Перейти на новый сайт
MegaCom жалалабаддыктарга жакындады

 

MegaCom жалалабаддыктарга жакындады

Жакында Жалал-Абад шаарында кыргыз-россиялык MegaCom уюлдук компаниясынын филиалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ушул саамалыкка карата компания адаттагыдай эле шаар жашоочуларына эстен кеткиссюрприздерди тартуулады.

MegaCom компаниясынын майрамдык жасалгаланган тейлөө борбору өз эшигинин алдына Жалал-Абад шаарынын бир нече жүздөгөн жашоочуларын топтой алды.  Салтанатка карата күзгү аба-ырайы да белек тартуулады - өткөн күнү нөшөрлөгөн жамгыр күнөстүү аба-ырайга алмашып, шаар жашоочуларына жана меймандарына мыкты маанай тартуулады. MegaCom компаниясынын аймактык өкүлчүлүгүнүн салтанаттуу ачылышына келгендердин бардыгын сувенирлер жана акысыз мүнөттөр топтомдору  күтүп турду.

Жаңы кеңсенин ачылышында башкы директордун орун басары Жылдыз Караталова: «MegaCom – кыргыз-россиялык компания узак мөөнөткө иш алып барууга келди. Биз филиалдарыбыздын тармагын бизнес жасаш үчүн гана эмес, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн да кеңейтүүдөбүз. Биздин принципиалдуу чечим – областтарга максаттуу көмөк көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджетке салык төлөө», -  деп белгиледи. MegaCom компаниясынын башкы директорунун биринчи орун басары Азат Базаркулов өз сөзүндө: «Бул борбордо сиздердин жердештериңер – жаш, келечекке көптү үмүттөндүргөн жалалабаддыктар иштешет. Акырындык менен биздин филиал кеңейтилет, ошону менен катар эле жумушчу орундарды көбөйөт жана элдин жашоо шартын жакшыртат».

Ачылыш аземине катышып жаткан Жалал-Абад шаарынын мэри Максатбек Жээнбеков компаниянын өкүлдөрүнө сапаттуу байланыш, региондун өнүгүшүнө колдоо көрсөткөндүгү жана социалдык долбоорлорду колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошол эле күнү кечинде MegaCom  компаниясынын мыкты салттарынын бири болгон көрктүү концерттик программа өткөрүлдү. Ага кыргыз эстрада жылдыздары: Мирбек Атабеков, Мирбек Иманбеков, Омар, Нэна, Урмат Усенов, Бекчоро, Султан Садыралиев, Кундуз жана башкалар катышышты. Төрт саатка созулган концерттик марафонго областтын жыйырма миңден ашык жашоочулары катышышты, айрымдары алыскы айылдардан үй-бүлөлөрү менен келишкен. Борбордук стадионго топтолгон аудитория өз сүйүктүү артисттерин жылуу тосуп алышты. Ал эми эстрада жылдыздары өз программаларын   жогорку деңгээлде тартуулашты. Концерттин финалдык аккордунда майрамдык салют атылып, шаар жашоосунда жаңы – MegaCom компаниясы менен биргеликтеги баскычына жар салды.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «4G Wi-Fi Wingle MegaCom»

  • Услуга

    «Роуминг на морских судах»

  • Услуга

    «Ищу тебя»

  • Услуга

    «Родительский контроль»