Перейти на новый сайт

Балдарга кубаныч тартуулайлы!

 

Балдарга кубаныч тартуулайлы!

MegaCom компаниясынын колдоосу алдында Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым Ай Улуттук коомунун кайрымдуулук акциясы башталды, анын максаты - өлкөнүн муктаж болгон балдарына жаңы жылдык белекке каражат топтоо.

Уюштуруучулар белгилегендей,  “Балдарга кубаныч тартуулайлы!” акциясынын алкагында 29 октябрдан тартып 15-декабрга чейин муктаж балдардын проблемаларына көңүл бурууга чакырган бир катар кайрымдуулук иш-чаралары өтөт.

MegaCom компаниясынын абоненттери да акцияга катыша алышат. Бул үчүн 4383 кыска номерине SMS-билдирүүнү жөнөтүү керек. Ар бир билдирүү жөнөтүлгөн учурда атайы эсепке 5 сом которулат.

Бул кайрымдуулук марафону он эки жыл бою өткөрүлүп келүүдө, ушул убакыт аралыгында акциялардын жыйынтыгында 30 миңден ашык балага жардам берилген. «Эң негизгиси – бардыгыбыз балдардын жан дүйнөсүн жалгыздыктан, таш боордуктан жана кайрымдуулуктун жоктугунан арылтуубуз керек», - деп ой бөлүштү Кызыл Жарым ай коомунун өкүлү.

Социалдык жоопкерчилик саясатынын алкагында, Кыргызстандын эң ири уюлдук оператору калктын начар камсыз болгон катмарына колдоо көрсөтүүгө олуттуу салымын кошуп келет. Компаниянын кайрымдуулук көзөмөлү алдында  үй-бүлөө түрүндөгү «Нурмээайса» балдар үйү жана бир катар коомдук бирикмелер турат, алар: «Полктоштор», Ленинград блокадниктеринин кыргыз коому, «Кайрымдуу күчтөр бирлиги (Союз добрых сил)», ОЗИВ, «Кыргыз Республикасынын ардагерлери жана майыптары». Компания туруктуу негизде жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын колдоого алып, билим берүү, маданият, ден соолук жана спорт тармагына демөөрчүлүк кылып келет.

 

Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    «Запрет переадресации вызовов»

  • Услуга

    «Запрет звонков и SMS»

  • Услуга

    "Определитель номера"

  • Услуга

    «Ты где?»