Перейти на новый сайт
MegaCom Эл аралык Ишкер Кеңешинин башкармалыгына кирди

 

MegaCom Эл аралык Ишкер Кеңешинин башкармалыгына кирди

MegaCom компаниясынын башкаруу тажрыйбасы жана ийгиликтүү иш алып баруусу Кыргызстандын бизнес-чөйрөсү тарабынан бааланды. Кыргызстандын уюлдук байланыш рыногунун лидери Эл аралык Ишкер Кеңешинин башкармалыгынын мүчөлүгүнө киргизилди.


Эл аралык Ишкер Кеңеши– 2000-жылы түзүлгөн бизнес-ассоциация. Ал экономиканын бардык секторлорунун өкүлдөрүн камтыган 140 ашык компаниянын башын бириктирип турат.  Кеңештин башкармалыгына 11 компаниянын башчылары кирет, алар  кеңештин мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн жүрүшүндө тандалып алынат. Ишкер кеңештин башкармалыгынын иштиктүү курамына MegaCom компаниясынын башкы директору менен катар «Кентор Голд», «Реемтсма Кыргызстан», «Лоренц», «Кумтор Оперейтинг Компани», «KICB», «Небесные горы», «Газпром Нефть Азия», «KPMG» компанияларынын жетекчилери жана 2 байкоочу-мүчөлөр: Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин башчысынын орун басары жана Реконструкция жана өнүгүү европалык банкыынн Бишкек Кеңсенин башчысы кирген.


- MegaCom компаниясы Эл аралык ишкер кеңешинин курамына 2008-жылдан бери мүчө. Кеңештин миссиясы – Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү. Биздин максаттар жана милдеттерибиз жакын. Ошондуктан биз кеңештин башкармалыгынын курамында натыйжалуу ишкердикке белсенүүдөбүз, – деп өзүнүн коомдук кызматы туурасында компаниянын башкы директору Андрей Силич айтып берди.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Видеочалуу»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы

  • Киоск

    кызматы

  • MegaCloud булутта сактагычы

    кызматы