Перейти на новый сайт
Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында бокс боюнча биринчилик өтөт

 

Бишкек шаарында өспүрүмдөр арасында бокс боюнча биринчилик өтөт

Таймаштардын жыйынтыгында 2011-жылы бокс боюнча Дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргой турган команда түзүлөт. Спорттук иш чараны MegaCom компаниясынын колдоосу алдында Бокс боюнча Улуттук федерация өткөрүүдө.

Өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин К. Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өткөрүлөт. Ага өлкөнүн ар аймагынан келген эки жүздөн ашык жаш спортчулардын катышуусу күтүлүүдө. Иш чараны уюштуруучулардын бири Данияр Жусубалиевдин айтуусуна караганда, турнирдин жеңүүчүлөрү өлкө намысын Казахстанда өтө турган бокс боюнча Дүйнө чемпионатында коргой турган команданы курашат.

– Бул биринчилик жаз айларында эле өтүшү керек эле, – деп ой бөлүштү Данияр Жусубалиев, – бирок бардыгыбызга белгилүү окуялардан кийин өткөрүү мөөнөтү кийинкиге калтырылган. Атаандаштарыбыздын командаларынын курамы мурда эле түптөлгөн, алар учурда чемпионатка даярданып жатышат. Ал эми биз турнирди өткөрүүгө каражатты көпкө издеп калдык. MegaСom компаниясынын колдоосу алдында бир аптадан кийин жеңүүчүлөр тандалып, алар активдүү машыгууга киришишет.

 

Сунушталган кызматтар

  • «Чакыруунун дарегин жаңыртуу»

    кызматы

  • «Роумингде шартсыз каттоо»

    кызматы

  • «MegaCom 4G Wi-Fi роутери»

    кызматы

  • «Сенин номуруң» жана «Номурду брондоо»

    кызматы