«Opera Mini менен Чексиз Интернет»

Сүйүктүү мобилдик браузериңиз эми каалаган учурда жеткиликтүү

Мобилдик браузер Opera Mini аркылуу Интернетке жетки чектөөсүз трафикте

5.0 сом/суткасына.
  • Сүрөттөлүшү
  • Наркы жана тарифтөөсү
  • Башкаруу буйруулары
  • Эрежелер жана чектөөлөр

Көңүл бургула, бул архивдеги опция

 

«Opera Mini» браузерине эң ыңгайлуу баада чектөөсуз колдонуу мүмкүнчүлүгүн алыңыз

«Opera Mini менен Чексиз Интернет» - бул трафик чектөөсүз, Opera Mini мобилдик браузеринен пайдаланып, күнүмдүк 5 сом өлчөмүндөгү абоненттик төлөмү аркылуу, веб-баракчаларды көрүү, интернеттен маалымат издөө, социалдык тармактарда жана форумдарда баарлашуу жана электрондук почтаны текшерүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн ыңгайлуу опция.

Опциядан пайдалануу үчүн AppStore (iOS үчүн), Play Market (Android үчүн) онлайн дүкөндөрүнөн же http://m.opera.com шилтемесинен (башка OS үчүн) Opera Mini браузерин мобилдик түзмөккө жүктөп алуу зарыл.

 

Алгачкы кошулуу акысыз

0.0
сом.

Кайрадан кошулуу 

15.0
сом.

Күнүмдүк абоненттик төлөм

5.0
сом.

Абалын текшерүү

0.0
сом.

Өчүрүү

0.0
.

  • USSD-буйруу

    Кошуу

    *750*1#

    Абалын текшерүү

    *750*2#

    Опция тууралуу маалымат

    *750#

    Өчүрүү

    *750*0#
  • SMS-буйруу

    Кошуу

    SMS «1» 750 номуруна

    Абалын текшерүү

    SMS «2» 750 номуруна

    Опция тууралуу маалымат

    SMS «боштукту камтыган же бош билдирүү» 750 номуруна

    Өчүрүү

    SMS «0» 750 номуруна

Интернеттеги файлдарды жүктөө, видеолорду көрүү жана аудиолорду угуу трафиги, Сиздин жеке эсебиңизде аракетте болгон тарифтик пландын, тарифтик опциянын, интернет-топтомдордун же бонустук интернет-топтомдордун шарттары боюнча тарифтелет.

Алдын ала төлөө системасы боюнча тейленүүчү абоненттер үчүн опцияны активдештирүү маалындагы баланс эң аз дегенде 25 сом болушу зарыл.

«Opera Mini менен Чексиз Интернет» тарифтик опциясынын өзгөчөлүгү

  1. «Opera Mini менен Чексиз Интернет» тарифтик опциясы аракетте болгон учурда, Opera Mini браузеринен тышкары башка колдонмолордон келип чыккан трафик, Сиздин номурда кошулган тарифтик пландын, тарифтик опциянын, интернет-топтомдордун же бонустук интернет-топтомдордун шарттары боюнча тарифтелет;
  2. Абоненттик төлөм күнүгө түнкү саат 01:00дөн эртең мененки 06:00гө чейинки убакыт аралыгында эсептен алынат;
  3. Баланста каражат жетишпеген учурда, тарифтик опциянын аракети убактылуу токтотулат жана балансты толуктагандан кийин кайрадан иштей баштайт;
  4. Тарифтик опциядан роумингде пайдалануу жеткиликтүү эмес, бирок абоненттик төлөм баланстан алына берет (чет өлкөгө роумингке жөнөгөн учурда опцияны өчүрүү сунушталат).

Тарифтөөнүн аталган шарттарын ишке киргизүүдө, тарифтик опцияны кошкондон кийин, аракеттеги интернет-сессияны токтотуп жаңысын баштоо үчүн телефон аппаратыңызды өчүрүп-жандырууңуз зарыл. Болбосо, аракеттеги сессия үчүн мурдагы тарифтөө сакталып калат. Тиешелүү тарифтөөнү камсыздоо үчүн 60 секунда (1 мүн.) өткөндөн соң тарифтик опциядан пайдалана баштоону суранабыз.

Бардык баалар КНСти жана СТСти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.


Сунушталган кызматтар

  • «Лоялдуу номур»

    кызматы

  • «Кара тизме»

    кызматы

  • Mega iTV

    кызматы

  • «MegaCom 4G USB модеми»

    кызматы