Перейти на новый сайт

Карыларга көңүл менен кайрымдуулук


Карыларга көңүл менен кайрымдуулук

Бүгүн кары-картаңдар күнүнө карата MegaCom компаниясы ардагерлер үчүн концерттик программа жана салттуу белектери менен  чоң майрам уюштурду.

Шубин атындагы музыкалык мектептин чоң залы. MegaCom компаниясы кайрамагына алган «Полктоштор», «Ленинград блокадачыларынын Кыргыз коому», «Кайрымдуу күчтөр бирлиги (Союз добрых сил)», ОЗИВ, «Кыргыз Республикасынын ардагерлери жана майыптары» коомдорунун мүчөлөрүн жана башка конокторду топтоду,

MegaCom компаниясынын атынан куттуктоо сөзүн ишкананын башкы директорунун орун басары Александр Бороздин сүйлөдү: «Урматтуу биздин ардагерлер, бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Сиздерге ар дайым сый-урмат жана жакшылык каалайбыз. Силер – биздин тарых, биздин кубанычтар жана жетишкен жеңиштин ээсисиңер. . Сиздерге терең  урмат жана сый гана ыроолого даярбыз», – деди ал.

Бир саат аралыгында конокторго Шубин атындагы мектептин окуучулары жана мугалимдери өнөрлөрүн тартуулашты. Алардын арасында белгилүү музыканттар менен катар  жаш таланттар да болду.  Алар жагымдуу чыгармаларды жан дили менен берилип аткарып жатышты. Ал эми финалда “Вальс” кыл квартети  «Мой ласковый и нежный зверь» кино тасмасындагы композицияны аткарганда,  айрым коноктор көзүнө жаш алгандыгы да байкалды. Майрам салтка айлангандай эле белектерди таратуу менен аяктап,  иш-чаранын бардык коноктору үйлөрүнө жеткирилди.
Белгилей кетүү керек, MegaCom компаниясы бардык кары-картаңдарды майрамы менен куттуктап, узак өмүр жана бекем ден соолук каалайт.


Сунушталган кызматтар

  • Номурду аныктагыч

    кызматы

  • Wi-Fi таратуу

    кызматы

  • «Унутулган телефон»

    кызматы

  • Мен чалдым/Мага чалышты

    кызматы