Перейти на новый сайт

MegaCom жаш спортчуларды сыйлады

 

MegaCom жаш спортчуларды сыйлады

Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында бокс боюнча биринчилик аягына чыкты. Өз салмак категорияларында биринчи орундарды алышкан жаш спортчулар курама команданы түзүшөт жана алар 2011-жылдын жай айларында Казахстанда өтө турган өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын коргошот. MegaCom компаниясы таймаштардын башкы демөөрчүсү болду.

Финалдык беттештер жана боксчуларды сыйлоо аземи Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлдү. Бокс боюнча Улуттук федерациянын президенти Абдибакыт Халмурзаев белгилегендей, бокс Кыргызстанда келечектүү спорт түрүнө кирет: «Боксту жогорку деңгээлден мындан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттин гана эмес, бардык кызыкчылыгы болгон тараптардын колдоосу керек. MegaCom компаниясы аталган иш-чараны уюштурууга колдоо көрсөткөндүгү кубантат. Бизнестин ири өкүлү менен Бокс боюнча Улуттук федерациянын кызматташтыгы ийгиликтүү болот деген ишенич зор».

Республикалык биринчиликке 15-16 жаштагы, өлкөнүн ар аймагынан келишкен эки жүздөн ашык спортчу катышты. Өз салмак категориялары боюнча 15жеңүүчү Дүйнө чемпионатына жолдомо алышты.

– Биз MegaCom компаниясынын колдоосу алдында жаш боксчулар үчүн спортто жаңы аймактарды ачып берип жаткандыгыбызга кубанабыз, – деп белгиледи сыйлык тапшыруу аземи учурунда MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Азат Базаркулов. – Сиздерге ийгилик жана чоң жетишкендиктерди каалайбыз!

MegaCom компаниясы 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча эң мыкты спорт меценаты болгондугун белгилөө менен салттуу негизде Кыргыз Республикасынын Бокс боюнча Улуттук федерацияны колдоого алып келет. Алсак, май айында уюлдук компаниянын колдоосу алдында аялдар курама командасы Азия чемпионатына биринчи жолу катышуу мүмкүнчүлүгүн алган, ал эми сентябрь айында Гуанчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына катышууга даярдык көрө баштаган.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Чёрный список»

  • Услуга

    «Оповещение о низком балансе»

  • Услуга

    «Голосовая почта»

  • Услуга

    Онлайн-кинотеатр more.tv