Перейти на новый сайт


Бакай Сарымсаков: «MegaComдо Мен инсан катары өстүм»

Күзөтчүлүк кесиби – аябагандай психо-физикалык чыңалууга байланыштуу эң кооптуулардын бири. Күзөтчүнүн эң негизги сапаты – бул укукбузуучуну жеңүүдө эмес, болот турган кооптуу абалдын алдын алуу жана андан тез арылуу экендигин, аз адамдарга белгилүү экени анык. Күзөтчүнүн жумушу – бул тартип, жоопкерчилик жана коопсуздук деген сөздүн маанисин так түшүнүүнү талап кылган кызмат. Өз жумушуна  көңүл койгон жана чынында жумуш үчүн күйгөн күзөтчү кесипчиликтин туу чокусуна жетет. Бакай Сарымсаков 2006-жылдан бери MegaCom компаниясынын кардарларынын жана көп сандагы кызматкерлеринин тынчтыгын жана бейпилдик маанайда эмгектенүүсүн камсыздоо үчүн күзөт жана режим бөлүмүндө эмгектенип келет.

MegaComдо карьераңыз эмнеден башталды?    

Июнь айынын башы болчу. Мен Илбирс имаратынын жанынан өтүп баратып, жумуш орундары тууралуу жаңыдан жазылган жарыялар тактайына көңүл бурсам. Имараттан чыгып келе жаткан жигиттер жаңыдан түзүлгөн компанияга күзөт бөлүмүнө кызматкерлерди алып жаткандыгы туура мага айтып калышты.  Компанияга таржымалымды алып келдим, Мени жумушка кабыл алышты, андан соң бир нече жумалык сынак мөөнөтүн өткөндөн кийин мен режим жана күзөт бөлүмүнүн кызматкери болуп калдым.

Жумуш күнүңүз эмнеден башталып эмне менен аяктайт?

Күзөт бөлүмүндөгү жумуш компаниянын башка бөлүмүнүн адистеринин аткарган жумушунан айырмаланат. Биз дем алыш, майрам күндөрүнө жана өлкөбүздөгү саясый кырдаалга карабастан күнү-түнү өз ишибизди аткарып келебиз. Бизде өзгөчө жумуш тартиби жана иштөө шартынын  өзгөчөлүгү бар. Кароолду алмаштырууда, мага чейин иштеген кызматкер учурдагы жагдай тууралуу баяндама берет. Мен дагы жумуш күнүм аяктаганда кароолду ушинтип өткөрүп берем.

Сиздин жумушуңузда баардыгынан оор бул эмне?

Күзөт жана режим бөлүмүндө иштөө – бул биринчи кезекте тартипти жана компаниянын коопсуздугун сактоо жоопкерчилиги. Биз күн сайын адистердин коопсуз жана ыңгайлуу шартта иштешин камсыз кылып келебиз. Мен иштеген убакыт ичинде, өлкөбүздөгү башаламандыкты жана ыңклапты башыбыздан кечирдик, бирок биздин кеңсенин кызматкерлери мындай тынчсыздыкка бөлөнгөн күндөрдү өз башынан кечирбеши үчүн баардык аракеттерди көрдүк.    

Жумушта эң жагымдуу бул эмне?

Негизинен жумушумду биримдиктүү жамаат үчүн жакшы көрөм, биздин бөлүмдө 40ка чукул адам эмгектенип келет. Биздин жамаат абдан биримдиктүү, күтпөгөн жагдай түзүлгөндө биз бири-бирибизге жардам беребиз. Ошондой эле өзүбүздү мыкты формада кармоо үчүн биз чоогу машыгабыз. Азыркы учурда самбо менен машыгып келебиз.

Компанияда 10 жыл эмгектенүүңүз сизге эмне алып келди?

Мен MegaComдо иштеп кесипкөй жана инсан катары өстүм. Менин жумушум менден дыкаттыкты, ыкластуулукту жана сергектикти талап кылат. Албетте бул сапаттар мага жумуштан тышкары, жакындарыма жана үй-бүлөөмө ишенимдүү тирек болууга жардам берет.     

Сиз үчүн MegaCom бул эмне?

MegaCom менин жашоомдо чоң мааниге. MegaCom – бул, мен чыныгы досторду тапкан жер.  

MegaComдун 10 жылдыгына карата сиздин каалооңуз

Компаниябыз эч кандай кыйынчылыктарга карабастан өсүп, өнүгүүсүн каалайм.