Перейти на новый сайт
MegaCom кайрадан бийиктиктерде


MegaCom кайрадан бийиктиктерде
 
MegaCom компаниясы Чүй областынын Узун-Кыр тоосунда эсеби боюнча 1065- жаңы базасын ачты. Бул окуяны компания чоң майрамга айланта алды.  MegaCom Кыргызстанда базалык станциялардын саны боюнча талашсыз лидер.

Бирок муну менен токтоп калбастан, компания түйүндүн камтуу аймагын кеңейтүүдө.  Узун-Кыр тоосунда да жаңы сайттын ачылышы менен компания абоненттери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө алды.   Анын ачылышын салтанаттуу өткөрүү үчүн компаниянын өкүлдөрү тик учакты ижарага алып, Узун-Кыр тоосуна бет алышты.
 
Жаңы базалык станция жакын жайгашкан Чуңкурчак, Татыр жана Кой-Таш айылдарын камтууга алат. Аталган кыштактардан тышкары станция Аламүдүн капчыгайына кетип жаткан жолду, ошондой эле “12 камин” жана “Жылуу Булактар” эс алуу аймактарын да камтыйт.   Бул алкакта болгону 2500 адам жашаганына карабай,  абоненттердин кызыкчылыктарын эске алган компания  компания чоң чыгымдарга барды.

- Ар бир базалык станциянын ачылышы - биз үчүн майрам. Бул станциянын жардамы менен миңдеген адамдар түйүнгө кошула алышат. Ошондой эле биздин компания өлкөнүн калкын  коопсуз жана туруктуу байланыш менен камсыз кылуу үчүн бардык колдон келген аракеттерди жасай тургандыгын   белгилей кетким келет, - деп  кызыл тилкени кесип жатып, MegaCom компаниясынын башкы директорунун орун басары Александр Бороздин белгиледи.

Уюлдук оператор ачып жаткан ар бир базалык станция милдеттүү сертификациядан өтүп, бардык эл аралык стандарттарга жооп берет.  Ар бир станция экология жана адам ден соолугу үчүн коопсуз экенин  өзгөчө белгилеп кетүүгө болотMegaCom компаниясынын курулушту координациялоо бөлүмүнүн начальниги Равиль Магдеев жабдууну жеткирүү жана орнотуу, ошондой эле комплекске электр энергиясын жеткирүү  оңойго турбагандыгын белгиледи:

- Мындай объекттерди куруу кыйла эмгекти талап кылат, ал эми курулушка даярдык башка объекттерге караганда  татаал, ошондуктан компания биздин абоненттердин каалоолорун орундатуу боюнча бардык күч-аракетин жумшады,
- дейт Равиль Магдеев. – Мындан ары жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары жана туристтер биздин уюлдук компаниянын мобилдүү кызматтарынан толук кандуу пайдалана алышат.

Жакынкы келечекте MegaCom компаниясы өлкөнүн бардык региондорунда дагы 80 базалык станция орнотууну пландаштырууда. Бул калкты кеңири аймакта мындан да сапаттуу байланыш менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.


Сунушталган кызматтар

  • Ким чалды?

    кызматы

  • Автомаалымдоо

    кызматы

  • MegaCom Wi-Fi (КМТУ)

    кызматы

  • more.tv онлайн-кинотеатры!

    кызматы