«MEGOGO кинозалы»

Интернет трафик үчүн төлөмсүз миңдеген тасмаларды онлайн көрүңүз

MEGOGO кинозалына акысыз трафик менен 2 сааттык жетки

20.0 сом.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Көңүл бургула, бул архивдеги опция

 

Жеке кинозал өз мобилдик телефонуңузда

MEGOGO.NET – кино дүйнөсүндөгү жаңы тасмаларды, телесериалдарды, телеберүүлөрдү, мультфилмдерди жана музыкалык клиптерди көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулаган Кыргызстандагы бирден-бир легалдуу онлайн-кинотеатр.

«MEGOGO кинозалы» интернет-топтомун кошууда, сиз, Megogo.net жана Megogo.kg сайттарынын акысыз видеоконтентине 2 сааттык тарифтелбеген (акысыз) жетки ала аласыз.

MEGOGO видео-ресурсу менен www.megogo.net дареги боюнча таанышууга болот.
Сайттын кыргызча баракчасы www.megogo.kg дареги боюнча жайгаштырылган.

Мындан тышкары, iPad жана iPhone, Windows Phone жана Android телефондору жана планшеттери үчүн колдонмолор жеткиликтүү. MegaCom USB-модеми аркылуу персоналдык компьютерлерден жана ноутбуктардан, Smart TV функциясын колдогон сыналгылардан телеберүүлөрдү көрүүгө болот.

Android үчүн Google Play-ден жана iOS үчүн App Store-дон колдонмолорду жүктөп алууга болот.

Угуусу чектелген жарандар «Карасаң, кандай угулуп жатат!» бөлүмүнөн субтитрлер жана сурдокотормо менен коштолгон фильмдерди жана мультфильмдерди көрө алышат.

Акция алкагында 

20.0
сом.

  • USSD-буйруу

    Кошуу

    *350*1#

    Мүнөттөрдүн калдыгын жана интернет-топтомдун абалын текшерүү

    *350#
  • SMS-буйруу

    Кошуу

    SMS «1» 350 номуруна

    Мүнөттөрдүн калдыгын жана интернет-топтомдун абалын текшерүү

    SMS «бош» 50 номуруна

Интернет-топтом алкагындагы акысыз интернет-трафик Android, iOS, Windows Phone, SmartTV үчүн MEGOGO колдонмосу аркылуу жана MEGOGO.NET, MEGOGO.KG сайттарынан видеолорду көрүү үчүн каралган. Башка сайттарга/ресурстарга кирүүдө нөлдүк тарифтөө аракетте болбойт.

«MEGOGO кинозалы» топтому 2 саат убакыт ичинде үзгүлтүксүз аракетте болот. Эгерде Megogo сервери менен байланыш үзүлүп сессия токтотулса, убакыт эсептегич токтотулбайт.

Бир эле убакытта эки же андан ашык «MEGOGO кинозалы» топтомдорун активдештирүүгө мүмкүн эмес. Аракеттеги топтомдун колдонуу мөөнөтү аяктаган соң гана жаңы «MEGOGO кинозалы» топтомун активдештирүүгө болот.

Абоненттен топтомду кошуу үчүн төлөм алынган учурда да, абонент нөлдүк же терс баланс абалында топтомдон пайдалана албайт.

Opera Mini браузерин пайдаланууда трафик өз алдынча эсептелгендиктен, «MEGOGO кинозалы» топтомун пайдаланууда Opera Mini браузерин колдонуу сунушталбайт.

Кинотасмаларды жогорку ылдамдыктагы интернет аркылуу жана сапаттуу көрүү үчүн 4G/3G байланышы каптаган аймакта болуу жана видеоконтентти көрүүдө Сиздин мобилдик түзмөктүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу сунушталат.

«MEGOGO кинозалы» интернет-топтому роумингде жеткиликтүү эмес.

КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «Куткаруучу тегерек»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы