom – бул турмушумдун маанилүү бөлүгү,  жакын адамдарым, кесиптик жактан да, турмуштук  жактан да топтогон мол тажрыйбам. Өзүңдүн пайда келтирип жатканыңды  сезүү кандай жагымдуу. Компания тынымсыз өнүгүү жолунда, аны менен катар мен дагы ушул жолду тандап алгам. Жумуш ордуңду тандоодо ички чөйрө өзгөчө мааниге ээ эмеспи, ал эми бул жерде болсо  ар бир кызматкер үчүн ыңгайлуу шарттар, жагымдуу жагдай түзүлгөн. Ынтымактуу жамаатта эмгектенүү кандай сонун, жумушка күн сайын ырахаттануу менен келем!

MegaComдо иштөө менен Сиз эмнелерге  жетише алдыңыз?

Биринчи кезекте, күн сайын чогуу бир жүктү аркалап келе жаткан, бир туугандай болуп калган жаңы досторум. Жана да, албетте, кесиптик тажрыйба топтодум, кыйынчылыктан жол таба билүүгө үйрөндүм, жашоомдо да көп нерсеге жетиштим.

Сиздин иш күнүңүз эмнеден башталат?

Биздин бөлүмдү чакан үй-бүлөгө салыштырсам болчудай. Эртең  менен , сөзсүз түрдө, кесиптештерибиз менен бирге күн тартибине коюлган  суроолорду тактайбыз,ар кимибиз өзүбүзгө тагылган милдеттерди так аткарабыз. Убакыт боло калганда купуя сырларыбызды бөлүшөбүз. Эртеңки күндүн пландарын талкуулоо менен иш күнү жыйынтыкталат.Үйлөрүбүзгө кайтаарда  өзүнө сак болууну, жакшы эс алып келүүнү каалап коштошобуз. Эмгек өргүүсүндө болгон кезде, жамаатташтарымды сагынам.

Эгерде Сизде уюлдук оператордун каалаган башка бөлүмүндө/департаментинде убактылуу иштөө мүмкүнчүлүгү жаралса, кайсы бөлүмдө өз күчүңүздү сынап көрөт элеңиз? Эмне үчүн? 

Ушул убакыттын ичинде башка бөлүмдөрдө иштөөгө да жетиштим. Азыркы аткарып жаткан жумушумдан  гана өзүмдү таба алдым деп ойлойм.Иш тажрыйбам, иш билги сапаттарым жана  дал ушул бөлүмдө эмгектенүү аркылуу компанияга көбүрөөк пайда келтире алдым окшойт.

Компанияга жаңыдан жумушка орношуп жаткан кесиптештериңизге бере турган кеп-кеңешиңиз?

Байланыш операторунун  босогосун  жаңыдан  гана аттаган кесиптештериме  “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң “ демекчи, чыдамкайлык менен ган көздөгөнүңө жете аласың деген кеңешимди бермекчимин.

Компанияны үч сөз менен мүнөздөй аласызбы?

Албетте, туруктуулук, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк  жана телекоммуникация чөйрөсүндөгү тажрыйбалуу оюнчу.

MegaComго кандай каалоолоруңузду жолдойт элеңиз?

Сүйүктүү компанияма тынымсыз өнүгүүнү, мындан да кубаттуу боло берүүсүн,  абоненттерине  жагымдуу эмоцияларды гана тартуулап туруусун жана дагы  көптөгөн жылдар бою байланыш кызматтарын көрсөтө берүүсүн каалайм.