Перейти на новый сайт
MegaCom Баткен шаарында аймактык өкүлчүлүгүн ачты

 

MegaCom Баткен шаарында аймактык өкүлчүлүгүн ачты

Кыргыз-россия MegaCom компаниясы аймактарда тейлөө тармактарын кеңейтүүдө. Аймактык кеңсенин салтанаттуу ачылышы 2-ноябрда болуп, ошол эле күнү кечинде уюлдук оператор Баткендин жашоочуларына МЕГАконцерт уюштурду.

MegaCom компаниясынын өкүлчүлүгүнүн ачылышы Баткен үчүн маанилүү окуя болду. Кызыл лентаны кесип жатып, шаардын мэри Аширбай Раимкулов MegaCom шаар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкандыгын белгиледи: «Компания жумуш орундарын түздү, шаардын жашоочулары үчүн байланыштын мыкты сапатын ачып берди. Биз силер менен кызматташып жаткандыгыбызга кубанычтабыз». Өз кезегинде MegaCom компаниясынын директорунун орун басары Александр Бороздин компания регионго бизнес үчүн гана эмес, тигил же бул областтын элинин жашоосунун жакшырышына салым кошуу үчүн да келип жаткандыгын белгиледи.

MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Жылдыз Караталованын айтуусунда, компания абоненттерди тейлөө сапатына өзгөчө басым жасайт: «Биздин баткендик кызматкерлер катуу сынактан жана жогорку кесипкөй даярдыктан өтүштү. Ошондуктан ар бир областта MegaCom компаниясынын өкүлчүлүгү тейлөө сапатынын эталонуна айланууда».

Өз ишинин алгачкы күнүндө Баткендеги  тейлөө борборго  миңден ашуун шаар тургундары  жана меймандары кайрылышкан. Алар компания менен тейлөө келишимин түзүү, SIM-картты сатып алуу же алмаштыруу, комиссия төлөөсүз балансын толуктоо, зарыл болгон орнотууларды алуу жана компаниянын квалификациялуу кызматкерлеринин консультацияларын алуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бардык абоненттерди сюрпириздер - эстелик сувенир продукциялары,  акысыз мүнөттөр жана SMS топтомдору күтүп турду.

Кечинде шаардын борбордук стадионунда көркөмдүү МЕГАконцерт болуп өттү. Ага Мирбек Атабеков, Омар, Мирбек Иманбеков, Нэля, Султан Садыралиев өңдүү кыргыз эстрада жылдыздары  жана бий топтору катышып, 5 000 ден ашуун көрүүчүнүн көңүлүн алды.

MegaCom компаниясы – Кыргызстандагы эң ири уюлдук байланыш оператору, өлкөнүн аймагынын 90 пайыз калкын байланыш мененкамсыз кылат. Күн сайын 2 000 адам өз тандоосун компаниянын пайдасына берет, компаниянын абоненттик базасы 2 миллион адамдан ашыкты түзөт. MegaCom – базалык станциялар жана роуминг-өнөктөштөрдүн саны боюнча лидер.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    Услуга «Живой Баланс»

  • Услуга

    Нумеролог

  • Услуга

    «4 языка»

  • Услуга

    "Определитель номера"