MegaCom компаниясынын расмий Сайты жана Жеке кабинети менен пайдалануунун шарттары

 

Абонент, MegaCom компаниясынын расмий Сайты жана Жеке кабинети аркылуу, абоненттик номурунда кошулган кызматтарынын тизмегин жана көлөмүн (анын ичинде тарифтик план, тарифтик опциялар, топтомдор, кошумча кызматтар) өзгөртүп, жеке (аракеттеги баланс, эсептөөлөр,төлөмдөр жана башкалар) жана байланыш кызматтары тууралуу маалымат ала алат.

MegaCom компаниясынын расмий Сайты жана Жеке кабинети аркылуу кошулган жана өзгөртүлгөн байланыш кызматтарынан колдонуусу, байланыш кызматтарынын тарифтери жана шарттары менен макулдугун, жана да аталган кызматтардан кошууга жана пайдалангандыгы үчүн акы төлөөгө макул экендигин билдирет.

Абонент MegaCom компаниясынын расмий Сайтына жана Жеке кабинетине кирүү үчүн алынган жана киргизилген  жашырын сөздүн сакталышы, мындан тышкары MegaCom компаниясынын расмий Сайтына  жана Жеке кабинетине катталгандан кийинки MegaCom компаниясынын расмий Сайты жана Жеке кабинети аркылуу аткарылган бардык аракеттери жана Оператордун дарегине жолдонгон бардык кайрылуулары үчүн жооптуу.