Перейти на новый сайт

Нарында MegaCom компаниясынын кызматкерлеринин колдоосу менен “Кыргыз шырдагы” фестивалы өттү


Нарында MegaCom компаниясынын кызматкерлеринин колдоосу менен “Кыргыз шырдагы” фестивалы өттү

Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн уюлдук компаниянын Нарын аймактык өкүлчүлүгү шаар башчысынын колунан ыраазычылык кат алышты.

Кийизден жасалган кооз буюмдар Кыргызстандын визиттик карточкасына айланды. Улуттук килемдерди өлкө боюнча жасалып келгенинен карабастан, Нарын областында гана аларды даярдоонун байыркы купуя сырлары сакталып калган деп белгилешет адистер.   Алгачкы этнографиялык “Кыргыз шырдагы” деген аталыштагы фестиваль да  Нарында өткөнү бекеринен эместир.

Ошентип, искусствонун салттуу түрүн сактап калуу жана өнүктүрүүгө багытталган иш-чара ондогон чеберлерди топтоду.  Салттуу искусствонун майрамынын алкагында “Кыргыз шырдагы” көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси , тематикалык тегерек стол өткөрүлдү. 

Демилгелүү топ - Нарын шаарынын мэриясы жана Нарын экономикалык өнүгүү борбору  – иш-чараны өткөрүүгө Германия техникалык кызматташуу борбору, Борбор Азия университети жана өлкөнүн бир катар ири компаниялары колдоо көрсөткөнүн белгилешти.  MegaCom компаниясынын Нарын аймактык өкүлчүлүгүнүн салымы уюштуруучулар тарабынан өзгөчө белгиленип,  муниципалитеттин атынан иш-чараны ийгиликтүү колдоого алганы үчүн компаниянын кызматкерлерине ыраазычылык кат  тапшырылды.

Уюштуруучулар фестиваль  катышуучуларынын жана көрүүчүлөрдүн санын  көбөйтүп, аны жыл сайын өтүүчү жалпы улуттук салтанатка айлантууга ниеттенүүдө. Иш-чараны улуттук маданият  жана салттуу кол өнөрчүлүк борбору  Нарын шаарында өзгөрүүсүз өткөрүү ниеттелүүдө.


Сунушталган кызматтар

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы

  • «Роумингде балансымды толукта»

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi

    кызматы

  • «MegaMusic»

    кызматы

    icon