Перейти на новый сайт

«Вихрь» Евразия чемпиону болду


«Вихрь» Евразия чемпиону болду

“Вихрь” деген лакап аты менен белгилүү  Алексей Федосеев WBKF  кикбоксинги боюнча -2010-жылдын Евразиячемпионуболду.

Чемпиондук наам үчүн өжөрлүү таймаш Россиянын Благовещенск шаарында 16-октябрда болуп өттү. Кыргызстандан Алексей Федосеев Евразия-2009 чемпиону наамын алып жүргөн Анатолий Потиенко менен беттешти.  Алексейдин сөзү боюнча, ага  өз күчүнө ишенүү жана даярдык  жеңишке жетишүүгө  жардам берди: “Потиенко белгилүү спортчу. Ал өзү Благовещенск шаарынан, демек өз үйүндө таймашканы ага чоң жардам берди. Өз жеринде спорт чеберин нокаутка жөнөтүү үчүн чоң психологиялык даярдык жана беттешүүнү жүргүзүүнүн мыкты техникасы зарыл. Мен көп машыгып,   өз күчүмө ишенгендигим үчүн жеңишке жетиштим”.

Алексей болгону 23 жашта.  Жаштыгына карабастан, –– ал 2005-жылы Азия чемпиону, 2008-жылы Европа чемпиону болгон. Насаатчылары ал тууралуу “келечеги кең спорт чебери” деп айтышат. Ал эми чемпион өзү  анын ийгилигине MegaComдун олуттуу салымы бар деп белгилейт: «Компания мага атайы даярдыктан өтүүгө жана  эл аралык таймаштарга чыгууга, ар дайым техникамды күчтөп турууга жардам берет. Жумушум менен машыгууларды айкалыштыруу аркылуу менен өнүгүп, алдыга умтулуп жаткандыгымды сезип турам. Өз компанияма терең ыраазычылыгымды билдирем!». 10-ноябрда Алексей Гуанчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына катышмакчы. Жаш спорт чебери Кыргызстанга жеңиш менен кайта тургандыгына ишенет.
 
MegaCom бир катар жылдардан бери : бокс, бильярд спорту, күрөш жана дзюдо спорт федерацияларынын расмий демөөрчүсү болуп келет. Туруктуу негизде компания  волейболисттерди, теннисисттерди, футболчуларды, күрөшчүлөрдү колдоого алып, жаш спорт чеберлеринин чоң спортко киришүүсүнө жана эл аралык таймаштарга чыгуусуна жардам берип келет. Спорт  компаниянын демөөрчүлүк жараянынын негизги багыттарына кирет. MegaCom компаниясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттиги тарабынан “Жылдын меценаты – 2009” наамына татыктуу болгон.


Рекомендуемые услуги

  • Услуга

    MEGOGO

  • Услуга

    «Второе дыхание»

  • Услуга

    eSIM

  • Услуга

    "Определитель номера"