Перейти на новый сайт
Азия оюндарынын алтын, күмүш, коло медалдары MegaCom менен бирдикте багындырылды

 

Азия оюндарынын алтын, күмүш, коло медалдары MegaCom менен бирдикте багындырылды

Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча курама командасы ноябрь айында кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн XVI Азия оюндарына ийгиликтүү катышып келди. Спортчулардын таймаштарга даярдануусуна демөөрчүлүк жардамды MegaCom уюлдук компаниясы көрсөткөн. Оюндардын жыйынтыгы боюнча грек-рим күрөшчүлөрү Данияр Көбөнов алтын медалга, Каныбек Жолчубеков – күмүш, Жанарбек Кенжеев – коло медалдарды алууга жетишти.

– 2010-жылы Кыргызстандын грек-рим стилиндеги күрөшүүчүлөр ар кандай деңгээлдеги оюндарда 25тен ашык медалдарды утуп келишти.  Данияр Көбөновдун алтын медалы – биздин күрөшүүчүлөрдүн Азия оюндарында жетишкен  эң биринчиси. Ошондой эле Данияр өңдүү Каныбек Жолчубеков да келечекке көптү үмүттөндүргөн спортчу. Ал жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон. Быйыл гана жаштардын командасынан улуулардын командасына өтүп, дароо Гуанчжоудогу Азия оюндарында күмүш медалга ээ болду, – деп команданын жетишкендиктери туурасында Кыргызстандын грек-рим күрөшү федерациясынын президенти Арзыбек Кожошев айтып берди. – Бизге даярданууга жардам берген MegaСom компаниясына өзүнчө ыраазычылык билдиребиз. Бүгүнкү күндө биздин негизги максатыбыз –  Лондондо өтүүчү Олимпиада. Биз эми жогорку деңгээлдеги медалдарга күрөшөбүз, - деп сөзүн жыйынтыктады Арзыбек Кожошев. 
Бардыгы болуп XVI Азия оюндарына 45 азия өлкөлөрүнүн келген 10 миңден ашык спорт чебери катышты, таймаштар спорттун 42 түрү боюнча өткөрүлдү. Кытайда өткөн Азия оюндарында Кыргызстан 5 медалга татып,  жалпы улуттук командалардын арасында 25-орунду ээледи.

 

 

Сунушталган кызматтар

  • SMS-жөнөтмөдөн баш тартуу

    кызматы

  • «Engster тил үйрөтүү курстары»

    кызматы

  • Алдын ала төлөө картасынын статусун текшерүү

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы